Бактылуулук эмнеде? — Шейх Сулайман ар-Рухейли

Бардык мактоолор Аллахка жана ааламдарга ырайым ирээтинде жиберилген пайгамбарбызга, үйбүлөсүнө  жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваттары болсун.

Андан кийин, сүйүктүү туугандарым, ушул он беш мүнөттүн ичинде Аллах Тааланын сообуна,  ырайымына, бейпилчилигинен үмүт этели. Ошондой эле периштелер менен Мала иль-ъалада бизди эстөөсүн үмүт этели.

Сүйүктүү туугандар, адамдар издеген нерсе жөнүндө сүйлөшкүм келип турат. Бул нерсени бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар жоготтук деп даттанышууда. Ал нерсени ар бир адам издейт. Карысы дагы, жашы дагы издейт. Эркеги дагы, аялы дагы издейт. Ал нерсе – бактылуулук.

Көптөгөн адамдар бүгүнкү күнү “биз бактылуулукту сезбей жатабыз” деп айтышууда. Ал эми бактылуулукту издөөдө, адамдар көптөгөн түрлөргө бөлүнүшөт.

Бактылуулук байлыктабы? Бала-чаканы көбөйтүүдөбү?

Кээ бирөөлөрү бактылуулук байлыкты топтоодо деп ойлошот. Байлыкты топтоого аракет кылышат, бирок аны кандай жолдор табаарына эч көңүл бурушпайт. Ошентип, байлыктын артынан жүгүрүү — аларды Аллахтын зикиринен (эстөөдөн) алаксытып коет.

Эгерде намаз менен дүнүйө иши бир убакыта келип калса, шайтан “байлыкка кеттик” деп чакырат. Мындай адам эч качан бактылуулукка жетпейт. Анын абалы Курандагы аятта айтылгандай болот. Аллах Таала айтты: “ (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду, Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин! (Ат-Такасур 1-2 аят). Бул адам байлык топтоого умтулду.

 

Дагы адамдардын арасынан бала-чакасын көбөйтүүгө умтулгандар бар. Мындай амал дагы Аллах Тааланы эстөөдөн алаксытат.

Бактылуулук Дүйнө жүзүн саякат кылуудабы?

Дагы адамдардын ичинен бактылуулук саякаттоодо экен дегендер бар. Алар бүткүл өмүрлөрүн бир шаардан экинчисине баруу менен өткөзүшөт. Алар аялдарынан да, балдарынан да бактылуулук табышпайт. Бактылуулукту издешет, бирок ага жетишпейт.

 

Ал эми кээ бир адамдар такыр үмүттөрүн үзүшүп, “бактылуулукка эч жетүү мүмкүн эмес экен, ал жөн гана иллюзия окшойт” дегендер бар. Ушинтип бактылуулукту таппай тинтип жүргөн бул адамдар, бактылуулук бар экенин билишпейт. Аллахка ант, бактылуулук сөзсүз бар!

 

Чындыгында бактылуулук — такыба жүрөктө жана сооптуу болгон таза амалда.

Эгер кимди Аллах Таала такыба кылса, такыба жүрөк берсе, ал жүрөк аркылуу Аллах Таала тыйган нерселерден жүз бурса, парз кылган амалдарды ылгабастан аткарса жана ага солих амалдарды кылууга мүмкүнчүлүк берилсе – анда ага бактылуулук берилген болуп эсептелет.

 

Ошол үчүн туугандар бактылуулук бул – жүрөктүн тынч алуусу.

Ал эми жүрөктөр Аллах Тааланын манжаларынын арасында, Ал аларды каалагандай оодарат.

Чыныгы бактылуулук бул – Аллах Субханаху уа Тааланын белеги. Ал белекти Өзүнүн солих пенделерине ыйгарат.

Бактылуулук дегендик — сага сыноо келбей калат дегендик эмес

Момун пенде жашоосун бактылуулукта өткөзөт. Мындан биз ал пенде эч бир сыналбайт дегенди түшүнөбүзбү? Аллахка ант, андай эмес! Албетте сыналат, ыйманына жараша сыналат.

Сыноого эң көп дуушар болгондор пайгамбарлар, андан кийин адамдын эң жакшылары, андан кийин кийинки жакшылары. Адам динине жараша сыналат. Ошол сыноосу ага жакшылык болот жана ошол аркылуу дагы бактылуу болот.

 

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) айтканай: “Момундун абалы таң калычтуу, себеби бүт абалы ал үчүн жакшы. Эгер жакшылык келсе шүгүр кылат, ошол ал үчүн жакшылык. Эгер жамандык келсе ага сабыр кылыт, ошол ал үчүн жакшылык болот. Мындай жакшылык бир гана момун үчүн”. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок.

Биз бул жашоодо кандай жашайбыз. Бирде жамандыктын, бирде жакшылыктын үстүндөбүз. Момун үчүн бул нерселердин баары жакшылык. Ал бактылуулкута болот.

Момун бул жашоодо бактылуу болот себеби Аллах Таала ага бейпил жүрөк жана колунда бар нерсесине канаттануу берет. Ал эми ага берилбей калган нерсеге көңүл бурбайт.

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимдин камы бир гана ушул дүйнө болсо, Аллах Таала анын иштерин чачыранды кылып салат, жана кедейликти көз алдына коюп коет, бул дүйнөдөн ага тагдырына жазылганын гана алат. Ал эми кимдин ниети акырет болсо, Аллах Таала анын иштерин ирээттеп жана байлыкты жүрөгүнө берип коет. Жана бул дүйнө ага кааласа-каалабаса да келет”.  Ла илаха илла Аллах, эки абалдын ортосун салыштырып койду.

Кимдин ниети жана камы бир гана ушул дүйнө болсо, Аллах Таала анын иштерин чачыранды кылып салат. Жашоосу чачыранды болуп, жүрөгү эс ала албай калат.

Уктайын деп келип, оң жагына жатса тигини эстейт, сол жагына жатса муну эстейт. Эч эс албайт. Жана Аллах Таала кедейликти көз алдына коюп коет. Эмнени карабасын кедейликти көрөт. Казынасы байлыкка толуп турса деле кедейлик көз алдынан кетпейт. Эч бактылуулукту сезбейт, себеби өзүн кедей деп ойлот. Ошого карабастан ага тагдырына жазылганын гана алат.

Ал эми ниети акырет болгон такыба, солих пендеге Аллах жашоосун ирээттеп коет. Эч бир кайгыга чөкпөйт, жана байлыкты жүрөгүнө берип коет.

Ал Аллах берген нерсеге ыраазы. Эгер Аллах аз нерсе берсе ал “Альхамду лиллах, мен башкаларга караганда абалым жакшы” дейт. Эгер Аллах көп берсе “Альхамду Лиллах дейт”. Жана бул дүйнө кааласа-каалабаса ага өзү келет. Ал бул дүйнөдө бактылуу өмүр сүрөт.

Момун такыба адам — тиги дүйнөдө да бактылуу

Туугандар, эгер момун жашоосунда такыба болуп, сооп амалдарды аткарса сөзсүз келүүчү ажал келгенде — ал бактылуу  болот. Өлүм келет, периштелер келет. Андан кийин ал чакырылат. “О э,ң сонун жан, эң сонун дененде болдуң. Эми мактанаарлык болуп чык. Бейиш менен сүйүн! Раббиң сага ачуусу келбейт!”

Жаны чыгып жаткан кезде аны ушинтип чакырышат. Жаны чыкканга чейин ушул чакырык менен чакырып турушат.

Жаны чыгаар замат аны Өлүм периштеси алып, Бейиш кепини менен кепиндеп, Бейиш атыры менен атырлайт.

