Садака жария деген эмне?

СУРОО. Эр-Рияддан А.А. аттуу киши сурап жатат: “Өлгөндөн кийин маркумга пайда берүүчү жана Кыямат күнүнө чейин сообу ага жетип туруучу эмне бар?. Алар Шариат китептериби, суу [чыгаруубу] же жолбу? Үзгүлтүксүз кайрымдуулук (садака жария) деген эмне?”

  ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин айтты:

    Суроо берүүчүнүн “Кыямат Күнүнө чейин” деген сөзү тууралуу айтып кете турган болсок, эч ким ал нерсеге кепилдик бере албайт. Кандай гана нерсе болбосун, ал Кыяматка чейин калабы же жокпу, инсан билбейт.

    Ал эми “Уланып туруучу кайрымдуулук” (Садака жария) деп — бул өлгөнгө чейин адам кылып таштап кеткен нерселер. М: мечиттерде жана медреселерде дайым колдончу бир нерсе жасап кетүү, китептер, жакырларга үй куруу ж.б.у.с.

    Булар маркум үчүн калат жана анын көзү өткөндөн кийин ага пайда алып келет. Себеби, Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтты: «Адам өлгөндө, анын бардык амалдары үзүлөт, бул үчөөнөн башкасы: үзгүлтүксүз садака, пайда алып келип жаткан илим же ал үчүн дуа кылып туруучу солих перзент«.

    Ушул үчөөнүн эң жакшысы – пайдалуу илим. Себеби садакага калтырылган нерсе чирийт-жоголот, солих бала да бир күнү өлөт, ал эми илим калат.

   Мына, жүздөгөн жылдар мурун каза болгон аалымдардан ибарат ал. Алардын китептери бүгүнкү күндө адамдардын колунда. Ал китептерди окушуп, куду өзүлөрү сабак берип жатышкандай пайдаланып жатышат.

   Ошондуктан мен биздин жаштарды Шариат илимин алууга үндөп кетет элем. Ал илим себептүү өзүлөрү тирүүсүндө жана өлгөн соң пайда көрүшөт, жана мусулмандар да, ал тургай Ислам да ал илимден пайда көрөт.

   Шариат илимине эч нерсе тең боло албайт. Шариат илимдерин окуу Аллах жолунда жихадга караганда да жакшыраак. Себеби, үммөт бул илимге жашоонун бардык тармактарында муктаж. Ал эми, Жихад — Исламды коргоо, согуш багытында гана колдонулат. Кээде жихад жалпы жонунан пайдалуу болушу мүмкүн, бирок илимдей эмес.

   Имам Ахмад ибн Ханбал (Аллах ага ырайым кылсын): “Илим, эгер ниет туура болсо, ага эч нерсе тең келбейт!”, — деп айткан. Ахлюс-Сунна имамы, мухаддис, факих “Илимге эч нерсе тең келбейт”, — деп айтып жатат, карачы!

   Мен жаштарды, Куран жана Пайгамбардын ﷺ  сүннөтүнө негизделген Шариат илимин окууга үндөйт элем. Шариат илимин, өмүрлөрүн — маселелер менен далилдерди изилдеп жүрүп — өткөргөн, мурунку уламалардын сөздөрүнө негизделип алууларын үндөйт элем. Ооба.

Булак:  (Фатава Нур ъаля ад-Дарб: 353)

  http://binothaimeen.net/content/12727

https://t.me/islamjolu/3689
Share

You may also like...

Добавить комментарий