«Үммөттүн башын эмне бириктирет»

Шейх Солих Аль-Фаузан

(хафизаху Аллах)

 

Тема : «Үмөттүн башын эмне бириктирет»

«Куранга жана Сүннөткө кайтуу»

 

Талашып — тартышуу бул адамдын табиятындагы нерсе. Сөзсүз адамдардын арасында араздашуу болот, бирок бул жөнгө салына турган маселе.  Анын бир гана жолу бар – ал Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө кайтуу.

 

А дегенде Алланын Китебине кайтуу керек. Алла айткандай «О, ыйман келтиргендер! Аллаhка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула»(Алланын шариятына каршы келбеген нерселерде)

Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар,  эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллага жана пайгамбарга кайтаргыла,. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң жакшы чечим (болуп саналат). Ан-ниса сүрөсү 59-аят.

 

Жана да айтты «Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллага таандык!  Ушул Алла менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын!(ар бир ишиме)»

Аш-шура сүрөсү 10-аят.

Мына ушул мусулмандарды бириктирет. Эгер биз кандайдыр бир маселеде пикир келишпесек, анда бир гана Алланын Китебине жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө кайтуу менен абалды оңдой алабыз.

Ушул (эки нерсеге кайтуу) менен талаш-тартыш жоюлат. Себеби Алла китебин түшүрдү адамдардын ортосундагы араздашууну жою үчүн. Аллага мактоолор болсун!

Аллага шүшүр,Бизде кайта турган булагыбыз бар. Биз адамдар ойлоп тапкан мыйзамдарга, үрп-адаттарга кайрылбайбыз. Себеби алар бириктирбейт – бөлүп жарат, оңдобойт – тескерисинче бузат.

 

Акыйкатта биз Аллаынын Китебине жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө кайтабыз.

Курандан жана Сүннөттөн ошол көйгөйлөрдү жана араздашууларды чечүү жолдорун изилдеген, илидүү аалымдардын жардамы менен гана ишке ашат.

Алла айтат «Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак. Эгер силерге Аллаhтын жакшылыгы жана ырайымы болбогондо, азыңар гана башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар.» Ан-ниса сүрөсү 83-аят.

Алла бизди, өзүбүздүн же башкалардын ойлоруна таштап койгон жок. Балким Ал, Китебин түшүрүп, араларыбызда болуучу пикир келишпестиктерди чечүү учүн Пайгамбарын ﷺ  жөнөттү.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий