Телеграм деген эмне?

Телеграм — вотсап сыяктуу мессенджер (кат жазышууга ылайыкталган) программа, бирок анда көптөгөн Вотсапта жок өзгөчүлүктөр бар.

Телеграм’дын Вотсаптан айырмачылыктары

  • Эң негизги чоң айырмачылыгы, кадимки группалардан сырткары, Телеграмда КАНАЛ деген маалымат булагы бар. Админдер гана маалымат чыгара алышат, ал эми башкалар окуйт гана.

?  Жаңы киши, телеграмдагы бир маалымат каналына кошулайын десе, админге кайрылып отуруунун кажети жок (аны регистрация кылып киргизиштин кереги жок). Ал дароо эле өзү кошула алат. Болгону тиешелүү каналдын атын билүүсү керек.

?  Маалымат каналына башка бирөө макала же бир нерсе чыгара албайт, бир гана админ жазганды гана окушат

?  группага кирген жаңы мүчө — кайсыл убакта кошулбасын — мурдакы билдирүүлөрдү (сообщенияларды) да окуй алат, ага кайтадан жөнөтүштүн кажети жок.

?  телеграмдагы каналга катталгандардын саны чектелбейт, он миң болсо деле кете берет.

?  бирөө телефонун мисалы алмаштырып, телеграмдагы бардык маалыматтары өчүрүп алса — мурдагы каттар, аудиолор, видоелор өчпөйт. Кайтадан кирсе мурдакы маалыматтары сакталып тура берет, өзү аларды атайылап өчүрмөюнчө.

?  жазган билдирүүлөрдү (сообщениелерди) редакцияласа болот.

?  телеграм востапка караганда батыраак иштейт, өтө жай интернет болсо деле иштей берет.

?  жана аны көпчүлүк телефондор жеңил көтөрө алат, бат жүктөлөт, катып калбайт.

?  телеграм бекер программа, регистрация ж.б. нерселерине 1 тыйын акы төлөнбөйт.

?  ж.б. көптөгөн өзгөчүлүктөр

Телеграм’ды телефонунузга жүктөө үчүн бул жерди басыңыз:

https://play.google.com/store/apps/details?id=org.telegram.messenger&hl=ru

Телеграмды телефонуңузга көчүргөн соң ага ОРУС ТИЛИН орнотуу үчүн бул жерди басыңыз:

Телеграмды руссификациялоо

Телеграмдагы ИсламЖолу каналына кошулуу жолун бул жерден окуңуз:

Телеграмдын көрүнүшү (фото):

Телеграм-деген-эмне

 

ИсламЖолу Телеграм канал

Share

You may also like...

Добавить комментарий