Аллах кайда? — деп суроо уруксатпы

Ааламдардын Роббисине мактоолор болсун, жана Анын Элчиси Мухаммадка анын үй бүлөсүнө жана Сахабаларына жана алардын жолун ээрчигендерге саламдар жана салаваттар болсун!


  БисмиЛлахи рохманир рохим.


Аллах кайда деген суроо боюнча, Пайгамбарыбыз салля Аллаху алейхи уа саллямдын сүннөтүнөн кээ бир далилдер.


Имам Муслим рахматуЛлахи алейхи өзүнүн “Сахих” китебинде Муавия радыяЛллаху анхудан хадис келтирет. Ал айтты: “Менин күң кызым бар эле, менин койлорумду Ухуд жана Аль-Джуванийа, жакта кайтарчу. Бир күнү ал кой кайтарып жүрүп бир дөбөгө чыгып, карышкыр койду көтөрүп кеткенин көрөт. Мен ал окуяга капа болуп, күң кызымды-бетине чаап ийдим. Андан кийин ушул кабар менен, Аллахтын элчисине салля Аллаху алейхи уа саллямга келип айтып бердим. Ал салля Аллаху алейхи уа саллям мен кылган ишти күнөө иш деп баалады. Анда мен Ага айттым: кылган ишим үчүн мен күңдүү азаттыка чыгарам деп. Аллахтын элчиси айтты: мага аны алып кел, — деп. Келгенден кийин ал андан сурады: Аллах кайда? Күң кыз жооп берди: асманда, — деп. Дагы сурады: Мен киммин? Күң кыз жооп берди: Сен Аллахтын элчисисиң, — деп. Анда Аллахтын элчиси мага айтты: Аны азаттыка бошот, анткени бул ыймандуу, — деди.

    Муслим: 537.

Бул хадистен алынган пайдалар:

  • “Аллах кайда” деп суроого уруксат экендиги.
  • Аллах асманда деп жооп берүүгө уруксат экендиги.
  • Мындай жооп берген адамдын ыйманы бар экендиги.

Алгачкы соолих муундар – сахабалар, табииндер жана таба-табаиндер – Аллах кайда деп суроого уруксат экендигинде баардыгы бир пикирде (ижмаъ). 


Алгачкы соолих муундардын Аллах кайда деп айтканга уруксат экендиги тууралуу маалымат


Сахаба Ибн Аббас радыяЛлаху анхума (Аллах экөөнөн тең ыразы болсун) айткан “Аллахтан башка нерселер жөнүндө ой жүгүрткүлө, акыйкатта жетинчи кабат асман менен «Курсинин» арасында жети миң нур бар” (Ибн Кудама “Исбат Улув”: 34-бет; Байхаки ”Асмау уа Сифат”: 420).

Имам Бухари Ибн Аббас радыяЛлаху анхумадан айтат: “Аллах Муса алейхис салям менен сүйлөшүп атканда, Асманда добуш болгон жана Аллах асманда болчу” (“Хальк ‘афаль Ибад”: 53).


Имам Абу Ханифа рахматуЛлахи алейхи: “Ким айтса: Мен билбеймин, Роббим кайсыл жакта экендигин, асмандабы же жердеби, —  деп, ал куфр (капырлык) кылды. Ошондой эле ким айтса: Аллах Аршта, бирок мен билбейм Арш каякта экенин, — десе ал дагы куфрлука (капырлыкка) түштү” (“аль-Фикх аль-Абсат”: 46).

Ушу сыяктуу сөздөрдүү шейх аль-Ислам Ибн Теймия “Маджму аль-Фатавада” 5/48, Ибн аль-Каййим “Иджтима’и Джуйуш Исламия”: 139-бет, Имам Захаби “Улув” 101-102-бет, Ибн Кудама “Улув” 116-бет, Ибн Аби аль-Изз бин Абд ас-Салям “Шарх аль Акыда ат-Тахавия”: 301-бет келтиришет.

 
Бир аял имам Абу Ханифа рахматуЛлахи алейхиге суроо берет: “Сен сыйынган «Зат» кайда?”. Абу Ханифа: “Акыйкатта Таза жана Бийик Аллах жерде эмес, асманда”, — деп жооп берет.


Дагы бир адам Абу Ханифадан Курандагы “Ал, силер кайда болсоңор да, силер менен бирге. Аллах силердин жасап жаткан иштериңерди көрүүчү” (57 Хадид сүрөсү 4 аят), — деген аяттын мааниси тууралуу сурайт. Абу Ханифа мындай жооп берет: “Бул сен бирөөнө – мен сени мененмин, — деп кат жазганың сыяктуу, бирок сен анын жанында эмессиң” (Аль-Асма уа ас-Сыфат: 429-бет).


АбдуЛлах ибн Мубарак


Имам Абдуллах ибн Мубарак аль-Маруази рахматуЛлахи алейхи Хорасан шаарынын факыхы, чоң аалым, муджахид, белгилүү Суфьян ас-Саури жана Имам Маликтин окучусу болгон. Ибн Мубарак хижра боюнча 118 жылы туулган,182 жылы каза болгон (“Хулятуль Аулия”: 8/162).


Ал айткан: “Биздин Роббибиз жети кабат асмандан жогоруу, Арштын үстүндө, Өзүнүн макулуктарынан (жаратылган нерселер) бөлүнгөн жана биз джахмиттердей айтпайбыз” (джахмия — бул Джахм ибн Сафван деген кишиден таркаган өтө чоң адашуудагы агым. Алар Аллахтын ысым сыпаттарын жокко чыгарышат, Куранды Аллахтын сөзү эмес ал жаралган дешет ж.б адашуулары көп).


Ибн Мубарак рахматуЛлахи алейхинин дагы ушундай айткан сөздөрү бар: “Аллах жети кабаттан жогору, Арштын үстүндө жана биз джахмиттердей айтпайбыз” (Бухари “Хальк ‘афаль’Ибад”: 25-бет; Имам ад-Дарими “Джахмиттерге жооп”: 272-бет; Ибн Кудама “Исбат Сыфати Улув”: 48; Байхаки “Асмау уа Сыфат”: 427-бет).


Сулейман ибн Тархан ат-Тейми Абу аль-Му’тамар аль-Басри 


Өз убагында Басра шаарынын имамы. Имам Бухаринин устазы. Али ибн Мадини айткандай Сулеймандан 200дөй хадис келет. Шуъба рахматуЛлахи алейхи айткан: “мен Сулейман ат-Теймидей чынчыл адамды көрө элекмин”, — деп. Ахмад ибн Ханбаль рахматуЛлахи алейхи: “Сулейман сикъа”, — деген, б.а. ишеничке татыктуу (хадис илиминин шарты). Сулейман ат-Тейми рахматуЛлахи алейхи 97 жашында, 143-хиджра жылында өлгөн (“Сияр А’лям ан-Нубаля”: 6/195-202; “Джарх ва тaъдиль”: 4/124).

Ат-Тейми айткан: “Эгерде менден сурашса: Аллах кайда? — деп, мен жооп берем: Аллах асманда, — деп. Анын Аршы (тактысы) асманды жарата электе кайда эле? — дешсе, анда мен айтам: суунун үстүндө, — деп. Эгерде Арш суу жаратыла электе кайда эле? — дешсе, мен: билбеймин, — деп жооп берем”. Бул сөзгө имам Бухари кошумчалап айтты: “Алар Аллах каалаган нерсени гана билишет” (Куран, аль-Бакара 2:255)(Бухари “Хальк афаль Ибад”: 42-бет; Имам аз-Захаби “Улув”: 130-бет; имам Лялякаи: “Шарх усул Итикод”: 3/401).

Саид ибн Амир


Басра шаарынын имамы. Ибн Аби Шейба ал жөнүндө: “Саид чынчыл адам”, — деген. Яхья ибн Маин айткан: “Саид сикъа” (ишенүүгө татыктуу) (“Джарх уа Тадиль”: 4/48-49-бет).

Саид ибн Амир айткан: “Джахмиялар сүйлөгөн сөздөрүнөн, яхуд жана христиандардан да жаман. Анткени яхуд жана христиандар Аллах “Аршта” деп айтышат, джахмиттер болсо Аршта эч нерсе жок дешет” (Бухари “Халк афаль Ибад”: 26-бет; имам Захаби “Улув”; Ибн Каййим Джаузия “Иджтимаа Джуюш Исламия”: 215-бет).


Али ибн Асим


Имам Ахмад рахматуЛлахи алейхинин шейхи, хиджра жыл эсептөөсүү боюнча 105-жылы туулган. Багдад шаарында жашаган. (“Джарх уа Тадиль”: 3/198; “Тарих Багдад” 11/446-456).


Али ибн Асим айткан: “Адамдарды Марисиден жана анын жан жөөкөрлөрүнөн кайтаргыла! Акыйкатта алардын сөздөрү өтө коркунучтуу, адашууга алып келет. Мен алардын устазы Джахм ибн Сафван менен сүйлөшкөм, жада калса ал асманда Аллах бар экенин тастыктабайт”. (Бухари “Халк афаль Ибад”: 28-бет; Ибн Каййим Джаузия “Иджтимаа Джуюш Исламия”: 217-бет).

Мухаммад ибн Юсуф


Мухаммад ибн Юсуф аль-Фирьяби — имам Бухаринин устаздарынын бири. Ал айткан: “Ким Аллах өзүнүн Аршында эмес, — деп айтса, ал куфр иш (капырлык) кылды. Ким айтса: Аллах Муса пайгамбар менен сүйлөшкөн эмес, — деп, ал куфр иш кылды” (Бухари “Халк афаль Ибад”: 42-бет).

АбдуЛлах ибн Мухаммад аль-Ансари аль-Харави


Шейхуль-Ислам, Хафиз, «Хара» деген жердеги Ахлю-Сунна имамы. Абу Исмаил. 481-хиджра жылы каза болгон. Көп илимий китептердин автору. М: “Маназил Саирин”,”аль- Фарук”,”Замул Калям” ж.б. Ал жөнүндө “Табакат Ханабиля”: 2/247; ”Аълям” ж.б. китептерде жазылган.

Аль-Харави Джахмиттердин ой пикирлерин алган жана колдогондор жөнүндө мындай деген: “Оо акыл ээлери! Джахмиттер айтышат: Аллах баардык жерде, — деп. Джахмиттерди ээрчигендер жана алардын ой пикирлерин алгандар айтышат: Аллах кайда деп суроо болбойт жана Аллахтын орду жок, — деп. Аллахтан кабарларды жеткирип турган Пайгамбарыбыз Мухаммад солля Аллаху алейхи уа саллям, Муавия ибн Хакам радыяЛлаху анхунун күң кызына кайрылып: Аллах кайда? — деп сурады эле го!?” (“Заммуль Калям”: 135-бет) 


Имам Захаби


Имам Хафиз Шамсуддин Мухаммад ибн Усман Захаби аш-Шафии. Атактуу мухаддис, алымдардын өмүр баянын жазган тарыхчы, көптөгөн китептердин автору. 748 хиджра жылы каза болгон.

Ал күң кыз жөнүндө хадисти айткандан кийин, мындай деди: “Аллах кайда? — деп суралганда, табияты алардан оозуп: “Аллах асманда”, — деп жооп бергендерди көргөнбүз. Бул хадистен биз эки нерсе билебиз.
1) Шариатта Аллах кайда деп суроо уруксат экендигине.
2) Суралып аткан адамдын жообу “Асманда” деп айтат экендигине.
Кимде ким ушул эки нерсеге каршы болсо жана, кабыл кылбаса, ал Аллахтын Элчиси Мухаммад солля Аллаху алейхи уа саллямга каршы чыгып атат” (”Улув”: 28-бет).


Абу Хасан аль-Ашари


Абу Хасан аль-Ашари — Ашария акыйда мазхабынын негиздөөчүсү. Бирок өмүрүнүн аягында алгачкы соолих муундардын (салаф салихиндердин) акыйдасына кайткан. Ал өзүнүн “Ибана” аттуу китебинин « Арштын үстүнө көтөрүлүү» деген баабында (главасында) төмөнкү далилдерди алып келет: “Бир жолу бир адам Пайгамбарыбыз солля Аллаху алейхи уа саллямга күн кызы менен келип айтат: Оо Аллахтын элчиси, мен бул күңдү, өзүмдүн күнөө ишим үчүн азаттыка чыгарайын деп атам, ушундай кылсам болобу? — дегенде, Пайгамбарыбыз ал кыздан сурады: Аллах кайда? – деп. Күң жооп берди: Асманда, — деп. Аллахтын Элчиси сурады: Мен киммин? Күң жооп берди: Сен Аллахтын элчисисин, — деп. Анда Пайгамбарыбыз айтты: Бошот аны, ал ыймандуу” (“Ибана”: 103-бет).


АбдуЛлах ибн Куляб


АбдулЛах ибн Куляб аль-Каттан – мутакаллимдердин имамы, 240-жыл чамасында өлгөн.

Ал айткан: “Аллахтын Элчиси – жаратылгандардын арасынан тандалган, эң жакшы Аллахтын кулу, Аллах жөнүндө эң жакшы илими бар. «Аллах кайда», — деп сураганга уруксат берип атат жана «Аллах асманда», — деген жоопту туура деп атат. Джахмиттер болсо Аллах кайда деп суроо бергенге болбойт дешет. (Эми биз кимдин сөзүн угалы? Аллахтын Элчиси Мухаммад солля Аллаху алейхининби? Же Джахм ибн Сафвандын сөзүнбү?!)(Ибн Теймия “Тааруд акыль ва накыль”: 6/193-бет).

Корутунду

Жогоруда айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарсак: «Аллах кайда?», — деген суроого, “Асманда”, — деп жооп берүү алгачкы соолих муундардын жолу экенине күбө болдук.


Сөзүбүздүн аягында,Аллах Тааляга мактоолор болсун!

Share

You may also like...

Добавить комментарий