Белгиядагы жардырууга Исламдын тиешеси барбы?

Белгияда Генералдык секретарияттагы 22- марттагы 2016- жылы болгон терактты бардык Ахлу -Сунна аалымдары колдобойт.

Шейх Мухаммад ибн Голиб ал-Умарий حفظه الله айтты:

ИШИМ (Ирак-Шам Ислам мамлекети) жана башка адашкан жамааттар келип, ушул жардырууларды кылышты. Кудум башка өлкөлөрдө дагы жардырууларды кылышкандай. Бул нерсе хавариждердин кылмышынан экенине эч күмөн жок. Бул нерсенин Ислам дининде бир да негизи жок. Ислам дининен эмес. Алардын кылган жардыруулары, кыйратуулары жана өлтүрүүлөрү Ислам дининен эмес .

Аллах Таала айтат: «Эгер (Меккедеги хижрат кыла албай калган алсыз мусулмандар мушриктерден) бөлүнүп турганында, албетте (Меккеликтерден) каапыр болгондорун катуу азаптаган болоор элек» (Фатх 48:25).

Алар кандарын адал санаган, Ислам өлкөлөрү жана Ислам өлкөлөрүнөн башкасында жардырып жаткан бул бейбаштык менен кылгандары – туура эмес жол. Бул дааватпы? (Жок,) бул Аллах Тааланын динин жамандоонун эң чоң таризи. Жанагылар ыплас калем менен Исламдын сүрөтүн тартып жатышат, “Ислам бул өлтүрүү жана кан төгүү дини” — деп түшүндүрүп жатышат.

Алар диндин эң чоң душмандары. Ошондуктан, ички душман тышкы душмандан (балээси) чоңураак. Сырткы душманды сиз тааныйсыз. Бирок булар диндин терисин жамынышып, динди ичинен бузушат. Исламды Исламга жардам бериш наамы менен бузушат. Адамдарды динге даават урааны менен өлтүрүшөт. Ушундай жол менен чакырып жаткан эмне деген дин өзү?!

Бул азарикалардын дини, хавариждердин дини, караматийлердин дини. Ислам дини эмес! Исламдын бул кылмыштарга эч тиешеси жок. Ислам Жер шаарынын чыгыш-батышында жардыруулар жана ушундай киши өлтүрүүлөр менен эч таркалбаган.

Мына ушинтип отуруп, иш эми күлкүлүү болгудай деңгээлге жетти. Керек болсо бул жаатта хавариждерге каршы келишти…

Бир нече күн алдын ИШИМчилердин бирөөсүнүн (видео) ролиги таркалды. Айтат: “Эгер жүзү ачык аялды көрсөм анын атасын өлтүрөм”. Мына сага! Наадандык менен кан төгүүнү сүйгөндүктөрү эми атаны өлтүрүүгө жетти. Анын күнөөсү эмне? Аял бетин ачса (никаб тагынып жүрбөсө) – бул анын канын адал деп санашка далилби?

Алар Куранды кандай түшүнүшөт? Сүннөттү кандай түшүнүшөт? Анан дагы адамдардын алдына Куран-Сүннөттү (чыныгы) кармангандар катары чыга келишет. Куран-Сүннөттөн далил келтиришет, бирок өздөрү түшүнгөндөй. Мына ушул нерсе тафсир (илиминде) ката деп эсептелет. Куран-Сүннөттүн тафсири эгер нафс көңүл каалоо менен болсо – негизинен дин ыраазы болбой турган, мына ушуга окшош үрөй учура турган кылмыштарга алып келет.

Алар динден эң алыс адамдар. Аллахка касам, дин ушул кылмыштардан ар кыйла алыс.

Акылдары тайкы, жаштары кичик, тентектер. Аларда илим жок. Алардын арасынан бир дагы аалымды, илимге бекем кишини таппайсың, (керек болсо) ушул кылмыштарды тастыктаган бир дагы акылдуу кишини таппайсың.

 

Бул хавариждер жер жүзүндө жүргөндөрдүн эң жамандары. Булардан Ислам үммөтү балээден башка эч нерсе тапкан жок. Бирок, акыйкатта алардын бул кылмыштары ушул өлкөлөрдө жашап жаткан мусулмандарга зыян жана кысым болушуна гана себеп туудурду.

  • Бул кылмыштар ошол мамлекеттердеги мусулмандарга каршы күрөшүш, аларга кысым көргөзүш жана диндин белгилерин өчүрүш үчүн кылынат. Алар Исламды жамандоодон башка иштерди кылышпады го! Ислам алардан пайда көрбөдү, тескерисинче, өзүн Исламга таандык кылып коюп, кылмыш кылгандардын ичинен динге эң көп залал тийгизгендер ушулар – мейли, ал жахил наадан мусулман ушинтип жатабы же Исламга каршы күрөш үчүн атайын ичкери киргизилген шпионбу, баары бирдей эле.

Булардын кылыктары шариятка да акылга да сыйбайт. Ушундай кылмыштары менен булар эч качан элди ээрчиткен такыба үлгү боло алышпайт.

Алар Исламга каршы эң чоң согуш! Дин душмандарынын Исламга каршы күрөшүүдө пайдаланган эң чоң куралы.

Булардын жамандыгынан Аллахтан паана тилейбиз. Аларды тыптыйпыл кылып жоготсун, алардын байрагын бийик көтөртпөсүн, мусулмандарга аларды жеңүүсүн насип кылсын!

Дубай, 22-март 2016-ж.

Шейх Мухаммад Ибн Голиб аль-Умарий
https://twitter.com/m_g_alomari

Оригинал:

Которгон : © ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий