Биринчи нике түн’үнүндө кандай дуалар айтылат?

Шейх Мухаммад Солих Аль-Усеймин
(Аллах ырайымына алсын)

 

❔СУРОО. (Биринчи нике тун’у) күйөөсү менен аялы жалгыз калган учурда аткарылуучу сүннөттөр тууралуу Пайгамбарбыздан ﷺ эмне келген.

❕ЖООП. 1⃣ Жакшы амалдардан, аялынын маңдайына колун коюп “Аллахумма иннии асалука хайрахаа уа хайра ма жабальтаха алейхи, уа аъуузу бика мин шаррихаа, уа шарри ма жабальтаха алейхи» (О Аллах, мен Сенден анын жакшылыгын жана Сен ага берген бүткүл жакшылыктарды сурайм. Анын жамандыктарынан жана Сен ага берген бүткүл жамандыктардан Сенден коргоо сурайм) деп айтуусу керек.

Бирок бул сөздөрдү үнүн катуу чыгарып айтпасын, себеби катуу айтса аялы коркуп кетиши мүмкүн. Балким, мисалы башынан кармап өбөйүн дегенсип анан ушул сөздөрдү айтсын.

Мен билген Пайгамбарбыздан ﷺ келген нерсе ушул.

 

2⃣ Ар убак аялы менен жакындоону каалаган учурда өзүнүн шахваты келгендей эле аялынын шахватын келтирүү үчүн аны эркелетип, аны менен ойнош керек.

 

3⃣ Үчүнчүдөн. Кошулаарга келгенде: “Бисмиллях! Аллахумма жаннибна-ш-шайтоона уа жанниби-ш-шайтоона маа розактанаа” (Аллахтын ысымы менен! О, Аллах, бизден шайтанды алыс кыл, жана бизге ырыскы кылып берген нерсеңден (б.а. наристеден) шайтанды алыс кыл) ? (Бухари: 6388; Муслим: 1434) деп айтсын. ? Мына ушундан кийин эгер Аллах аларга перзент берген болсо – шайтан ага зыян тийгизе албайт.

Видеосу (ИсламЖолунунун видеоканалында): https://www.youtube.com/watch?v=eLGO2QIJaXU

Кошумча макалалар:

Аялдарга жакшы мамиле кылуу боюнча айрым хадистер

ҮЙ КЫЗМАТТАРЫ АЯЛГА МИЛДЕТПИ?— Шейх Сулайман Рухейли

Аялдарга жумшак мамиле кылуу — Шейх Ибн аль-Усеймин

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий