Эл башчыга баш ийүү

Бүгункү күндөгү эң залкар ахли-сунна аалымы
Шейх Солих Аль-Фаузан
(Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү
Фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү
Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мүчөсү

Башчысы болуп туруп, ага каршы чыгып, кулатып, андан кийин жыргап жашап кеткен эч бир коом болгон эмес

Эгерде тынчтык жоголсо – укуктар бузулат.  Дин жоголот. Тынчсыздануу күчөп коркунучтар көбөйөт. Зулумдук күч алып. Кыймылсыз адам мүлктөрү өрттөнөт. Кан төгүлөт. Тынч жашап жаткандарга коркунуч туулат. Адамдарды абийири намысы төгүлөт.

Өлтүргөн адам эмне үчүн өлтүргөнүн билбейт. Өлгөн адам дагы эмне үчүн өлтүрүлгөнун да билбейт.

Эми кантип коомдо тынчылык орнойт?

Адамдардын бир сөзгө биригиши менен. Эл башчысына баш ийүү.

О, ыйман келтиргендер! Аллаhка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн болгон эл башчыңарга моюн сунгула. ( Нисаа 59)

Эч убакта стабилдүүлүк жана тынчтык орнобойт качан эл башчыларына баш иймейинче.

Эл башчылардын бар болгону үчүн укуктар корголуп мыйзамдар ишке ашат. Тынчтык жол сүрөт.

Шарият орноп зөөкүр-зулумдар жазасын алышат.Соода сатыктар ишке ашат.

Оо Алланы кулдары! Чындыгында тынчтык орнобойт качан шүгүрчүлүк кылмайынча.

«Эгер шүгүр кылсаңар силерге көбөйтүп беремин. (Ибрагим 7)

Ал эми адамдарды нааразычылыкка үндөп аларды башаламанга чакырып тынчтыкты бузгандар алар Алланын нээматына шүгүр кылбагандар.

Эл башчысына каршы чыгып,демонстрация, пикет уюштуруп ызы чууу салуу, аларга насаат деп эсептелбейт.Бул айбанчылык жана шайтандын жолдору.

Себеби бул нерсе ызы-чууга,башаламанга, кан төгүүгө,зордук-зомбулукка,адамдардын укугу тебеленүүсүнө,жана мамлекеттин кыйрашына алып келет.

Чогулушта олтуруп каталарын айтуу,бул аларга насаат деп эсептелбейт.

Минбар,трибуналарда аларды жамандап сөгүү насаат деп айтылбайт.

Эл башчынын каталарын интернет,гезит,журнал,диск аркылуу жайып таркатуу насаат деп саналбайт.

Анда аларга кандай жол менен насаат кылынат?

Эл башчысына шарият жолу менен рассмий кат аркылуу кайрылат..Же  бетме – бетмет жолугат.Аларды өзүнө чакырбастан өздөрүнө барат.Жана ал насаатын элге жарыялап жар салбайт.

Аллах Таала тарабынан эл башчыларына жүктөлгөн жоопкерчиликтер так жана туура аткарылуусуна Алладан дуба кылуу керек.

Тынчылыктын баалуулугу!

Алла Таала бул өлкөгө үч нээматты берди.

  • Таухид нээматы ( Алланы жалгыз деп таануубуз) Ширкти таштоо
  • Ошондой эле Алланын китеби менен сот өкүмдөрү жүрөт
  • Жана жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарабыз.

Аларды жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Алланын Колунда. (Хаж 41-аят)

Алланын каарынан корккула! Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”  ( Анам 65- аят)

Мына бул нерсе эн коркунучтуу. Бул зилзала менен вулкан атылуудан да кооптуу. Асмандан түшкөн кырсыктанда коркунучтуураак. Адамдар бирин –бири өлтүрүп канын төгүүсү эн жаман нерсе. Мына ошондуктан Пайгамбар алейхи салам Алладан ушул нерседен сактап дуба кылган.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий