Бактылуулуктун үч белгиси

Эгер сиз жакшылык келсе шүгүр кылгандардан, сыноо келсе сабыр этүүчүлөрдөн, күнөө кетирсеңиз кечирим сурачулардан  болсоңуз — билиңиз, сиз Аллахтын ырайымына ээ болгон бактылуу киши экенсиз.

Бул дүйнөдө эң кымбат нерсе ыйман эмеспи. Адам өзүнөн өзү ыймандуу боло албайт. Аллах тандап, Өзүнө жакындатып, жакшы көргөн пендесине гана ыйман насип кылат. Ал эми кимге ыйман насип кылса – Акыретте Бейишке киргизет, бул дүйнөдө болсо бактылуу кылат.

Адамда ыйман бар экенинин белгиси – жакшылыкта шүгүр кылганы, кыйынчылыкта сабыр кылганы жана күнөө-ката кетирсе анысынан дароо тооба кылганы. Бул бактылуулуктун 3 жакшы сыпаты.

Аллах Таала айтат:  “Эгер шүгүр кылсаңар силерге көбөйтүп берем. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу”                    (Куран, Ибрахим 14:7)

Көп адамдар эгер ага нээмат (жакшылык) берилсе ага шүгүрсүз болушат, аны Аллахтан деп билишпейт, ибадат жолунда сарп кылышпайт. Ошентип ага берилген нээмат анын бактылуулугуна эмес, бактысыздыгына себеп болот. Ал эми ким шүгүр келтирип жүргөн болсо Аллах убада кылат: “Эгер шүгүр кылсаңар силерге көбөйтүп берем. Ал эми, шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катуу” (Куран, Ибрахим 14:7). Эгер сенде болгон жакшылык көбөйсүн десең – Аллахка шүгүр келтир, ал эми ал жакшылык кетип калсын десең – шүгүр келтирбе.

Кошумча окуу: Чыныгы бактылуулук деген эмне?

Аллах айтат: Албетте, Ал [Аллах] сабырдууларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.(Куран, аз-Зумар 39:10)

Адам бул дүйнөдө ар кандай кыйынчылык-кырсык менен, каапыр-мунафыктардан болгон душмандар себептүү ар кандай сыноолор менен сыналат. Ушул учурда сабырдуу болуп Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөө зарыл. Фитналар келгенде өзгөрүлүп кетпей же аларга багынып бербей динге бек болуу зарыл. Дин тутунуунун оорчулуктарынан жапа чеккен учурда сабыр кылуу зарыл. Ал эми сыноо келгенде сабырсыз, Аллахтын мээриминен үмүтсүз болгондордун башына балээ үстүнө балээ түшө берет.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Аллах бир коомду жакшы көрсө аларга сыноо берет. Ким ыраазы болсо [Аллах] андан ыраазы, нааразы болсо [Аллах] андан нааразы”, дагы айтты: “Эң чоң сыноо пайгамбарларга келет. Андан соң аларга окшогондорго. Андан соң аларга окшогондорго.”. Аларга окшогондор – бул сыддыкиндер, андан соң шейиттер, андан соң момундар. Алар сабыр кылышты.

Ал эми мунафиктер тууралуу Аллах Таала айтты: “Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллаhка [ыйман жана каапырчылыктын] мизинде ибадат кылат. Эгер ага [ибадаты  себептүү] бир жакшылык жетсе, аны менен  көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир сыноо жетсе [динден] жүз буруп кетет. [Мындай адамдар] дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!” (Куран, аль-Хажж 22:11).

Дүйнө дайым жапжашыл, таттуу, жумшак боло бербейт. Жок. Аллах жакшылык-жамандыкты дайым пенделердин арасында кезектештирип турат. Үммөттүн эң абзел адамдары – сахабалар – кандай гана сыноолорго учурабады. Аллах Таала айтат: “Биз бул [жеңген жана жеңилген] күндөрдү адамдар арасында [кезектештире] айлантып турабыз.” (Куран, Аалу Имран 3:140).

Ошондуктан пендеге сыноо түшсө бул нерсе жалгыз гана ага келбегендигин, андан мурда да Аллахтын эң жакын пенделерине ушул нерсе келип жүргөнүн билсин, сабыр кылсын, Аллах Тааладан жеңилдик күтсүн. Ал эми жакшы натыйжа такыбалардын артында эмеспи.

Аллах Таала айтат: “Алар бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллаhты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллаhтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт.”(Куран, Аалу Имран 3:135).

Ким күнөө кылып, бирок анысын таштоонун ордуна кайра көбөйтсө – бактысыз адам. Аллах бизди андан сактасын. Ал эми момун пенде ар күнөө-ката кетирсе дароо истигфар кылышат, тообага шашат.

“Албетте, Аллаhтын тообаларды кечирүүсү күнөө ишти наадандыктан жасап алып, кийин дароо тооба келтиргендерге арналган.” (Куран, ан-Ниса 4:17). Наадандык деп бул аятта илимсиздик деген мааниде эмес, себеби билбей жасалган иш айыпталбайт. Наадандык бул жерде сабырдын жоктугу, динге бекемдиктин жоктугу деп тафсирленет. Ошондуктан ар бир күнөө кылган киши – наадан (жахиль), б.а. сабыры, акылы, адамкерчилиги аз, керек болсо ал аалым болсо да.

“Дароо тооба келтиргендер” – ар күнөө кылган сайын дароо истигфар кылышат. Ката-кемчиликтен таза бир дагы адам жок. Бирок, аль-хамду лиллях, Аллах тооба эшиктерин ачып койду. Пенде ката кылаар менен тообага шашылуусу керек. Ал эми истигфар жана тооба кылбагандык – бактысыздык белгиси. Андай кишиге шайтан келип “сага тооба жок” деп азгырып, ошентип ал Аллахтын чексиз ырайымынан үмүтсүздөнөт.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий