ИГИЛ (ДАИШ) ИШИМ тобу

Шейх Солих аль-Фаузан айтат:

ИШИМ (Ирак-Шам Ислам мамлекети / ИГИЛ) жамааты жана деги эле бардык адашкан топтор – “шайтандын партиясынан” деп эсептелишет: алар же харижиттер же адашууга чакыруучулар.

Буларга бир гана туура жана пайдалуу илим аркылуу каршы туруу зарыл. Аллах Тааланын “Каапырлар менен мунаафыктарга каршы согуш” деген сөзү буларга да тиешелүү. Алар мунафыктардын (эки жүздүүлөр) сабында турушат. Себеби алар мусулманбыз деп коюп, кээ бир шариат ибадаттарын аткарымыш болуп, бирок [акыйкатта] алар адашууга чакырышат.

Буларга бир гана – туура жана пайдалуу илим аркылуу, элге таркаткан күмөндүү жана жалган маалыматтарына жооп берүү (родд) менен – каршы туруу зарыл. Ошондуктан, бардыгыңар мусулмандардын эл башчысына моюн сунууда болгула.

“Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө”, ар кандай топторго. Ар бир топ өзүн “[чыныгы] мусулман” деп айтат, жана ошол топтун амирин “баш ийүүгө татыктуу амир” деп эсептешет [ал эми мусулман эл башчысын болсо чыныгы амир деп эсептешпейт, жана ага баш ийишпейт]. Мындай деп айтуу – акмакчылык. Мындан Аллах сактасын.

? Шейх Солих аль-Фаузан, Чоң Уламалар уюмунун мүчөсү, Фетвалар боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү, чоң аалым, факих.

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий