Аят ал-Курси — кыргызча котормосу жана мааниси менен

Аят аль-Курси жазылышы жана окулушу

Аллооху лаа илааха иллаа хува-ль-Хаййу-ль-Коййуум. Лаа та’хузуху синатув ва лаа навм. Лаху маа фис-самааваати ва маа филь-ард. Ман зал-лазии йашфаъу ъиндаху иллаа би-изних. Йаъламу маа байна айдиихим ва маа хольфахум. Ва лаа йухиитууна би шай’им-мин ъильмихи иллаа би маа шаааа‘а. Васиъа курсиййуху-с-самааваати валь-ард. Ва лаа йа‘уудуху хифзухумаа. Ва хува-ль-Ъалиййу-ль-Ъазыым.

 

Аятул-Курси аудио (Куран)

? Аятуль-Курсини жүктөп алуу үчүн бул жерди басыңыз (mp3, 857 Кб)

 

Аят аль-Курси кыргызча которулушу

Аллах – андан башка сыйынууга татыктуу эч бир зат жок, Ал – түбөлүк Тирүү, Жашоо Берүүчү! Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким шапаат-колдоочулук кыла алат?! Ал алардын (макулуктардын)  келечегиндеги жана өтмүшүндөгү бардык нерселерди билет. Ал эми алар болсо Ал Өзү каалагандан башка эч нерсе билишпейт. Анын Курсийи асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Ал – эң Жогорку жана эң Улук!

 

Аят ал-Курси аятынын мааниси (тафсири)

Шейх Абдуррахман ас-Саади бул аяттын чечмеленишин төмөндөгүдөй баяндады:

Мухаммед Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун) кабарлагандай бул Курандын эң улук аяты, себеби бул аятта Аллахтын жалгыздыгынын, сыйынууга Ал гана татыктуу экендигинин, Анын Улуулугунун жана сыпаттарынын чексиздигинин далилдери келген.

Жаратуучу Кудай Өзүн [Аллах] деп атап чыныгы кудайга тиешелүү сыпаттар Анда гана бар экенин, сыйынууга Ал гана татыктуу экенин, Андан бөлөктөргө ибадат кылуу, аларды кудай катары көрүү болбогон нерсе экенин кабарлады.

[Түбөлүк Тирүү] араб. “аль-Хаййу” Аллахтын ысымдарынын бирөөсү. Мааниси: Аллахта Өзүнүн Заты менен байланышкан тирүүлүктүн эң бир көрүнүктүү далилдери бар – угуу, көрүү, эркин билгизүү ж.б.

[Жашоо Берүүчү] араб. “аль-Коййууму” Аллахтын дагы бир ысымы. Мааниси: Анын иштеринин бардыгысы кемчиликсиз жана толук, Ал бардыгын башкарып туруучу жана эч нерсеге муктаж эмес. Тескерисинче, Аллах аларды жаратат, ошондуктан бардык макулуктардын бар болуп туруусу Аллах Таалага гана муктаж.

Тирүүлүгүнүн жана эч нерсеге муктаж эместигинин эң сонун көрүнүшү бул [Аны үргүлөө да, уйку да] албастыгы. Бул макулуктарга тиешелүү чарчоо алсыздык сыпаты. Бирок Улуулуктун, Ызаттуулуктун толуктуктун ээси болгон Аллахка ал ылайык эмес.

[Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы] бардык макулуктар Аллахтын кулдары, эч ким бул кулчулуктан азат эмес. “Асмандарда жана жердегинин баары Рахманга кул-пенде болуп келишет” (19:93). Аллах – каинаттагы (болумуштагы) бардык нерсенин ээси, Өзү каалагандай султандык кылат, себеби Ал – Улуу Падыша.

Бардык нерсе Анын гана колунда болгон Заттын [алдында Өзүнүн уруксатысыз ким шапаат-колдоочулук кыла алат]?! Үлкөн-үлкөн пайгамбарлар да, периштелер да, деги эле жалпы шапаатчылар – Аллахтын пенделери, качан уруксат берилсе гана алар башка бирөөгө болуша алышат. Куранда айтылгандай: “Бардык шапаат Аллахка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар” (39:44). Ыраазы болгон кишисине гана шапаат кылууга уруксат берет, ал эми ыраазы болот кимде-ким Аллахка сыйынууну карманып Пайгамбарлардын жолун жолдосо. Башкасына шапааттын кыпындай да үлүшү болбойт.

Кийин Аллах Өзүнүн чексиз, бардык нерсени камтыган илими тууралуу кабарлады: канчалык узак болбосун [Ал бардык макулуктардын келечегиндеги] жана өтүп кеткен [өтмүшүндөгү бардык нерселерди билет]. Андан эч нерсе жашыруун боло албайт, “Ал көздөрдүн (арам нерселерге) жашыруун назар салышын да, жүрөктөр жашырган сырларды да билет” (40:19). Ал эми жаралгандар болсо иляхий илимдин кенчинен [Аллах Өзү каалагандан башка эч нерсе билишпейт].

Аллах гана шариат мыйзамдарын, жана да жаратылыш мыйзамдарын жаратты. Ал гана макулуктарына эмне пайда эмне зыян үйрөтөт. Бирок бизге берилген илим Кудуреттүү Жаратуучунун алдындагы чексиз илим океанынын бир жарыбаган тамчысы гана. Пайгамбарлар жана периштелер Аллахты эң жакшы тааныган заттар болгон. Ошондуктан алар айтышчу: “(Оо, Рабби! Бардык кемчиликтерден) Аруу-Тазасың! Бизде илим жок. Болгону, Сен үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Сен Билүүчү, Даанышмансың” (2:32).

Кийин Аллах Өзүнүн кудуретин жана улуулугун көрсөткөн Курсий тууралуу айтып ал [асмандар жана Жерден да кенен], аларды өзүнө камтыйт экенин кабарлады. Аллах макулуктарында жараткан себептер, тартиптер жана жаратылыш мыйзамдары менен асман-жерди жана андагы жандыктарды сактап турат. Бирок Аллахтын кудурети акыйкат, бийлиги чексиз, өкүмү даанышман болгондуктан [аларды сактап туруу Аны такыр чарчатпайт].

[Ал – эң Жогорку] араб. “аль-Алийй” Аллахтын көркөм ысымдарынын бири. Ал бардык макулуктарынын үстүнөн Заты жана сыпаты менен эң жогорку деңгээлде турат. Жаралгандар Анын алдында пас жана моюн сунган абалда болушат.

Аллахтын дагы бир аты [Эң Улук] араб. “аль-Азыым”. Ал жүрөктөр жакшы көргөн, руханий жандар кадырлап барктаган бардык улуктуулук, кадырлуулук, даңктуулук  сыпаттарына ээ. Эң Улук болгон Зат аль-Алийй аль-Азыымдын улуктугунун астында мен мен деген үлкөндөрдүн улуктугу күлкү келтиргендей чекитче болуп калаарын  билгендер билишет.

Мына, “Курандын эң улук аяты” наамына коңгон бул аяттын мааниси да, атына заты жарашып, өтө ажайып. Аяттын маңызына ой жүгүртүп, маанисине көңүл буруп аны окуган адамдын жүрөгү йакын, илим жана ыйманга толуп, ошол себептүү шайтандын азгырык-жамандыктарынан сактанат.

Тафсир «Тайсир ар-Рахман»

 

Аят аль-Курсинин пазилети

Пайгамбар ﷺ айтты: «Шайтан бар үйдө Аятал Курси окулса, ал сөзсүз чыгып кетет» (аль-Хаким)

 

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий