Сүннөт деген эмнени түшүндүрөт?

Сүннөт же Сунна деген термин бир нече маанини туюндурат.

1⃣ Эгер “Фарз жана Сүннөт” деген сөз айкалышта келген болсо, Фарз – бул милдеттүү түрдө аткарылчу ибадаттар, ким аны аткарбаса күнөөкөр болот; ал эми Сүннөт – ыктыярдуу түрдө аткарылчу ибадаттар, ким аны аткарса сооп табат, аткарбаса күнөөлүү болБойт. Бул термин көбүнчө Фикх илиминде колдонулат.

2⃣ Эгер “Куран жана Сүннөт” деген сөз айкалышта келсе, Куран – бул Аллахтын сөздөрү; ал эми Хадис Пайгамбардын ﷺ сөздөрү, иштери жана көрүп туруп үнсүз макул болгон ишараттары. Бул термин көбүнчө Мусталах илиминде колдонулат.

3⃣ Эгер “Сүннөт” деп жалгыз келсе, бул учурда Сүннөт деп – Пайгамбардын ﷺ жолун айтабыз. Жалпысынан Ислам динин, анын акыйдасын, ибадатын, адеп аклагын камтыган терминди түшүнөбүз. Бул термин көбүнчө Акыйда илиминде колдонулат. Анын синоними катары “‪Манхаж” деген да сөз колдонулат. Антоними болсо “Бидаат‬” – Исламга каршы келген, анда негизи жок болгон ар бир диндеги жаңылык.

Ушул маанидеги Сүннөттү ээрчүү тууралуу айтылган сөздөр:

Аллахтын сүйүүсү Сүннөттү ээрчүүдө! Аллах Таала айтты: «[O, Мухаммед!] айткын: — Эгер Аллахты сүйсөңөр мени ээрчигиле, ошондо Аллах силерди сүйгөн болот…» (3:31)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким мага баш ийсе Бейишке кирет, ким баш ийбесе [Бейиштен] баш тарткан болот» (Бухари)

Пайгамбарыбыз айтты: “Диндеги ар бир жаңы нерсе – бидаат, ар бир бидаат — адашуу” (Ахмад, Абу Дауд)

Ибн Умар айтты: «Ар бир бидаат адашуу, адамдар аны жакшы [бидаат] деп ойлошсо да» (Ибн Батта: 1/339)

Хасан Басри айтты: «Сүннөткө бекем болгула, Аллах силерди жалгасын. Сүннөт ээлери мурда да аз санда болушкан, кийин да аз санда болушат. Алар жыргагандардын жыргалы менен кетишкен эмес, бидаатчылардын бидаатын ээрчишкен эмес. Раббисин жолукканча сүннөттө бекем болушту. Силер да ушундай болгула, ин щаа Аллах!» (Игоса ал-Ляхван: 1/70)

? Имам Малик айтты: «Сүннөт – бул Нухтун кемеси [сыяктуу]: ким ага илешсе кутулат, ким каршы чыкса чөгөт» (Заммуль-Калям: 885)

© ИсламЖолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий