1-апрель калп айтуу күнүбү?

Шейх Солих Аль -Усеймин (Аллах Таала Өз ырайымына алсын) айтты:

Кээ бир сабатсыздар : «Апрель тамашасы» — деп калп айтып жүргөндөрдөн, мусулман бир туугандарымды кайтарамын. Менимче ал (тамаша күнү) жакындап калды. Мусулмандар апрель тамашасын, жөөттөрдөн, христиандардан, отпарастардан ж.б. каапырлардан үйрөнүп алышкан.

Биринчиден бул тамашада калп, жалгандар айтылат, ал эми шариятта, жалган айтуу арам.

Экинчиден каапырларга окшошуу болуп калат, ал эми шариятта, каапырларга окшоо — арам! Аллахтын элчиси (соллАллаху алейхи уа саллам) айткан: «Кимде ким өзүн бир коомго окшотсо — ал ошолордон». Ахмад (5106), Абу Дауд (3040), Ибн Хиббан муну сахих деп атаган.

Шейхул-Ислам ибн Теймия (Аллах аны өз ырайымына алсын) айткан: «Мусулман өзүн башка бир элге окшоштуруусу — эң кеминде — арам деп эсептелет. Бирок хадистин түз маанисин карасаң, өзүн башка коомго окшоштуруу бул каапырчылык деп айтылат». Ошол үчүн бул тамашага, эки жагынан караганда арам болуп саналат.

Ошондой эле: Ээрчүү менен мусулман душманынын алдында өзүнүн алсыздыгын көргөзөт. Себеби, маалым болгондой, ээрчилип жаткан тарап ээрчип жаткандан өзүн өйдө сезет. Бул адамдын табияты. Ал эми ээрчип жаткан тарап өзүн алсыз сезип, башканы туурап баштайт. Ошол үчүн каапырларга куйруктай болуп ээрчүү мусулман үчүн кордук.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий