Салафия дааваты

Шейх аль-Альбани

(Аллах аны Өз рахматына алсын)

۞ Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллаh ыраазы болду, алар дагы Аллаhтан ыраазы болушту. Жана Аллаh аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу Бейиштерди даярдап койду. Бул — чоң жеңиш! ۞

“Ат-тауба” — сүрөөсү 100-аят

Чындыгында ар бир мусулман дааватты мына ушул кереметтүү аяттын негизинде таануусу зарыл. Себеби, мурунку жана азыркы аалымдар мына ушул салафия деп аталган дааватка чакырып келишкен.Туура, кээбирлер бул дааватты ансарлардын жана Мухаммаддын сүннөтүнүн дааваты деп аташат, ал эми кээбирлери хадис ээлеринин дааваты деп жүрүшөт. Кандай деп аталбасын баардыгы бир маанини туюндурат.

Мына ушул дааватка көптөгөн мусулмандардын абалкы же азыркы жамааттары кайдыгер карашат же анын акысын беришпейт. Жана тиешелүү деңгээлде кам көрүшпөйт. Ошол себептен эгер мусулман кутулуучу топтон болом десе, анда ал Куран менен Сүннөттү жана салафи соолихтердин жолун ээрчиши керек. Эгер булар чынчыл болуп, кыяматта кутулуучулардан болгусу келсе. ۞ Ал күндө байлык да, бала — чака да жардам бере албай турган күн.۞ Ушул үчүнчү буйрукту мусулмандар эсинде бекем сактап калуусу керек.

Аш-Шу’ара 88-аят

Ошол себептен мусулмандар өздөрүнүн түшүнүгүнөн, көз карашынан же пикиринен салафи соолихтердин жолуна кайтпагандыгы үчүн ар кандай агымдарга же жолдорго бөлүнүп жатышат. Эгер кимде ким акыйкатты издеп, Куран жана Сүннөткө кайткысы келсе, анда ал Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага саламы жана салаваты болсун), сахабаларынын жана табииндер же табииндерди ээрчүүчүлөрдүн жолуна кайтсын.

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий