Ашура күнү кантип орозо кармаш керек?

СУРОО. Ашура күнү, анын орозосу тууралуу. Аны бир күн эле кармоо болобу? Же Ашуранын алдынкы күнү же кийинки күнү орозо кармаш керекпи? Бул нерсенин даанышмандыгы эмнеде?

ЖООП. Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан Ашура күнү тууралуу жооп берип айтты:

Ибн аль-Каййим (Аллах аны Өз ырайымына алсын) өзүнүн “Зад аль маъад фи хади хайриль ибад” аттуу китебинде бул тууралу мындай деген:

“Ашура күндүн орозосу үч түрдүү болот.

Биринчиси жана эң жакшысы: Үч күн орозо тутулганы, ал – Мухаррам айынын тогузунчу күнү, онунчу күнү жана он биринчи күнү. Эң жакшысы ушул.

Андан кийинки мартабадагысы – тогузунчу жана онунчу күндөрү орозо тутулганы.

Андан кийинкиси, онунучу жана он биринчи күндөрү орозо тутулганы деп келет”.


?
Булардын бардыгында чоң жакшылык бар. Эгер бирөө бир эле Ашура күнү орозо кармайм десе – буга дага уруксат.

Бирок Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) “Жөөттөргө окшошпогула” деп айткан. Себеби жөөттөр Ашура күнү орозо кармашкан. Алар айтышкан бул күнү Аллах Мусаны жана анын коомун куткарып, жана Фараонду жана анын коомун жок кылган деп. Ошол себептен алар ошол күнү орозо кармашчу эле.

Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) айткан: “Биз силерге караганда Мусага жакыныраакбыз” деп. Пайгамбар (салла Ллаху алейхи ва саллям) Ашура күнү орозо тутту жана жөөттөрдөн айырмаланып туруш үчүн анын алдынкы же кийинки күнү орозо тутууга буюрду. Ооба.

ИсламЖолунун Ютубдагы каналынан көрүү:https://www.youtube.com/watch?v=3SZvHfakttg

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий