Арбак колдосун деп айтуу туурабы?

Айрым адамдардан угуп калабыз : «Арбак колдосун» — деп. Чындыгында бул сөз адамдын ыйманына зыян алып келүүчү сөз. Арбактар адамдарды колдой албайт. Тескерисинче биз арбактарга дуа кылып Алладан аларга кечирим — ырайым төгүүсүн тилейбиз.   Бул дүйнөдө эч бир арбактан үмүт кылып алардан жардам суроо болбойт. Суроонуз ага жетпейт, жетсе да жардам бере албайт. . Эгер тообо кылбастан кайра эле ушул сөздү кайталап улантчу болсоңуз. Ыйманыңыңызга чон зыян алып келип каапыр болуп кетүү коркунучу бар.

Себеби Пайгамбарыбыздын ﷺ маалындагы мушриктер өздөрүнүн сыйынып жаткан идолдору тууралуу айтышкан: «Алар бизди Аллахка ЖАКЫНДАТЫШСЫН жана Аллахтын алдында бизге ШАПААТ КЫЛЫШСЫН деп гана биз аларга кайрылабыз жана жалынып-жалбарабыз» дешет.

Алардын бул сөздөрүн Аллах Куранда келтирип, анын ширк жана каапырчылык экендигин баяндады.

Жакындатууга далил:

«Көңүл бургула! Калыс Дин Аллаһ үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга бизди Аллаһка жакын кылышы үчүн гана сыйынуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллаһ өкүм кылат. Аллаһ жалганчыларды жана каапырларды Туура Жолго баштабайт!»(Куран, аз-Зумар 39:3).

Ортомчу-жакындатуучуларды алууну Аллах бул аятта калп жана каапырчылык деди.

Шапаатка далил:

«(Мушриктер) өздөрүнө зыян да, пайда да жеткире албай турган Аллаһтан башка нерселерге сыйынышып «Ушулар Аллаһтын алдындагы биздин шапаатчыларыбыз (колдоочуларыбыз)» дешет. Айткын: «Силер Аллаһка асмандар жана жердеги Ал билбеген нерселерди билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктердин) ширк кылуусунан Таза жана Бийик!» (Куран, Юнус 10:18).

Ортомчу-шапаатчыларды алууну Аллах аяттын аягында ширк деди.

Кошумча окуу: Чыныгы шапаат – Аллах уруксат бергенден кийин гана болот.

Кээбир адамдар «арбак колдосун деген ширк эмес, ал болгону шапаат кылат” деп айтышат. Бирок, жогоруда белгилүү болгондой, бул сөздөрдү мурунку араб мушриктер да айтышкан. Демек бул сөздөрдүн эмне айырмасы бар? Алардын учурунда ширк болуп, ал эми биздин учурда ал ширк болбой калат беле? Албетте, ширк ар дайым ширк болот.

Ортомчулук издеп, арбактар аркылуу Аллахка жакындайбыз, алар биздин Аллахтын алдындагы шапаатчыларыбыз, колдоочуларыбыз дегендик – ширк, чоң күнөө.

“Ортомчулар – бул илгерки өткөн пайгамбар, олуя заттардын арбактары. Алар тирүү, алар бизди Аллахтын алдында колдошот” дегендерге жооп.

Эң биринчи ширк да ушинтип башталган. Нух пайгамбардын доорунда жашаган солих-такыба пенделер өлгөн соң аларга эстеликтер тургузулуп, кийин алардын мүрзөлөрүнө кайрылышып, алар аркылуу Аллахка жакындоо башталган. Мына ушундай абалдан кийин Алла Таалага сыйынбай ортомчу кылып сыйына баштаганда Нух пайгамбар жиберилген.

Эсертүү : Кыяматта да шапаат жок экен деп түшүнүп албайлы. Кыяматта Алланын буйругу жана руксаты менен Пайгамбарлар жана айрым соолих адамдар башка адамдарга шапаат кыла алат.

Ал эми азыркы дүйнөдө өтүп кеткен адамдардын кабырларына барып бул дүйнөдө же акыретте мага шапаат кыл деп айтуу арам жана ширк болот.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

5 комментариев

  1. Мирьек:

    Аллах сактасын

  2. Гулназ:

    Арбакты тескерисинче дуа кылып биз колдойбуз

  3. жыпарбек ажы:

    Айрыкча айыл жерлериндеги аксакалдар арбагы колдосун деген созду коп колдонушат. Ошондойлорго тушундуруу иштеринжургузуу зарыл. Анткени аксакалдардын созу туура деп колдогондор кобойуп кетпесин учун.

  4. Кубанычбек:

    Анда кандай дуа айтылат арбактарга арналып?

Добавить комментарий