Эки күбөлүк

МУХАММАД ИБН СОЛИХ АЛЬ-’УСЕЙМИН

(Аллах аны Өз ырайымына алсын)

«Эки күбөлүк» «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» (Ашхаду аллаа илааха иллаЛлааху ва ашхаду анна Мухаммадан РасулуЛлаахи) — деген сөздөр, бул — ибадаттын чогулган эки шарттары.

Мына ушул ибадаттыгы бир гана Аллахка болгон ыкластуулук жана Пайгамбардын ﷺ жолун ээрчүү. Себеби «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок» — деп айткан адам, ибадаттын бүт түрлөрүн бир Аллах Таалага арнаган болот. Жана «Мухаммад Аллахтын элчиси» — деп күбөлүк берген адам, Мухаммаддан ﷺ башка ич кимди ээрчибейт. Ошол себептен, бул эки негиз, Исламдагы эң биринчи негиздерден болуп эсептелет.

Ошондуктан бул эки күбөлүктөн «ибадаттар туура болуу керек» деген маани чыгат. Себеби ушул эки негизсиз, ибадаттар эч качан туура болбойт. «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок» — деген күбөлүк менен ыкластуулукка жетесиң, ал эми «Мухаммад Аллахтын элчиси» — деген күбөлүк менен ээрчий турган жолго жетесиң

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий