Таап алган буюмду колдонсо болобу? — Шейх Ибн Баз

СУРОО. Эгер адам ээн жаткан жерден кой же төө таап алса, кийин аны сактап, багып жана ал мал төлдөп көбөйсө – аны сактаган, сугарган жана баккан адамга аны алыш адал болобу же арамбы? Эгер ал малдан бир нерсе жесе, каффарат (ордун толуктоо) парз болуп калабы?

ЖООП. Муфтий Шейх Ибн Баз (Аллах аны ырайым кылсын) айтты:

   Эгер адам, кооптуу делген жерде кой же эчки таап алса – ал “луката” (жоголгон буюм, таап алынган нерсе) өкүмүндө болот. Кооптуу деп – адамдар жашаган жерден алыскы бир аймак, же койчулар алыс узап кеткен ж.б.

  Аны таап алган соң, бир жыл ээсин издеп, чогулуштарда, ээси болушу ыктымал жерлерде жарыя кылат. Табылбаган соң малына кошуп, өзүнүкү деп эсептелип калат, өзүнүн менчигин колдонгондой колдонот. Бирок белгилерин жаттап коёт, себеби, күндөрдүн бир күнүндө ээси келе турган болсо, малын тапшырып бериш керек. Эгер ага чейин желип кеткен болсо, анда баасын төлөп берет.

   Бардык эле табылган нерселерди ушундай кылуу милдет. Адамдар чогулган жерлерде бир жыл жарыя кылат. Айына эки, үч, төрт ж.б. мүмкүнчүлүгүнө жараша. Ээси табылса, Аллахка мактоолор болсун.  Табылбаса ал аны өзүнүн малы сыяктуу колдоно берет.

   Эгер табылган буюм, анын колунда калуусу менен, зыян келтирип жатса – аны сатып, бирок белгилерин эстеп (сактап) калат. Кийин ээси келгенде акчасын кайтарып берет. Эгер сот же акимиат болсо, табылганы ошол жерге каттап койсо болот, ээси келгенде берип койгула деп. Же бир жылга чейин өзүндө сактаса болот, кийин эч ким келбесе, өзүнүн малы деп эсептелет, баасы болсун же малдын өзү болсун.

   Ал эми төө табылга катары эсептелбейт. Пайгамбар ﷺ айтты: ≼Анын өзүдө суусу бар жана (бутунда) такасы бар. Сууга барып ичип, бактан жалбырак жеп, кожоюнун жолукмайын өзү жүрө берет≽ (Муслим: 1722).
   Жоголгон төөнү алуу тыюу салынган. Бир гана жырткыч айбандар бар жерде калса, аны аман эсен жүрө турган чөлкөмгө айдап барып койсо болот. Бул ага сооп деп жазылат. Бирок, аны табылга катаруу көрүү уруксат эмес. Себеби Расулллах ﷺ: ≼Анын өзүдө суусу бар жана (бутунда) такасы бар. Сууга барып ичип, бактан жалбырак жеп, кожоюнун жолукмайын өзү жүрө берет≽,- деп андан тыйды.

Булак: https://binbaz.org.sa/fatwas/2764/حكم-لقطة-الغنم-والابل

Share

You may also like...

Добавить комментарий