Лаа илааха илла Алла келимесинин мааниси

«Лаа илааха илла Алла» келимесинин мааниси

Исламдын негизи

«Лаа илааха илла Алла» келимеси   Алланын жалгыздыгын ырастаган ыклас сөзү. Алла Таала адамдарга мындан  ашкан чон буйрукту  өкүм кылган эмес. Бул келименин диндеги орду кадимки адам денесиндеги баш сыяктуу. Башы жок адам болбогондой, бул келимесиз   дин болбойт. Пайгамбарыбыз (ﷺ): «Ислам дини беш түркүккө курулган: 1) Лаа илааха иллаЛлах, Мухаммад РасулуЛлах деп күбөлүк берүү. 2) …», — деген. (Бухари: 8; Муслим: 16)

Бул сөздүн салмагы

Адам (алейхис салам) баштап Мухаммед ( ﷺ ) пайгамбарыбызга чейинки  пайгамбарлардын  адамзатка  жеткире турган негизги сөзү, иши  да ушул болгон. Пайгамбарыбыз (алейхи салам) мындай деген эле: «Менин эң жакшы айтылган сөзүм жана пайгамбарлар айткан эң жакшы сөз бул — Лаа илааха илла Алла». (Тирмизи)

Биздин  ийгиликке жетишпей жатканыбыздын эң чоң себеби экономикадан эмес, же цивилизациядан эмес, келмени түшүнбөгөнүбүздө. Алла Тааламдын эң негизги бизге жүктөгөн буйругу да ушул, бул  жашоого келгенибиздин максаты да ушул. Бул келменин кадыр-баркына маани-маңызына биз жашап жаткан жандуу, жансызды батырган жердин да кадыры  жетпейт. Коюнузчу дейсизби, анда бул далилге назар бурунуз, Пайгамбар (алейхи салам) айтты: «Нух пайгамбар өлүм төшөгүндө жатканда баласына мындай деди: «Оо, балам! сага «Лаа илааха илла Алла» келмесине буйруймун.Чындыгында, жети кабат асман менен жети кабат жерди бир алаканга коюп,  «Лаа илааха илла Алла»  келмесин бир алаканга койгондо «Лаа Илааха илла Алла» келмеси оор келет». (Бухари, Адаб Муфрад)

 

Ишенүү.  Айтуу.  Ишке ашыруу.

Урматтуу  менин бир тууганым,  бул келме жөн гана тил менен айтылып калчу сөз эмес. Бул өтө чоң, өтө улук сөз. Бул ааламдын сыры да ушул сөздө катылган. Кимде ким  «Ла илааха илла Алла» келимесин түшүнсө, бул дүйнөнүн бейишин даамын таткандардан болот дешет аалымдар. Эгерде сиз «Лаа илааха иллаЛлаах» келмесин терең түшүнбөсөнүз ыймандын даамын тата албайсыз. Жашоонуздун негизги максатын дагы биле албайсыз. Бул ушундай ыйык болсо анда мааниси кандай болду экен?  Келиниз ушуга бир ой жүгүртөлү. Бул келименин маанисин  аалымдар мындай дешет.

Бул ааламда ибадатка, сыйынууга, улуктоого, данктоого  татыктуу акыйкат болгон Алладан башка эч ким жок. Бул келиме эки негизги түркүктөн турат. Биринчиси, Алладан башканы кудайлап улуктоого тыюу салынат.  Экинчиси, чыныгы улуктоону Кудайлык данкты Аллахка гана таандык кылып бекемдөө. Тактап айтканда, Алладан башка  эч бир «кудайды» тааныбайбыз жана  ынанбайбыз.

Бул сөз менен жашасак бейиш, четке каксак кейиш

Ааламды жараткан Алланын жалгыздыгы айтылып жатса, Аллахымды жалгыз дебей кимди жалгыз дейбиз? Ойлоп көрүнүзчү бурадарым, ушул ааламды Алла жаратып «Менден башка сыйынууга татыктуу кудай», жок деп бардык пайгамбарларды   ушул сөздү жеткирүүгө жиберип жатса, кантип биз бул улуу сөздүн маанисин билбейбиз?!  Адамзаттын тарыхында канча деген  адамдар отко, тоого, ташка  сыйынып келишкен. Азыркы күндө деле канча деген адамдар Аллага шерик келтирип жатышат. Анык душман болгон шайтан Адам атабызды  бейиштен түшүргөндөн кийин, пенде  Аллага шерик кошсо бейишке кирбей турганын жакшы билип, ага аракетин аябайт. Ырайымдуу Аллах кандай гана чон күнөө болбосун кечирет.  Кайсыл гана күнөө болбосун ошол күнөөнүн чегинде тозокто азапталат.  Ал эми Аллага  шерик кошкондорду  түбөлүк тозокто жазасын тартат. (Алла сактасын)

  

Келменин шарттары

        

  • Илим.  Бул келимени айтардан мурун маанисин түшүнүшү керек. Таануу менен тактоо деген эки шарттын илимин түшүнүү шарт. Ага далил  катары Аллахтын Куранда айткан бул сөзүн карайбыз. «Билгин, Алладан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок».             ( Мухаммед 19)

« Билгин»  деген сөздө билим жатат. Келимеден мурун Алла Таала   билимди айтып жатат.

 

  • Якин.  Якин — бул  жүрөктүн шек калбаган абалы.   «Чыныгы мусулмандар Аллага жана Анын элчисине ишенип эч шек келтирбегендер». ( Хужурат 15)

 

  • Кабыл алуу. Бул келимедеги негизди жүрөк менен жана тил менен кабыл кылуу.  Кабыл кылуу дегенибиз,  бул келимени толугу менен жашообузга киргизип кабыл кылуу. Алла Таала кабарлаган бизге чейинки коомдордо «Ла илааха» келмесин кабыл кылбай, ошол үчүн азапка дуушар болушкан. Алла Таала айтты : «Биз наадандарга азап беребиз, себеби аларга «Ла илааха илла Алла»- деп айтылганда кабыл кылбай текебер болушат эле. (Сооффаат. 34,35)

 

  • Байлануу Бул келимеде көргөзүлгөн нерсеге байлануу. Тактап айтканда,  буйругуна баш ийип тыйганын тыйылуу. Алла Таала айтты : «Ким Аллага баш ийсе, ал чыныгы жашылык жол менен урва вускону кармады». Абдулла Ибн Аббас  «Урва Вуско» дегендин мааниси : «Лаа илааха илла Алла» деп түшүндүрмө берет.

 

  • Чынчыл болуу. Келимени чын жүрөктөн айтуу. Тили менен айткан келимеси жүрөгүндөгү ишеними менен  дал келүүсү. Алла Таала айтты : «Кээ бир адамдар «Биз ыйман келтирдик» дешет, бирок алар ыймандуулардан эмес. Алар Алланы жана мусулмандарды алдагандай болушат. Бирок чындыгында өздөрүн гана алдап жатканын сезишпейт». ( Бакара, 9,8)

 

  • Ыклас. Бул келимеден Алланын ыраазылыгын гана эңсөө. Алла Таала айтты: «Бул динде Аллага бир гана ыклас менен ибадат кылууга буйрулушту».( Баййина, 5)

 

  • Сүйүү.  Бул келимени жана бул келмени айтып, шарттарын аткаргандарды жакшы көрүү, шарттарына каршы иш аткаргандарды жаман көрүү. Алла Таала Куранда мындай дейт: «Кээ бирлер Алладан башкаларды Аллага теңеп алышып Алланы сүйгөндөй сүйүшөт.  Ал эми ыйман келтиргендер Алланы андан да артык сүйүшөт». ( Бакара, 165)

 

      Урматтуу тууганым! Бул келиме асман, жерден оор болгондон   кийин,  албетте мааниси да өтө терең болот. Мына ошол терең мааниден кыска гана түшүнүк алдык десек болот. «Бул келмени ким айтса бейишке кирет» — деген хадисти уккандар  Хасан аалымга келип сурашканда, ал: «Кимде ким «Лаа илааха илла Алла» келимесинин  шарттарын түшүнүп айтса жана  аны аткарганда гана бейишке кирет»— деген. «Лаа илааха илла Алла»  келмеси тил менен айтып шарттары аткарылбаса, анда эч пайда бербейт. Тил менен айтылган «Лаа илааха илла Алла» келмеси жашообузга, амалыбызга дал келүүсү шарт.

  1. Бул ыйык сөз тууралуу  кыска жана  үстүртөдөн гана айтылды.  «Лаа илааха илла Алла» келименин түшүндүрмөсү  абдан кеңири. Ар бириңиздер бул келимени   мындан да толук түшүнүүгө умтулсаңыз  ушул темада   жазылган китептерди окууга чакырабыз.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий