ан-Наба’ сүрөсү
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллаhтын ысымы менен!
- Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?
- Улук Кабар жөнүндө.
- Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]
- Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!
- Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.
- Биз силерге жерди жайылган(төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!
- Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)
- Жана Биз силерди жуп-түгөй[2] кылып жараттык.
- Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.
- Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.
- Күндүздү жашоо үчүн жараттык.
- Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,
- ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.
- Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,
- чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.
- Жана да калың бак-бостондорду.
- Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллаh тарабынан) белгиленген убакыт.
- Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.
- (Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.
- Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!
- Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
- чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
- Алар анда кылымдар бою турушат.
- Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
- Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы)кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
- (Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!!!
- Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
- Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
- Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
- Эми, (жазаңарды)таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!
- Ал эми, такыбаа кишилерге ийгилик жайы (Бейиш),
- бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
- жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
- жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен)мелмилдеп турганкеселер бар.
- Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалгансөздөрдү угушпайт.
- (Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
- (Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
- Рух (Жебрейил периште) жана (башка бардык)периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
- Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
- Биз силерди жакын(да келе турган)азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» — дейт.
_________________________
[1] Кийинки аятта Аллаh Таала мушриктер ишенбеген Кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген Тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.
[2] Эркек-ургаачы
© ИсламЖолу