Бул катты 20 жолу таркатышым керекпи?

Бул катты 20 жолу таркат. Таркатсаң – жакшылык келет. Таркатпасаң – жамандык болот деп ватсап аркылуу смс-тер таркалып жатат.

? Бул нерселерге ишенүү болбойт. Бул жалган нерсе. Бул нерселерге кээбир карапайым адамдар ишенип, наадан адамдар тарабынан колдоо көрсөтүлүп – бири бирине таркатышып жатышат. Бул нерсе жалган жана Аллах койгон — Шариат менен аалам мыйзамдарына — каршы келет.

Мындай жалган нерселерге ишенбеңиз:

Бул катты 20 жолу таркат
Кара мышык өткөн жерден өтпөйт
Шыпыргыны тик тургузбайт
Босогодон учурашпайт
Эки ачанын ортосунан өтпөйт
Сапар айында үйлөнбөйт
Бейшемби кир жуубайт
Арапада жуунбайт
Караңгыда акча бербейт
Гороскоп
Төлгө салуу
Ж.б.

? Бул нерселер – ырым-жырым  деп аталат;

? Бул нерселерге ишенүү – күнөө.

 

Аллахтын Элчиси (соллаллаху ‘алейхи ва саллям) айтты: Ырым-жырымга ишенүү – бул ширк (Абу Дауд: 3910, сахих).

Ширк – деген сөздүн мааниси «Аллахка бирөөнү теңөө». Ширк — эң чоң күнөөлөрдөн.

Ырым-жырымга ишенген адамдар ар кандай акыбалдарда болушат:

1) Эгер адам ишенсе “ошол катты жибербей койсо зыян болот, жиберсе пайда болот, бул нерсе өзүнөн өзү пайда-зыян бере алат ” деп – бул чоң ширк болот, адам Ислам дининен чыгып кетет.

2) Эгер адам ишенсе “ошол кат өзүнөн өзү пайда-зыян алып келбейт, бирок себеп гана болот ” деп – бул кичи ширк, б.а. арам иш. Себеби Аллах койбогон себепти себеп деп ишенүү – чоң күнөө.

3) Эгер адам бул нерсеге ишенбесе, бирок баары бир деле жүрөгүндө “балким пайда-зыян болуп калышы мүмкүн” деген күмөн калса – бул дагы күнөө, себеби ширктен толук кутулбаптыр.

 

Бардык ааламдын Башкаруучусу жана Падышасы – бир гана Аллах. Аллахтан башка эч ким бул ааламды башкарбайт, Анын шериги жок!

Аллах бул дүйнө мыйзамдарына – баланча катты таркатпаса балээ болот, кара мышык өтүп кетсе кырсык болот – деген нерселерди койгон эмес. Ушундай экенин же шариат (Куран-Хадистер) тастыктабайт, же дүйнө илимдери (физика, химия ж.б.) тастыктабайт. Бул жөн гана жалган.

?Канча деген адамдар бар, аларга ушундай кат келгенде өчүрүп салышкан, ыргытып жиберишкен – кийин алар менен эч нерсе болгон жок. Канча деген адамдар бар, катка ишенип таркатып жиберишти эле – эч кандай жакшылык деле, байлык деле келген жок!

Шариат мындай ырым-жырымдарга ишенбөөнү буюрат.

Баланча деген катты жибербей койгон үчүн же шыпыргыны тик коюп койгон үчүн балээ келбейт. Жок.

Кырсык жана балээлер – адам өзү жасаган күнөөлөрү үчүн келет.

Аллах Таала айтат: Силерге кандай гана кыйынчылык жетпесин, ал – колуңар жасаган [күнөөлөр] себептүү… (Куран, аш-Шуура 42:30)

Сага кандай гана жакшылык жетпесин, ал – Аллахтан. Сага кандай гана жамандык жетпесин, ал – өзүңдөн (Куран, ан-Нисаа 4:79)

Ошондуктан Аллах Таала айтат: Силердин ырым-жырымыңар өзүңөргө (Куран, ЙаСин 36:19).

Абдуррахман ибн Хасан Алу Шейх бул аяттын тафсиринде айтат:

“Жамандык адамга – ырым-жырымга ишенгендиги үчүн, куфр кылганы үчүн, жакшылыкка чакыруучунун кеңешин укпай койгону үчүн – жетет. Бул балээ бир гана өздөрү кылган зулумдук жана душмандык себептүү. Аллахтын тагдырында – адилеттүүлүк жана даанышмандык менен – ушинтип жазылган эле. Валлаху аълям!”

?Булак :  (Фатх аль-Мажиид, Баб ат-Татаййюр)

© ИсламЖолу — сахабалардын жолу

www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий