«Жаштарга насаат» Шейх Солих Аль-Фаузан

СУРОО. Аллах Таала сиздерге жакшылык берсин. Мен жаштардын биринен боломун. Мага эмне деп кенеш бересиз жана жалпы эле жаштарга, ошондой эле мусулман адам кандай болуш керек? Айрыкча азыркы фитна заманында. Кенешинизди берип коесузбу.

ЖООП.

Мээримдүү ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын.

Аллага чексиз мактоолор болсун. Пайгамбар алейхи саламга салаваттар болсун.

Сага жана жалпы жаштарга Аллага такыба болушуңарга насаат беребиз. Ушул жаштык деген түшүнүктү өзүнөргө киргизип алып, силер жаман багытка бурулуп жатасынар. Аллага жана Анын элчисине баш ийип жана сахабалардын жолун жолдо.

Ошондой эле жаман жолго жетелеген адамдардан алыс болушунар керек. Себеби бирге жүргөн жоро-жолдоштун таасири аябай чон болот.

Акылмандар айткандай : Эгерде бир коом менен бирге жүрчү болсон анда алардын эн жакшылары менен жүргүн, жамандары менен жүрбөгүн, антпесе сен дагы жаман болосун.

Дагы айтылат : Адамдын кандай экенин өзүнөн сурабагын, шеригинен сурагын себеби шериги бири бирин ээрчишет. Мына ошондуктан сен жакшы курдаштарды тандагын.

Ошондой эле диниңе тиешелүү нерселерди үйрөнгүн! Акыйдаңды, намазыңды, зекетиңди, орозоңду, ажылыгыңды тууралай турган нерсени үйрөнгүн. Исламдын негиздерин үйрөнгүн. Мына ошолорду жакшылап аныктап тактап үйрөнүп иш жүзүндө амал кылышың керек. Илим талап кылуу жолуна түш. Медресе, институт, университет, же илим болгон мечиттеги аалымдардын сабактарына катыш.

Эртерээк үйлөнүшүңдү да осуят кылабыз. Эгерде үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк болуп, бойдок жүрүүдөн өзүнө корксоң — анда үйлөнгүн, ал чындыгында көздү тыйууга жана жана жыныстык мүчөгө пайдалуу. Пайгамбар ﷺайтты: “Эй жаштар, эгерде ким аранарда үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү болсо үйлөнсүн. Ал көздү тыйууга жана жыныстык мүчөгө пайдалуу. Ким үйлөнүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо анда орозо кармасын. Ал нерсе аны коргойт (шахваттан)”.

Ошондой эле ар кайсы сайттарга кирүүдөн алыс болушуна осуят кыламын. Пайдасы жок нерселерди бөлүшүп таратпоого чакырамын. Пайдасы тийген нерселерди угуп, окуп үйрөнгүн. Пайдасы тийбеген нерселерден алыс болгун.

Биз азыр аябай фитнанын өрчүп турган замандабыз. Бардык жамандыкты массалык маалымат каражаттыры таркатып жатат. Мына ошондуктан Аллага такыба бололу. Пайдалуу нерселерди үйрөнүп пайдасыз нерселерди таштайлы.

Шейх Солих аль-Фаузан, Сауд Аравиясы.
“Чоң аалымдар уюмунун” мүчөсү, “Фетвалар боюнча туруктуу Комитеттин” мүчөсү, аалым, факих.

Share

You may also like...

Добавить комментарий