Дүйнө жана байлык азгырыгы — Шейх Усаймин

Шейх Усейминдин (Аллахтын рахматы болсон) байлык азгырыгы тууралуу айткан сөздөрү.

Анын сөздөрү бүгүнкү күндөгү адамдардын абалына аябай төп келет, акылдуу киши андан ибарат алат.

Шейх Ибн аль-Усеймин (Аллахтын рахматы болсун) айтат:

Чынында адамдар канчалык дүнүйөнүн жыргалчылыгына көп баткан сайын – ошончолук көп жамандыкка учурашат.

Чындыгында дүнүйөнүн жыргалчылыгы инсанды талкалап бузат.

Эгер инсан дүнүйөнүн жыргалчылыгына гана назарын буруп, дене кумары тууралуу гана кам көрө турган болсо: жүрөгүнүн жыргалчылыгына (руханий азыкка) кайдыгер болуп, анын бүткүл камы денесин гана кумардантуу болуп калат. Ал эми денесинин бараар жери – курттарга жем болуу, сасык чирик болуп жок болуу.

Мына ушул нерсе бүгүнкү күндө адамдардын башына түшкөн балээ.. жана ушул нерсе (б.а. деме кумарына берилип, жүрөк кумарын унутуу) аларга чоң зыян берүүдө…
Ар бир киши төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөп жүргөнүн көрөсүң. Муну сүйлөбөгөн киши калган эместей:

* Бул имарат кандай экен?

* Бул машина кандай экен?

* Бул буюмдарды карачы?

Жада калса шариат илимин окуп жүргөндөрдүн айрымдары – ошол илимин – маяна алып бир жерде иштеш үчүн же мансап үчүн окуп жүрүшөт. Ошол жумушу аркылуу дүйнө кызыкчылыктарын көздөйт. Инсан өтө олуттуу бир максат үчүн жаралганын унутуп калган сыяктуу. Чындыгында болсо, бул дүнүйө жана анын нээматтары – ошол максатка жеткирүүчү аспап гана болуп эсептелет…

Шейху-ль-Ислам Ибн Теймия (Аллахтын рахматы болсун) айткан:  “Адам эшекти минүү үчүн жана даараткананы кажетин бүтүрүү үчүн колдонгон сыяктуу – байлык’ты ушинтип колдонушу керек”. Андыктан байлыкты эң чоң камың кылба! Сен байлыгыңды эшекти мингендей минип кал, эгер сен аны минбесең, ал сени минет. Ошонтип сенин камың дүнүйө гана болуп калат.

Ошол себептен биздин айтаарыбыз:

Адамдарга дүнүйө ачылып, алар ага назарларын бурган сайын – канчалык даражада дүнүйөдөн үмүт кылышса, ошончолук даражада акыреттен кур калышат.

Пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айтты:

Аллахка ант, мен силер үчүн кедейликтен коркпоймун. Чындыгында мен силер үчүн корркон нерсем – дүнүйө силерге ачылганда, силерге чейинки коомдор [байлык топтойм деп] бири бири менен жарышкандай, силер да бири-бириңер менен атаандашып, кийин [дүнүйө] аларды жок кылгандай силерди да жок кылабы деймин” (Бухари: 4015).

Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллям) туура айтыптыр: байлыкка болгон жарышуу адамдарды бүгүн курутууда. Алар дүнүйө үчүн, ал эми дүнүйө алар үчүн жаратылган сыяктуу. Алар үчүн жаралган нерсе менен алектенишет, бирок өзүлөрү эмне үчүн жаралган болсо аны таштап коюшат.

Аллах Тааладан бул нерседен бизди куткарууну сурайбыз!

 

➡ (Шарх Рияд ас-Солихин: 17-кассета)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий