«Мухаммад Расулуллах» деген келменин шарттары (кыскача)

Мухаммад Расулуллах — Мухаммед Алланын элчиси — деген күбөлүк келимесинин алты шарты бар:

1. Алып келген пайгамбарлык рисаласын (миссиясын) кабыл кылып, чын жүрөк менен ишенүү.

2. Тили менен келмени айтып тастыктоо.

3. Пайгамбарды ﷺ ээрчүү, алып келген буйруктарын аткаруу тыйган тыйууларынан тыйылуу.

4. Келечектеги жана өтүп кеткен кабарларын чын деп жүрөк менен ишенүү.

5. Пайгамбарды ﷺ  өзүңдөн да, малыңдан да, ата-энеңден да бардык адамдардан да артык көрүп сүйүү.

6. Анын сөзүн башкалардын сөзүнөн бийик коюп, сүннөтүнө амал кылуу.

Пайгамбарды ﷺ  чындап сүйгөн адам ушул алты шартты аткарат.

Мухаммудур Расулуллах келимеси тууралуу кененирээк, толугураак билгиңиз келсе төмөнкү макаланы сунуштайбыз:

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий