Арак тууралуу аят-хадистер


Аллах Таала аракты арам кылган Курандагы аят: «Чынында, арак, кумарпоздук, сыйынуу үчүн орнотулган буттар жана «азлам» (пал ачуу) шайтандын иштеринен болгон ыпластык! Андан алыс болгула, силер ийгиликке жетээрсиңер» (Куран, аль-Маида 90-аят)


Аллах Аракка 10 каргыш түшүрдү: аны жасаганга, аны ташыганга, аны сатканга, аны куйганга, аны ичкенге…


Ичимдик бар жерде балээнин баары болот.


Арак күнөө’лөрдүн энеси. Ичкен соң уят кетет, жаман иштерди кылуу жеңил болуп калат. Көп тагдырды шайтан арак аркылуу бузду.

Эң чоң күнөөлөр — ширк, төлгөчүлүк кылуу, киши өлтүрүү, арак ичүү, зына…

? Пайгамбар алейхис соляту вас салам айтты: «Арактан сактангыла, анткени арак бардык жамандыктын башаты.» (Насаий, Ашриба-44)

? Пайгамбар айтты ﷺ: «Алла аракты, аны ичкенди, ичиргенди, сатканды, сатып алганды, жасаганды, жасатканды, ташыганды, ташытканды, акчасын алганды каргыштады» (хадис, Абу Дауд)

? Аракты ичкен да, арак коюлган жерге отурган да каргышталат, б.а. жашоосунан береке кетип, жакшылыктар келбей, жакшылык келсе да ал көпкө турбай калат. Пайгамбар алейхиссоляту вассалям айтты: «Аллах жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адам — ичимдик ичилген дасторконго отурбасын!» (Ахмад 3/339, аль-Хаким 4/288)

Арак уятты жоготот, досторду жоготот, үй-бүлөнү жоготот, акчаны жоготот, авторитетти жоготот… баарын жоготот, бир гана проблемаларды жогото албайт.

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...

Добавить комментарий