Андан кийин Өлүм периштеси жыпар жыттанган жанды асманга алып көтөрүлөт. Асманда кайсы периште болбосун, ошолор тараптан көтөрүлүп келе жаткан жандын жагымдуу жытын сезишип, Аллахтан ал жөнүндө сурашат.

Андан соң биринчи асманага келишип анын ачылышын сурашат. Анда: “Бул эмне болгон жыпар жыт” деп сурашканда, “Бул баланчанын баласы” деп жооп берилет. Анда ага “Кош кел, эң сонун жан”делип, асман ачылат.

Ушул нерсе жетинчи асманга жеткенче кайталанат. Андан соң Аллах Таала ал жанды кайра жерге жеткизүүнү буйрат. Аллах бүт кемчиликтен таза.

Жада калса ушул абалда, ал жашоосун ыйманда, солих амалдарда жана такыбалыкта өткөзсө абалы ушундай болот.

Андан соң ал адам кабырында жатып, төмөнкү чакырыктарды угуп бактылуулукка жана жыргалчылыкка бөлөнөт. Ага айтылат “Чындыкты айтты менин пендем, ага Бейиштен төшөк салып бергиле,(элестеткиле туугандар, кабырда жатканда). ага Бейиштен төшөк салып бергиле, Бейиштин кийинмин кийгизгле. Ага Бейишке эшик ачкыла. Анын кабыра көз жете тураган алыстыкка кеңейет. Ага Бейиштин жыпар жыттары келип баштайт. Андан кийин ал кабырда жатканда, ага эртең менен жана кечинде Бейиштен орду көргөзүлөт.”

Ошондо анын бактылуулугу артып “О Роббим, эртерээк кыяматты башта, О Роббим, эртерээк кыяматты башта” деп айтып баштайт. Себеби андан соң аны, андан да жакшы нерселер күтүп тураарын билет. Аллах менен жолуккан кезде ал бактылуулардын тобунда болот. Себеби адамдар Аллахтын алдына барганда бактылуулардын же бактысыздардын тобунда болот.

Ал бактылуулардын тобунда болот.  Куранда келгендей “Бейиштеги үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет

 

Андан кийин Бейиште болот. Бейиш бул – бактылуулуктун мекени. О туугандарым!

Бейишке эң акыркы кирген адам, эң эле аз нээматка ээ болгон адам кандай экенин билесиңерби? Ал нээмат — бул дүйнө жаралгандан баштап, кыяматка чейинки бүт нерселерге тете.

Элестеткиле! бул дүйнө жаралгандан баштап кыяматка чейинки бүт нерселерге барабар. Жана ошол нерселерди он эсе көбөйтүп берет. Бул Бейиште эң жогору нээматка ээ болгон адамбы? Аллахка ант, андай эмес. Бул эң аз деген жакшылыкка ээ болгон адам.

Чыныгы бактылуулук — Бейиштеги бактылуулук

Пайгамбарыбыз (саллАлллху алейхи уа саллам) ажайып бир айткан хадисинде айтат “Кыямат күнү Аллах Таала адамдын бутунун бармагына нур берет. Ал нур кээде нурданып, кээде өчүп турат

Сырат көпүрөсүнө келип өтөйүн деп, бир колу менен карманса экинчиси тайып кетет. Экинчи колу менен карманса, бириниси тайып кетет. Бир бутун койсо, экинчиси таят. Ошонтип көпүрөнү өтөт.

Оттон кутулганына сүйүнүп, артка карап, андагы нерселерди көрүп “Аллахка мактоолор болсун, мага эч кимге берилбеген нерсе берилди” деп айтат.

Андан кийин аны көлмөгө жуунткан соң, ага Бейиштин жыты жана өңү кайтат. Анан ал Бейиштин эшигинин жылчыкчасынан Бейишти карайт. Анан айтат “О Аллах мени Бейишке киргизчи” дейт. Анда Аллах Таала: “Мен сени оттон сактап койгондон кийин, эми сен Бейишти сурап турасыңбы” дейт.

Аллах Таала ага “Сен эми эле оттон кутулганыңа сүйүнүп “, Мага эч кимге берилбеген нерсе берилди” деп жайтпайт белең” – дейт. Эми бейишке кирүүнү сурап жатасыңбы дейт.

Адам айтат: “О Аллах оттогу ызы-чууну укпаш үчүн мени менен оттун ортосун тосуп койчу” деп суранат. Башкача айтканда “Мени менен артымдагы оттон тосмо кылуусун”

Ага “Бейишке кир” деп айтылат. Ал Бейишке кирет. Ал бир үйдү көрүп, көрөөр замат саждага чыгылат. “Сага эмне болду” деп суралса, ал “Роббимди көрдүм” дейт. Анда ага: “Бул сенин Бейиштеги үйлөрүңдүн бирөөсү эле” делет.

Ал жолун алантып бир адамга жолугат. Аны көрөөр замат улуктап баштаганда, андан “Сага эмне болду” деп суралат. Ал бул менин Роббимдин периштелеринин бири деп жооп берет. Анда ал адам “Мен сенин кулдарыңдын биримин” деп жооп берет.

Андан кийин Аллах Таала ага дүйнө жаралган күндөн баштап кыяматка чейинки бүт нерселерге барабар. Жана ошол нерселерди он эсе көбөйтүп берет.

 

Бейиш — Нээмат мекени, бактылуулук мекени.

Бейиш, бир тууганым, амал менен жетилбейт. Биз канча амал кылбайлы ал аздык кылат. Бирок Бейиш Аллахтын мээрими менен гана жетилет.

Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) айткан: “Эч кимиңер Бейишке өзүнөрдүн амалаңар менен кирбейсиңер” деп. Андан сурашты: “О Аллахтын элчиси, сиз дагы бы” деп. Анда ал жооп берди: “Мен дагы. Бир гана эгер Аллах Таала мени мээримине алсаба”

Бирок туугандар, амалдар Аллахтын мээримине жетүү үчүн себеп болуп эсептелет. Бейиштеги Аллахтын мээримине жетүү үчүн себеп бул – амал.

 

Кылган амалыңа жараша сага ошончо даража берилет.

Хадисте келгендей, “Эгерде Аллах бир пендесине Бейиштен орун даярдап, аны амалы менен жетпей жатса – периштелерге Аллах айтат “ошол пендеме балээ-кыйынчылыктарды жаадыргыла деп. Андан кийин пендесине сабыр берет”

Сыналат, сабыр кылат ошол себептен Бейиштен даражасы көтөрүлөт.

 

Бейиш нээматтары бузулбайт жана ал жакта өлүм жок. Ал эми Бактылуулуктун туу чокусу– Аллах Тааланы Бейиште көрүү.

Чыныгы бактылуулук, туугандар, ушул дүйнөдө андан кийин акыретте такыбалык жана солих амалдар менен болот.

О Аллахтын пендеси! О Аллахтын пендеси! Аллах Таалага жакпаган амалдарды жасадың деп элестетели. Аллахка ант! Бул дүйнөдө табам деген бактылуулук Тозокко бир чөмүлүп чыкканга тең келбейт.

Эми сен ушунчалык кыйынчалыктарды башыңан өткөздүң деп эсептейли. Солих амалдарды жасайсың бирок кыйынчылыктардасың. Аллахка ант! Бейишке бир кирип чыгуу бул кыйынчылыктардын баарын унуттурат.

Ошол үчүн Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) айткан: “Кыяматта Бейиш ээлерининен болгон бир адамды алып келишет. Ал адам бул дүйнөдө эң байкуш болчу”. Эң байкуш, андан өткөн байкуш жок! Аны Бейишке бир матырып, андан суралат : “Сен өмүрүңдө бир кыйынчылыктарды көрдүң беле” деп. Ал: “Аллахка ант, эч бир кыйынчылыктарды көргөн эмесмин” — деп жооп берет.

О Аллахтын пендеси! О мусулман! Элестет ошол адам сенсиң. Бул дүйнөдөгү эң байкуш адамсың, бирок сен солих амалдарды аткарасың. Аллахка ант! Бейишке бир матыруу, бир жолу Бейишке матыруу сени бүткүл болгон кыйынчылыктарды унуттурат.

Хадистин уландысында айтат: “Андан кийин бул дүйнөдө эң жыргалчылыкта болгон Тозок ээлеринен бир адамды алып келишет. Андан кийин аны Тозокко бир жолу матырып сурашат “Сен өмүрүңдө бир жыргалчылык көрдүң беле деп”. Ал эч бир жыргалчылык көргөн эмесмин” деп жооп берет.

Эми элестет сен эң жыргалчылыкта болгон адамсың, бирок күнөөкөр же каапырсың. Эң чоң жыргалчылыкта жашайсың. Сенден өткөн жыргалчылыкта жашаган эч ким жок. Тарыхта сендей болгон эмес.

Күнөөкөр болуудан Аллах бизди сактасын.

Кыяматта алып келип бир жолу отко матырылганда ал: “Эч бир жыргалчылык көргөн эмесмин” деп айтат.

 

Ошол себептен туугандар, кантип сооп амалдардан кайдыгер бололу? Мунун баарын Пайгамбарыбыз (саллАллаху алейхи уа саллам) бизге кабарлап кетти го, биз толугу менен бул нерселерге ишенебиз го.

Кантип биз бул дүйнө үчүн катуу аракет кылып, ошол эле учурда арам иштерди кылып, парз амалдарды таштап, айтып өтүлгөн ачык айкын далилдерди таштап коебуз.

О Аллахтын пендеси, эгер өзүңө, үйбүлөңө бактылуулук кааласаң, эгер үйүңө проблемалар келбөөсүн кааласаң, эгер балдарыңа жана мамлекетиңе жакшылык кааласаң, эгер жакшылыктын үстүндө жашап, жакшылыктын үстүндө көз жумуп жана жакшылыкта тирилгиң келсе – анда бүгүнкү күндө бар болгон – атыр менен сүйкөнүп, жыпар жыттан. Ал атыр – сооптуу амалдар. Ошого аракет кыл жана ошол менен атырдан. Себеби бул сага болгон Аллахтын эң чоң нээматы.

 

Бул өтө чоң тема, бирок мен сиздердин он беш мүнөтүңүздөрдү алам деп убада кылганмын.

Бул жакшы сөздөр, жакшы адамдарга эскертүү гана.

Сиздердей жакшы адамдарды ким көрсө дагы, ушундай жакшы сөдөрдү айтып бермек.

 

Мен Аллах Тааладан Анын Кооз Ысымдары жана Улуу сыпаттары менен сураарым баарыбыздын жашообузду солих амалдар менен курчасын. Баарыбызды жакшы пенделеринен кылсын. Бизден жана мамлекеттерибизден жамандыкты жана жаман адамдарды алыс кылсын.  Аллах Тааланы көздөй кетип бара жаткан жолубузду – бир жакшылыктан экинчи жакшылыкка гана өтүп туруучу жол кылсын. Качанга дейре Аллахтын мээрими болгон – Бейишке жетмейинче.

Аллах Таала баарыны билүүчү. Пайгамбарыбызга Аллахтын саламы жана салаваты болсун

? Сулайман ар-Рухайли
– Шариат илимдеринин профессору
– Мединадагы Эл аралык Ислам Университетинин мудариси
– Азыркы учурда Мединадагы Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мечитинде сабак берген устаздардын бири.

Share

You may also like...

Добавить комментарий