Аба ырайы жылдыздар менен билинбейт

? Таухид Китеби (Китаб ат-Таухид)

№30 бап: Жаандын жаашын жылдыздар менен байланыштыруу тууралуу

1⃣ Аллах Таала айтты:

«Силерге берилген ырыскыны (б.а. жаанды) [жылдыздар түшүрдү деп Аллахты] жалганга чыгарасыңарбы?!» ? (Куран, аль-Вакыя 56:82)
2⃣ Абу Малик аль-Ашъари айтат Аллахтын Элчиси айтты дейт:

«Менин үммөтүмдө төрт нерсе бар. Алар Жахилиянын иштери деп эсептелет, бирок аны алар ташташпайт:
1) [өзүнүн] ата-теги менен сыймыктануу,
2) [башка бирөөнүн] ата-тегине тил тийгизүү,
3) жаандын жаашын жылдыздар менен байланыштыруу
4) жана өлүккө өкүрүп ыйлоо»
жана айтты: «Эгер өкүрүп ыйлаган аял өлүм келгиче тооба кылып калбаса – анда Акыр Кыямат күнү турганда – ээритилген жезден кийим кийип жана денесин калың карт (же котур) баскан болот» ? (Муслим: 934)
3⃣ Бухари жана Муслим келтиришкен хадисте Зейд ибн Холид айтты делет:

“Түндө намаз жааган соң, Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) Худайбияда биз менен эртең мененки багымдат намазын окуду. Намаз бүткөн соң элге бурулуп «Силердин Раббиңер эмне деп айтты билесиңерби?» деди. Айтышты: «Аллах жана Анын элчиси билүүчүрөөк».

Айтты: «[Силердин Раббиңер] айтты: “Пенделеримдин арасынан Мага ишенген жана каапыр болгондор чыкты: ким – Бизге жаан Аллахтын жакшылыгы жана мээрими менен жаады – десе, ал Мага ишениптир жана жылдыздарга ишенбептир; ал эми ким – Бизге жаан баланча деген жылдыз себептүү жаады – десе, ал Мага ишенбептир жана жылдыздарга ишениптир”»” ? (Бухари: 846; Муслим: 71)
4⃣ Ушул маанидеги хадисти Ибн Аббастан Муслим да келтирди. Анда айтылат: “Кээ бир адамдар «Баланча деген жылдыз туура чыгып [жаанга себеп болду]» дегенде, Аллах бул аятты түшүрөт:
«Жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.
Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.
Чындыгында, бул – Куран Карим!
Сакталган Китепте!
Аны (Куранды) тазалар (периштелер) гана кармашат.
Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!
Силерге берилген ырыскыны (б.а. жаанды) [жылдыздар түшүрдү деп Аллахты] жалганга чыгарасыңарбы?!»”
? (Куран, аль-Вакыя 56:75-82)

Булак: Китаб ат-Таухид
Автор: Шейх Мухаммад Ибн Сулейман ат-Тамими

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий