Сооптуу амалдар күнөөлөрдү кетиреби?

Шейх аль-Альбаний ( Аллах аны Өз рахматына алсын )

Тема: Сооптуу амалдар күнөөлөрдү кетирет.

Эсиме бир хадис түштү Пайгамбарыбызга (алейхис солату вас салаам) бир киши келип айтат: “О Аллахтын Элчиси, мен бир тегереги тосулган бакчага кирип, ал жакта аял жүргөнүн көрдум. Эркек аялы менен эмне кылса, ошонун баарын кылдым, бирок кошулган жокмун” — дейт. Пайгамбар (алейхис солаату вас салаам): “Сен биз менен намаз окудуң беле?” деп сурайт. Ал: “Ооба— деп жооп берди. Пайгамбар (алейхис солаату вас салаам) айтты: Билгин, “Чынында жакшы амалдар күнөөлөрдү кетирет” (Худ,114).

Ошол үчүн, эгер сен арак ичкен киши менен сүйлөшсөң, ага айт: “Намаз оку, бир тууганым! Чынында жакшылыктар күнөөлөрдү кетирет”. Ушундай даават кылуу шариятка дал келет. Бул эч кандай бидаат жол эмес. Учурдан пайдаланып дагы бир хадис эскерте кетейин.

Пайгамбарга (алехис солату вас салаам) бир жаш жигит келип айтат: “О Аллахтын Элчиси!» «Мага зына кылганга уруксат берчи ”- деп айтат. Пайгамбар (алейхис солаату вас салаам) айтты: — “Сен энеңе зинаны каалар белең?”- деп — Ал: “Жок!” — деп жооп бердиПайгамбарыбыз: “Ошондой эле адамдар да энелерине ал нерсени каалашпайт»деди — Айтты: “Сен эжеңе зинаны каалар белең?”- деп — Ал: “Жок!” — деп жооп берди. — Пайгамбарыбыз: “Ошондой эле адамдар да эже, карындаштарына ал нерсени каалашпайт»деди. Андан кийин Пайгамбар (алейхис солаату вас салаам) өзүнүн колун ал кишинин көкүрөгүнө коюп, айтты: О Аллах, бул адамдын жыныстык мүчөсүн сактагын жана жан дүйнөсүн тазалай көр”.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий