Ибадат канткенде кабыл болот?

Ибадат эки шартка ылайык келсе гана Аллах алдында кабыл болот. Экөөнүн бирөөсү эле жок болсо ибадат жокко чыгат.

Биринчи шарт – ыклас: Ибадатты Аллахка гана багыттоо, ширктен таза болуу. Даарат бузулса намаз кабыл болбогондой эле, ыклас бузулса ибадат кабыл болбойт. Аллахка сыйынып, кийин ширк кылсаң – амалдарың күйүп кетет.

Экинчи шарт – Пайгамбарды ﷺ ээрчүү. Пайгамбар ибадат деп көрсөтпөгөн иш – диндеги жаңылык (бидаат) болуп эсептелет, Аллах алдында кабыл болбойт, ибадат деп эсептелбейт. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ  айтты: “Ким биздин уруксатыбыз болбогон нерсе[ни динден деп] аткарса – ал кайтарылат” хадистин башка вариантында айтылат “Ким биздин ишибизге [динибизге] анда болбогон жаңы бир нерсе киргизсе – ал кайтарылат(Бухари, Муслим). 

Амал ибадат деп эсептелиш үчүн сөзсүз Шарияттагы далилге негизделиши лазым. Жакшы максат же түз ниет деп кылынган менен – эгер Пайгамбар ﷺ ал нерсеге уруксат бербеген болсо – ал амал “бидаат” деген өкүм алат. Эгер киши Аллахка жакындап жатам деп ойлоп, бирок динде бидаат жасап жатса ага амалы пайда бербейт. Ага сооп жок. Тескерисинче амалы зыян гана берет, себеби ал күнөө.

Аллах жана Анын Пайгамбарынан ﷺ башка эч кимге акыйкатта моюн сунулбайт. Алардан бөлөктөргө болсо Куран-Сүннөттүн далилдерине шайкеш келсе гана моюн сунулат. Аллах Таала айтат: “Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка баш ийгиле, Элчиге баш ийгиле жана силерден болгон иш башчыларга

(Куран, ан-Ниса 4:59).

Иш башчылар – эл башкарган адамдар жана аалымдар. Эгер алар Аллахка итаат кылышса, биз аларга итаат кылышыбыз парз болот. Эгер Аллахтын буйругуна каршы бир иш кылышса, аларга бул ишинде итаат кылышыбыз уруксат эмес. Себеби Аллахтын Элчисинен ﷺ сырткары эч бир адам өз алдынча итаат кылынбайт. Аларга Пайгамбарга баш ийүү маселесинде гана итаат кылынат.  Мына, туура ибадат ушундай болот.

 

[button color=»» size=»» type=»outlined» target=»» link=»»]

Булак: «Шарх аль-Коваъид аль-Арбаъ».
Автор: Солих ибн Фаузан аль-Фаузан, Сауд Аравиясынын «Фетвалар боюнча туруктуу комитетинин» мүчөсү, «Чоң аалымдар кеңешинин» мүчөсү.

© ИсламЖолу

 

[/button]

Share

You may also like...

2 комментария

  1. Кантип ниетти оңдосо болот? Оюма жаман нерселер келе берет.

  2. Кантип ниетти оңдосом болот? Оюма ар кандай жаман ойлор келе берет?

Добавить комментарий