⁠Сахабалардын диндеги жолу эң туура жол

«Качан аларга «Адамдар ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле» -деп айтылса, (эки жүздүүлөр жооп беришет:) «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» — деп. Мына, өздөрү анык акылсыздар! Бирок, (муну) билишпейт»
(Куран, аль-Бакара 2:13) ℹ
Бул жерде «адамдар» деп сахабалар айтылууда  (Тафсир Табари жана Ибн Касир) ? Демек, сахабалар ыйман келтирген нерсеге ыйман келтирүү керек. Ыыйман — бул сөз, амал жана ишеним.
Демек сахабалар айман келтиргендей ыйман келтирүү деген бул
— Алар кылган иштерди кылуу, алар кылБаган иштерди кылбоо, — алар айткан сөздөрдү айтуу, алар айтпаган сөздөрдү айпоо, — алар ишенген нерсеге ишенүү, алар ишенбеген нерсеге ишенбөө.
Мыну, ушундай кылсак бул — Туура Жол. Бирок, ким сахабалардын ыйман жолунан баш тарса бул — Адашуу. 
________
© www.islamjolu.kg
Share

You may also like...

Добавить комментарий