Рамазан орозо-2022 качан башталат? Орозонун так датасы. Кыргызстан

Рамазан Орозо-2022 башталышы: 2-апрель. Бирок айдын чыгышына карата 3-апрель деле болуп калышы мүмкүн.

🌙 Шаабан айынын 29-числосу шектик күнү деп аталат (эртең орозо тутабызбы же жокпу деп шектенген үчүн).

Быйыл шектик 1-апрелге туш келип жатат. Бул күнү шам намазынан кийин ай каралат: эгер ай көрүнсө эртеси Рамазан орозосу башталат (2-апр), ал эми көрүнбөй калса анда эртеси отузунчу Шаабан деп эсептелет да Рамазандын орозосу андан кийинки күнү башталат (3-апр).

Шек күндөрү орозо тутуу болбойт.

Хадисте келет: “Рамазандын алдын 1 же 2 күн эч кимиңер орозо тутпагыла. Бир гана адаттагы орозосу болгондор бул күнү орозолорун тута алышат” 📚 (аль-Бухари: 1914; Муслим: 1082),

Адаттагы орозо – М: кайсыл бир киши ар Дүйшөмбү жана Бейшемби тутуп жүрсө, же карыз орозолорду кармап келе жатса – бул күндөр шектикке туура келип калса – анда ал тута берсе болот. Ал эми мурда тутпай жүргөндөр, Рамазандын 1-2 күн алдын атайылап орозо тутуу уруксат эмес.

Шектик — бул Арапа эмес. Кээ бирлер Шектик күндү АРАПА деп Курман айттын алдындагы күн менен алмаштырып жатышат.

АРАПА – Курман Айттын алдындагы 1 күн.

ШЕКТИК – Рамазан айынын алдындагы 1-2 күн.

? Шектик күнү атайын кылынчу ибадаттар барбы?
! Бул күнү ай каралат. Эгер ай көрүнсө эртеси орозо башталат. Шектик кадимки эле күндөрдөй. Анын өзгөчүлүгү — ал күнү шамдан кийин ай каралганы.

Рамазан айынын башталышы 2 учурдун бирөөсүндө болот: же 1 адилетүү киши жаңы айды көрүшү жана ал тууралуу адамдарга кабарлашы менен; же шаабандын 30-күнү бүтүшү менен.

Ибн Умар риваят кылган хадисте келет Аллахтын Элчиси ﷺ айтты дейт: “[Жаңы айдын] көрүнүшү менен орозо туткула жана [кийинки жаңы айдын] көрүнүшү менен орозону токтоткула. Ал эми булуттар тоскоолдук кылып [айдын чыгышы же чыкпашы көрүнбөй] калса анда отуз күн деп эсептегиле” 📚 (аль-Бухари: 1900; Муслим: 1080)

Рамазан Орозо-2022 үчүн айды кароо 1-апрель (Шаршемби) болмокчу. Ошол күнү кечинде ай каралат.

Кошумча окуу: Рамазанга даярдыгыңыз кандай? Рамазандагы адамдардын акыбалы — Шейх Солих аль-Фаузан

© ИсламЖолу

ИсламЖолу телеграмда https://t.me/islamjolu

Share

You may also like...

Добавить комментарий