ИГИЛ тобунун 13 ачык адашуусу

Азыркы күндөрдө пайда болгон, өзүн Ислам мамлекети (ИШИМ — Ирак менен Шамдын Ислам мамлекети) деп тааныштырган топтун Исламга эч кандай тиешеси жок.

Алардын сүйлөгөндөрү Куран, Хадис жана илгерки сүннөт аалымдарынын сөздөрү болгону менен – бул жөн гана алардын адашуусун жашыруу үчүн айтылган сөздөр. Чындыгында алар Куранды да, Хадистерди да, аалымдардын сөздөрүн да түшүнүшпөйт.

Бүгүнкү күндө бир дагы Ахлю-с-Сунна аалымы аларды колдобойт. Тескерисинче, аларды адашкан агым ХАРИЖИТТЕР деп өкүм беришип, жаштарды аларга кошулуудан кайтарышууда.

ИШИМ харижиттик тобунун адашуулары (кыскача):

1. Мусулман мамлекет башчыларына баш ийүүдөн чыгып, өзүнчө топ болуп бөлүнүү.

2. Cектанттык жолдо – алгач өздөрүнүн уюшулган топ, кийин “мамлекет” деп жарыялап, ошол мамлекетке кошулган адамдарды гана мусулман деп эсептеп, аларга кошулбагандарды же кошулуудан баш тарткандарды “муртадд” (Исламдан чыгып каапыр болгон кайрыдин киши) деп эсептөө. Дүйнө жүзү боюнча өзүлөрүн гана мусулман өлкө деп эсептеп, башка мамлекеттердин баарын каапырлар деп эсептөө.

3. Такфир чыгаруу (каапырлыкта айыптоо). Мусулман өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларына, мусулман аскерлерине, коопсуздук кызматтарында иштегендерге такфир чыгаруу (аларды каапыр, мусулман эмес деп өкүм берүү). Шариатта каапырлык деп эсептелбеген күнөөлөр үчүн деле башка мусулмандарга такфир чыгаруу. Бул тууралуу алардын окуялары көп.

4. Илимсиздик. Булардын арасында бир дагы этибарга алынган чоң аалым жок. Тескерисинче, игиш-тиктер бардык ахлю-с-суннанын аалымдарын да каапыр дешип, аларга баш ийишпейт, аларды угушпайт. Игиш-тиктер өзүлөрүнүн гана идеологиясын колдогон, өзүлөрүнө окшогон адашкан илимсиздерди аалым деп эсептеп, маселелеринде аларга гана кайтышат.

5. Илимсиздиктин айынан Куран аяттарын, Хадистерди, аалымдардын сөздөрүн өзүлөрү каалагандай чечмелешип, Шариаттын керектүү жерлерин гана терип алышат. Өзүлөрүнө каршы келген аяттарды, хадистерди же аалымдардын сөздөрүн кабыл кылышпайт. Шариаттын көп өкүмдөрүн орой каталар менен карманышат. Өзгөчө Жихад маселесинде адашып, бул мамлекеттик деңгээлде аалымдар менен чечилчү маселелерди өзүлөрү (илимсиз болушса да) чече беришет.

6. Өзүн өзү жардыруу иш аракеттерин уруксат кылгандары жана Шариатта тыйылганына карабай бул нерсени кеңири колдонгону.

7. “Өлүм жазасы” деген ураан менен бейкүнөө адамдарды мууздаганы. Ислам мамлекетинде эмне адамдарды койдой кылып мууздайбы?!Адамдарга оройлук, адепсиздик менен мамиле кылуулары.

8. Пайда-зыян (маслаха-мафсада) маселелерин эске албай, бардык иштерди радикалдуулук менен, бир тараптуулук менен чечүүлөрү.

9. ИГИШке кошулган катардагы адамдар “амирлерине” сокур ээрчүүсү, айтылып жаткан сөздөрү Шариатка ылайык келеби же жокпу далилдерин билүүсүн аракет кылбоосу.

10. Негизги максаты болгон – бийликти – жакшы сөздөр менен жашырышып “биз Алла жолунда жихад кылып жатабыз” дешүүдө. Бирок көздөгөн максаттары бийлик экени өзүлөрүнүн сөздөрүнөн эле билинип турат.

11. Өзүлөрүн ушунчалык туура сезгендиктен “кылып жаткан иштерибизден Аллах сөзсүз ыраазы” деп толук ишенишет. Ал эми бул ахлю-с-суннанын акыйдасына каршы келет. Чыныгы момун мусулмандар сооп иш кылып “амалым кемчиликтүү болуп, кабыл болбой калбаса экен” деп коркушат.

12. Адистердин айтымында ИГИШ чыгарган видео жана сүрөттөр эң жогорку деңгээлде, бардык заманбап аспаптардын колдонушу менен даярдалат. Видеороликтерди даярдоодогу жарык, үн, композиция, компьютердик эффектилерден бул тармакта атайын адистер кызмат кылып жатканы маалым болот.

13. ИШИМ бул жөөт-массондордун Исламды дүйнө жүзүнө жаман көрсөтүү үчүн атайын дайындалган долбоор жана да ага Масондордун чоң кызыкчылыгы бар экенине күмөн жок.

? www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий