Эн негизгиси жүрөк таза болсо болдубу?

Кээ бир адамдар айтышат: «Мен намаз окубайм, орозо кармабайм, Аллахтын буйруктарын аткарбайм, бирок жүрөгүм таза»

Бирок бул тек гана алдануу!
Сыртыңдан күнөөкөр болуп, ал эми ичиңден такыба болуу мүмкүн эмес. Кимдин жүрөгү таза болсо, анын амалдары да таза болот.

Пайгамбар (ﷺ) айткан : «Денеде бир кесим эт бар, эгер ал жакшы болсо, анда бүт дене жакшы (т.а. сырткы амалдар), эгер ал бузук болсо, анда баары бузук. Ал кесим — жүрөк!» (Хадис Бухари, 39)

Ошондуктан напсиңе ээрчип өзүңдү кур сөздөр менен азгырба. Аллах Таала берген өмүрдү, күндөрүңдү — акыретиң үчүн пайдаланып кал! Чындыгында, Кудай Тааланын парыз кылган буйруктарын аткарууда эч бир кыйынчылык жок, өзүң үчүн эки дүйнөдө пайда гана бар. Аллах Тааланын алдына Анын буйруктарына моюн сунбаган пендесинен болуп баруу — мына ошол чыныгы оор абал.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий