Зул-хижжа айынын он күнүндөгү Аллахты зикр кылуу сөздөрү

Аллах Таала мындай деген: «Белгилүү күндөрдө Аллахты зикир кылгыла» (Куран, ал-Хаж: 28).

? Ибн ‘Аббас: “Белгилүү күндөр — бул зул-хижжа айынын алгачкы он күнү”, — деген. (Кз.: “Сахих ал-Бухари” 1/321)

 

Зуль-Хижжанын он күнүндө төмөндөгүдөй зикрлер кылынат:

• Субхааналлаах (Аллах бардык кемчиликтерден таза)
• Аль-Хамду лиллях (Аллахка мактоолор болсун)
• Ля иляха илляллаах (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок)
• Аллааху акбар (Аллах бардыгынан улук, бардыгынан чоң)

Жана да ушул такбир зикрлерин көп айтса дурус:

• Аллааху Акбар, Аллааху Акбар! Лаа илааха илла-Ллааху! Аллааху акбар, Аллааху акбар, ва лиЛлаахи-л-хамд!» (Аллах Улук, Аллах Улук! Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч ким жок! Аллах Улук, Аллах Улук, жана Аллахка мактоолор болсун!)

? Бул зикрлерди баскан турган жерлерде, көчөдө, үйдө, базарда көп көп ирээт айтуу жакшы иш.

 

Ибн ‘Умардан Аллахтын Элчисинин ﷺ:

Аллах үчүн зул-хижжанын он күнүнөн улугураак күндөр жана (ошол күндөрдө иштелген) амалдардан сүйкүмдүүрөөк амалдар жок. Ошондуктан, ушу күндөрдө «субхана-Лллах», «алхамдулиллах», «ла илаха илла-Ллах» жана «Аллааху акбар» сөздөрүн айтууну көбөйткүлө!”, — деп айтканы риваят кылынат.

? (Ахмад 7/224, ат-Табарани “ал-Кабирде” 3/110. Хадистин сахихтигин хафиз ал-Мунзири, ал-Хайсами жана шейх Ахмад Шакир ырасташкан)

??? Ошентип, бул он күндө Аллахты зикир кылуу сөздөрүн көбөйтүү керек экен!

 

Имам ан-Навави мындай дейт:

Зул-хижжа айынын он күнүндө Аллахты зикир кылууну көбөйтүп, адаттагыдан аны көбүрөөк аткаруу керек экендигин бил. Ал эми Арафа күнү зикирди башка он күндөн көбүрөөк айткан абзел”. ? (Кз.: “ал-Азкар” 38)

Имам ал-Бухари мындай деп баяндайт:

Ибн ‘Умар менен Абу Хурайра зул-хижжанын он күнүндө базарга чыгышып, такбир айтышчу. Адамдар да аларга кошулуп такбир айта башташчу”. ? (Кз.: “Сахих ал-Бухари” 1/321)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий