Аллахтан башкага курмандык чалуу

Аллах Таала айтты: «Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн! Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”» (Куран, аль-Ан’ам 6:162-163).

Аллах Таала айтты: «Ошондуктан Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал» (Куран, аль-Кавсар 108:2).

Али (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ мага төрт нерсе айтты дейт: 
«Аллахтан башкага арнап курбан чалганды Аллах каргыштасын! Өз ата-энесин каргаганды Аллах каргыштасын! Бидаатчыга (же кылмышкерге) башпаана (коргонуч) бергенди Аллах каргыштасын! Жер тилиминин чек араларын өзгөрткөн адамды Аллах каргыштасын!»
 (Муслим: 1978).

Торик ибн Шихаб (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: 
«Бир киши чымын үчүн Бейишке кирди, дагы бир киши чымын үчүн Тозокко кирди». Алар: “Кандайча, о Расулуллах?”, — дешти.
Айтты: «Эки киши жолдо бара жатып бир коомго туш болушат. Ал элдин бир идолу бар болчу. Эч ким ошол идолго бир нерсе курмандык кылмайынча [жөн-жай] өтө алчу эмес экен. Алар жолоочулардын бирөөнө: «Курмандык чал!», — дешет. Ал: «курмандык кыла тургандай эч нерсем жок», — деди. «Бир чымын болсо да курмандык кыл!», — деп айтышканда, тиги чымынды курмандык кылат, аны бош койберишет, анан ал Тозокко түшөт. Жолоочулардын экинчисинен да: «Курмандык чал!», — деп талап кылышат. Ал: «Аллах Тааладан башкага атап бир нерсе курмандык кылбайм!», — дейт. Ошондо анын башын чаап ташташат, анан ал Бейишке кирет»
 (Ахмад “Зухд”: 15-16).

Аллахтан башкага курмандык чалынчу жерде Аллах үчүн курмандык союлбайт.

Аллах Таала айтты: «Эч качан аякта намаз окуба!» (Куран, ат-Тауба 9:108).

Сабит ибн Даххак (радыяЛлаху анху) риваят кылат: “Бир киши Бувана деген жерде төө союштукту назр кылды. Ал тууралуу Пайгамбардан ﷺ сураганда ал айтты:  «Ал жерде жахилия убагында ибадат кылынган буттардын бирөө жок дегенде турду беле?». “Жок”, — деп жооп беришти. Дагы сурады «Ал жерде алардын (мушриктердин) кандайдыр бир майрамы өтчү беле?». “Жок”, — деп жооп беришти. Анда Расулллах ﷺ айтты:  «Назрыңды аткара бер! Себеби күнөө иште назрды орундоо жарабайт. Ошондой эле адам өзү ээлик кылбаган нерседе да назрды орундоо болбойт» 
 (Абу Дауд: 3313. Иснадынын сахихтиги Бухари менен Муслимдин талаптарына жооп берет).

Share

You may also like...

Добавить комментарий