Жыныстык катнаш тууралуу суроо. Өзүн өзү кумардантуу болобу?

Аллах Таала момум пенделерин сыпаты тууралуу баяндап, айтты:

«Алар жыныстык мүчөлөрүн (арам катнаш кылуудан) сакташат.
бир гана (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен жатса айыптуу болбойт.
Кимде-ким ушулардан башка нерсе издесе – алар чектен чыгуучулар.«

? (Куран, аль-Му’минун 23:5-7)

Өзүн өзү кумарлантуу — күнөө. 

б.а. жыныс мүчөсүн кумарданууга уруксат этилген нерселер — бул адалдан болгон никелүү аялдары жана күң аялдары. Андан тышкары ким кумардануу издесе — мастурбация же башка аркылуу — бул чектен ашуучулар, булар күнөөкөрлөр.

? Абдаррахман ас-Саади аяттын тафсиринде айтты:

«Алар өз жыныс мүчөлөрүн зинадан сакташат. Эң жакшы таризде бул сыпатка — ким зинага алып барчу ЖОЛДОРДОН сактанса — ошолор туура келет. Бул жолдорго: чоочун аялды кароо, ага кол менен тийүү ж.б. кирет. Бирок, момун мусулмандарга өз жубайлары жана күң аялдары менен жыныс мамиле кылуу уруксат. Аллах бул нерсеге уруксат берди жана анда айып жок.»

? Булак: Тафсир «Тайсир ар-Рахман»

Кошумча окуу: Аялдардын фитнасы.

Демек, Аллах уруксат берген жыныс кумардануу бул
ак никедеги аялы
күң аялы (Күңдөр согуштарда туткунга же олжого алынган душмандардын аялдары. Туткун бул – эрксиз адам. Согуш туткундары ошол — Кураан түшкөн — замандарда дүйнөлүк үрп-адат боюнча мүлк катары бөлүштүрүп алынчу эле)

Мындан башка кумардануу жолу — арам жана күнөө!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий