Нике (үйлөнүү) — бай болуу себеби

Аллах Таала айтты:

((وَأَنكِحُوا۟ ٱلۡأَیَـٰمَىٰ مِنكُمۡ وَٱلصَّـٰلِحِینَ مِنۡ عِبَادِكُمۡ وَإِمَاۤىِٕكُمۡۚ إِن یَكُونُوا۟ فُقَرَاۤءَ یُغۡنِهِمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِیم))

«Өзүңөрдүн араңардан бойдокторду жана кул-күңдөрүңөр арасынан солихтерин үйлөндүргүлө. Эгер алар кедей болушса, Аллах Өз мээрими менен аларды байытат. Аллах Кенен, Билүүчү»  (Куран, ан-Нур 24:32).

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

Абу Бакр бул аяттын маанисинде айтты:
«Силер Аллахтын “үйлөнгүлө” деген буйругун аткарсаңар, Ал силерге “байлык берем” деген убадасын аткарат»  (Ибн Аби Хатим).

Ибн Масуд бул аяттын маанисинде айтты:
«Байлыкты үйлөнүүдөн, адал никеден издегиле»  (ат-Табари). Мындай сөздөр Умардан да риваят кылынат.

Ибн Аббас бул аяттын маанисинде айтты:
«Аллах азат жана кулдарды үйлөнүүгө чакырып жатат, жана никеде байлык берээрин убада берип жатат»  (Ибн Касир).

 Пайгамбар ﷺ изарынан бөлөк эч нерсеси жок адамды дагы үйлөндүргөн. Керек болсо, махр катары бергени, анын темир шакеги да жок эле. Аны “аялыңа Куран үйрөтөсүң” деген махр менен үйлөндүрдү. Кийин, Аллах ага жана анын аялына жетиштүү болгондой ырыскы берип койду.

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

Пайгамбар ﷺ айтты:

مَنِ اسْتَطَاعَ الْبَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ ؛ فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ ؛ فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ

«Ким үйлөнүүгө күчү жетсе – үйлөнсүн. Себеби, бул – көздөрдүн ылдый карашына жана жыныс мүчөлөрүн сактоого жардам берет. Ал эми ким үйлөнө албаса – орозо кармасын. Анткени орозо, ал үчүн бычып коюлгандай эле кеп»  (Бухари: 1905).

Пайгамбар ﷺ айтты:

ثَلَاثَةٌ حَقٌّ عَلَى اللَّهِ عَوْنُهُمُ : الْمُجَاهِدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ، وَالْمُكَاتَبُ الَّذِي يُرِيدُ الْأَدَاءَ، وَالنَّاكِحُ الَّذِي يُرِيدُ الْعَفَافَ

«Үч кишиге Аллах сөзсүз жардам берет: Аллах жолундагы аскерге, өзүн өзү сатып алып бошонууга аракет кылган кулга жана жыныс мүчөсүн сакташ үчүн нике кылган кишиге»  (Тирмизи: 1655; Насаи: 6/61. Шейх Альбани хадисти хасан деди).

══════ ❁✿❁ ══════

Аллах Таала айтты:

وَإِنْ خِفْتُمْ أَلاَّ تُقْسِطُواْ فِي الْيَتَامَى فَانكِحُواْ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ النِّسَاء مَثْنَى وَثُلاَثَ وَرُبَاعَ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلاَّ تَعْدِلُواْ فَوَاحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ذَلِكَ
أَدْنَى أَلاَّ تَعُولُواْ
«…Өзүңөргө жаккан аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге алгыла. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү менен же болбосо, кол астыңардагы күң аялдарыңар менен чектелгиле. Ушул — силер зулумдукка жол бербешиңер (алля таъулу) үчүн эң жакын амал» (Куран, ан-Ниса 4:3).

 Шейх Альбани айтты:
«Бул жерде алля таъулу деп кедейлик (ъийля)[1] айтылып жатат. Демек, көп аял алуу – бай болуунун жана кең жашоонун бир себеби. Башка бир аятта «Эгер алар кедей болушса, Аллах Өз мээрими менен аларды байытат», — деп келет эмеспи. Көрдүңбү, үйлөнүү – бул бай болуунун бир себеби, кедей болуунун себеби эмес. Аятта келген “алля таъулу” дегендин мааниси “Ушул силер кедей болуп калбашыңар үчүн эң жакын амал”.
Адамдардын арасында “Ар бир конок өз ырыскысы менен келет” деген жакшы макал бар эмеспи. Туурабы? Тоййиб. Ошондой эле аял дагы өз ырыскысы менен келет. Экинчи аял дагы өз ырыскысы менен келет.
Адамдар “бир аял алсам, эки аял алсам кедей болуп калам» деп корко беришет. Ал эми бул аятта аларга жооп бар. “Ушул силер кедей болуп калбашыңар үчүн эң жакын амал”»

 Булак: Силсиля аль-Худа ван-Нур: 536/7.


[1] Аятта келген عال этишинин эки мааниси бар: зулумдук кылуу, кедей болуу.

https://t.me/islamjolu/3687

@islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий