Ла илааха илла Алла келменин түшүндүрмөсү Видео

Бүгункү күндөгү эң залкар ахли-сунна аалымы
Шейх Солих Аль-Фаузан
(Аллах аны Өз коргоосуна алсын )

Чоң Уламалар Кеңешинин мүчөсү
Фатва боюнча Туруктуу Комитеттин мүчөсү
Мекке шаарынын Фикх Академиясынын мүчөсү

Ааламдын Роббисине мактоолор болсун. Ал бизди Аны жалгыз деп билип, Өзүнө гана   ибадат кылуу,  Ага баш ийүү үчүн жаратты.

 

Мен Алладан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок экендигине, Ал жалгыз Илах сыпатында да,  рубубия сыпатында да жалгыз  экендигине жана  Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк беремин.  Ал Алланын макулукаттарынын эң жакшысы. Анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына, аларды  ээрчигендерге салам- салаваттар көп болсун.

Оо, адамдар! Алладан корккула!  “Лаа илааха илла Алла” келмеси ыкылас келмеси. Ал такыбаанын келмеси жана ыймандын келмеси. Ким бул сөздү чын ыкылас менен айтса,  ал куткаруучу келмеде. Ал Исламдын келмеси. Ал бейиштин ачкычы.

Ким бул келмени  өлүм алдында айтып калса, бейишке кирет. Хадисте: “Өлүм алдындагы акыркы сөз ушул келме болсо, ал бейишке кирет… Өлүм алдында жаткандарга келме айттыргыла…” деп келет.

Пайгамбар (алейхи салам) атасынын бир тууганы болгон Абу Толип өлүм төшөгүндө  жатканда зыяратка барган эле. Ал учурда анын жанында эки мушрик бар болчу.Пайгамбар (алейхи салам) абасына кайрылып :

— Оо, ага! “Лаа илааха илла Алла” келмесин айтып калыңыз.Мен Алланын  алдында сизге күбө болуп таламыңызды талашайын,-десе, жанындагы эки мушрик каапыр :

Сен эмне,  Абду Мутталиптин дининен чыкканы турасыңбы?-дешет.  Пайгамбар (алейхи салам) кайра кайталап айтты.  Ал  “Ла илааха илла Алла” келмесинен баш тартып,  “Абдул Мутталиптин дининдемин” деген ишеним менен көз жумду.

Дагы бир күнү Пайгамбар (алейхи салам) өзүнө кызмат кылып жүргөн жөөтүн баласы өлүм төшөгүндө жатканда, ага зыяратка барды.  Ага Пайгамбар (алейхи салам) :

-Балам, “Лаа илааха илла Алла” келмесин айт,-деди.

Бала атасына карады.

Атасы:

Касымдын атасына баш ийгин,- деп Пайгамбарга (алейхи салам) ишарат кылды.

Бала:

-Ашхаду Алла илааха илла Алла  уа анна Мухаммад расул Алла… Андан кийин жаны чыгып кетти…  Буга күбө болгон Пайгамбар (алейхи салам):

— Аллага мактоолор болсун! Мени себеп кылып, анын жанын тозоктон сактап калды”,-деп  сахабаларына:

— Бир тууганыңарды көмүүгө даярдагыла!- деп буйрук берет. Мусулмандар маркумду  жууп, кепинге ороп,  жаназасын окуп мусулмандардын мүрзөсүнө жашырышты.

Бул улуу сөздү айтып көз жумган пенде,  бейишке кирет.  Бирок, маселе айтып коюу менен чектелбейт. Келме келтирүүнүн шарты бар.

“Лаа илааха илла Алла” келмесинин мааниси :  Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок. Ал эми бул келименин талабы: Келмени айтып ыйман келтирген адам,  динди кармануусу керек. Эгер ошолорду аткарса, ал чыныгы мусулман. Ал эми ким айтып туруп,  Исламдагы милдеттерин: намазын окубай, зекетин бербей, Алла буйруган иштерди аткарбаса, анда бул келменин пайдасы тийбейт. Келме жөн гана тилде калганынан эч пайда жок.

Пайгамбар (алейхи салам): “Мен Алладан адамдар “Лаа илааха илла Алла” келмесин айтмайынча, алар менен күрөшүүгө буйрулдум. Эгер алар ал келмени айтса, алардын малы жана каны сакталып (бир гана келменин  акысы калат), ал эми  эсеп-кысабы Аллага калтырылат”,-дейт.

Пайгамбар (алейхи салам) дүйнөдөн өткөндөн кийин айрым араптар динден чыгып, айрымдары зекет берүүдөн баш тартышат. Мына ошондо, Абу  Бакр ( Алла андан ыраазы болсун) алар менен күрөшө баштайт. Себеби, зекет  “Лаа илааха илла Алла”  келменин акысы эле. Айрымдар Абу Бакрга: — Оо, Алланын Элчисинин орун басары! Алар “Лаа илааха илла Алла” келмесин айтып жатышса, кантип күрөшөсүң?”-дешет.

Ал  ( Алла ыраазы болсун) :

Пайгамбар (алейхи салам) “Акысын берсе деген   Ал эми зекет келменин акысына кирет. Аллага ант ичип айтамын, Пайгамбардын   (алейхи салам)  доорундагыдай төөнүн жибиндей болсо дагы  убагында берип келе жаткан  зекеттен баш тартышса, алар менен  күрөшкөнүм  күрөшкөн,-дейт.  Муну уккан сахабалар Абу Бакрдын кебине ынанышып, динден жүз бургандарга бирге каршы турушкан.

“Лаа илааха илла Алла”  келмесинин  талабын, шартын аткарбай тил менен гана айтып кою жетишсиз . Ал эми ким тили менен айтып койсо, ал мусулман  катары эле каралат. Ал эми кийин ал келменин талабынан чыгып, шарттарын аткарбаганы аныкталса, анда ал Исламдан жүз бурду деген өкүмдү алат.

Мушриктер менен согушта  Усама ибн Зайд ( Алла андан ыраазы болсун) жана  дагы бир ансар сахаба  бир мушриктин артына кууп жетип ага кылычын көтөргөндө, качып бараткан мушрик: “Лаа илааха илла алла” ,-деп келмени  айтып жиберет.Муну  уккан ансар сахаба өлтүрүүдөн баш тартат. Бирок Усама ибн Зайд аны өлтүрүп коёт. Бул кабар качан Пайгамбарга (алейхи салам) жеткенде, Усамага ачууланып:

Сен аны “Лаа илааха илла Алла” келмесин айтса да  өлтүрүп койдуңбу?-дейт.

— Оо, Алланын Элчиси! Ал аны кылычтан корккону үчүн айтты,-дейт Усама ибн Зайд ( Алла андан ыраазы болсун).

Пайгамбар (алейхи салам) ага:

— Анын кылычтан коркуп айтканын билгендей жүрөгүн бөлүп көрдүңбү? Ал кыяматта “Лаа илааха илла Алла келмеси” менен келсе, сен кантесиң? деген суроону бир нече жолу кайталап, бушайман болот.

Муну уккан Усама (Алла андан ыраазы болсун) кылган ишинин ката экенин билип катуу өкүнөт.

Ислам мына ушундай! Ким “Лаа илааха илла Алла” келмесин айтса,  анын Исламы кабыл кылынат, ага зыян берилбейт. Ал эми кийин келменин талаптарына каршы чыкканы  аныкталса, анда ал жүз бургандардын өкүмүнө кошулат. Ошондо дагы,  тек гана сыртынан өкүм беребиз, ачык карама — карышылыкты көрмөйүнчө ичине аралаша албайбыз.

Ал эми жүрөктөгүнү Улук Алла Тааладан башка эч ким билбейт.

Бул келмени тил менен эле айтып кою жетишсиз. Келмени айтуу, анын  шарттарына  байлануу,  эриш-аркак  болуу менен бекемделет.  Утба ибн Маликтин  ( радиаллаху анху ) баянында,  Пайгамбар (алейхи салам) мындай дейт: “Лаа илааха илла Алла” келмесин Аллахтын ыраазылыгы үчүн ыкылас менен айтса, Алла Таала ага тозокту  арам кылды”.

Абу Хурайра ( радия Аллаху анху)  Пайгамбар (алейхис салам) дан сурады : Оо, Алланын Элчиси! Кыямат күнүндө сиздин шапаатка ким көбүрөөк  акылуу?   Пайгамбар (алейхи салам):  “Муну сенден башка эч ким сурабайт деп ойлогом.Себеби, сенин хадиске болгон аракетинди көрүп турамын. Кыямат күнүндөгү  шапаатыма “Лаа илааха илла Алла” келмесин чын ыкыласы менен айткан   үммөттөрүм ээ болот”,-дейт.

Келме сөзү көргөзүү үчүн,  же угузуу үчүн, же эки жүздүүлүк үчүн эмес,  чын ыкыласты талап кылат. Кимдин максаты ушул тарапта болсо, анда ал келмеден пайда жок.

Оо, Алланын кулдары! Бул мааниси терең, улуу келме — Аллах Тааладан башка бүткүл жер асман жана анда болгон заттардан да улук.

Бул тууралуу Аалам Ээси Алла Таала менен  Муса пайгамбардын  (алейхи салам)  сүйлөшүүсүндө мындай делет:

Муса (алейхи салам):

  • Оо, Алла! Мага ушундай нерсени үйрөткүн, аны менен Сени эстеп дуба кылайын,-дейт.

Алла Таала айтты :

  • Оо, Муса! “ Ла илааха илла Алла” келмесин айткын.

Муса (алейхи салам):

  • Оо, Роббим! Аны бардык эле кулдарың айтып жатпайбы?!

Алла Таала айтты :

  • Оо, Муса! Эгерде, тирелген жети кабат асман менен тирелген жети кабат жерди кошуп бир алаканга коюп,  ал эми “ Лаа илааха илла Алла” келмесин бир алаканга койсоң,  “ Лаа илааха илла Алла келмеси салмактуу  келет.

Акыр кыямат күнү хифза периштесинин токсон тогуз жазмасында алардын ар бири көз көрө ала тургандай көлөмдөгү  күнөөлөргө  жана жаман иштерге толгон  бир адам келет

Бул  кишиге

  • Сенин сооп ишиң барбы? деген суроо берилет.

Тиги киши коркуп:

  • Оо, Роббим! Менде мындай сооп иш жок дегенде, ЛЯ ИЛАХА ИЛЛА АЛЛАХ келмеси жазылган кагаз келет… Демек, ал киши тирүүсүндө бул келмени айтып жүргөндүгүн жана бул амалы дагы анын бир тарабында болгон жазманын катарына киргизилет.

Экинчи тарабына башка амалдары коюлат , ошондо улуу келме салмактуу болгондуктан, ал киши бейишке кирет…

Бул келмени биз көп айтуубуз зарыл.  Бул сөздүн мааниси өтө терең жана улуу.     Бул  «ЛЯ ИЛАХА ИЛЛА АЛЛАХ» (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок) келмеси жокко чыгаруу маанини да камтыйт . Жокко чыгаруу дегенибиз бул — (ЛЯ ИЛАХА – сыйынылуучу зат жок ) Аллахтан башка сыйынылуучу Зат, же Кудай жок.

Ал эми бул келменин экинчи жагынан алып караганда, тастыктоо маанисин берет. Тагыраагы (ИЛЛА АЛЛАХ – Аллах гана сыйынууга татыктуу), бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: «Ал эми, ким таагутка[1] каапыр болуп, Аллаhка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы кармаганы чын!  Аллаh – Угуучу. Билүүчү” ( Бакара:256)

Бул аяттын “якфуру битоогуут” сөзүнүн мааниси сыйынылуучу Зат жок дегенди түшүндүрөт. Ал эми “ва мен юмину биЛлахи” айтылган жерде бир гана Аллах сыйынууга татыктуу  Зат экендиги айтылат. Демек, бул жерде келменин эки мааниси тең камтылганы айкын болуп турат. Булар жокко чыгаруу жана  тастыктоо мааниси. Бул келменин эки маанисин ар дайым келмени айтууда эстеп жана билип жүрүүбүз зарыл.

Келменин баалуулугу жана улуулугу Аллах Тааланын алдында өтө маанилүү. Ошондой эле, бул келменин маанисин түшүнгөн соң, ичибизден жана сыртыбыздан көп айтып туруубуз керек.

Келме Исламдын бирден бир максаты. Баардык пайгамбарлар мына ушул  келмеге чакырышкан.

( (Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) Кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп вахий кылдык.) (Анбия:25)

Бул келмени туура түшүнүү ширктен (Аллахка шерик кошуу) жана ширк ээлеринен алыстатат. Бул тууралуу Халил Ибрахим (алейхи салам) мындай дейт: «…Жана (эстегин), бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна: «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм!» (Зухраф:26)

Ал эми «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок жана Аллахтан башка Затка сыйынбайм»,- деп айтуу менен эле ширк ээлеринен жана ширктен алыстабайт. Мындай адамдардын ишеними бош деп билебиз. «Лаа илаха илла Алла» келмеси ширк ээлеринен жана алардын туткан дининен ажыратмайынча пайдасын тийгизбейт. Бул маселе боюнча Ибрахим (алейхи салам) жана анын коомуна айтканы Аллахтын китебинде мындай деп баяндалат: «Силер үчүн Ибрахимде жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдард(ын жашоосунд)а өрнөк бар: Бир кезде алар (каапыр) элдерине: «Биздин силерге жана силер сыйынган Аллаhтан башка кудайларга тиешебиз жок. Биз силерге каапыр болдук! Эми, биз менен силердин араңарда, качан жеке-жалгыз Аллаhка ыйман келтиргениңерге чейин элдешкис  душманчылык жана жек көрүү жаралды!» деп айтышкан.                ( Мумтахана:4)

Биз ширк ээлерин жана каапырларды  колдообуз туура эмес. Анткени, бул чыныгы дин, ал эми динде болсо биз алардан жана алардын туткан дининен алыс болушубуз керек. Мындай көрүнүштү аларга ачык айкын көрсөтүү зарыл. Эң жаманы, эгер бир адам Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок деп айтуу менен Аллахтан башка затка дуба менен кайрылганы, Аллахтан башка затка курманчылык кылып мал сойгону, Аллахтан башка затка нүзүр берүүсү жана Алахтан башка заттан: күмбөз, мазарлардан жардам сураганы. Мындай амалды жасагандар деле « Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок»,- деп айтышат, бирок анын талаптарын аткарышбайт жана анысы аз келгенсип, Аллахтан бөлөк затка сыйынышат.

Аллахым Өзүң бизди кечир. Оо, Аллахтын кулдары! Ошондуктан ойлонгула, өзүңөрдүн акыйдаңарды, улуу келменин маанисин жакшылап окуп, үйрөнгүлө!

Аъуузу биЛЛахи мина шайтоонир рожиийм : ((О, Мухаммад!) Билгин, эч бир Кудай жок, жалгыз Аллаh бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллаhтан кечирим сура! Аллаh силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет. (Мухаммед:19)

Мен Аллах Тааладан өзүмө жана силерге Курандын берекесин сурайм. Биз андан көптөгөн пайдаларды алдык. Ушул сөзүмдү айтуу менен Аллахтан өзүмө жана силерге жана жалпы мусулмандарга баардык күнөө иштерибиз үчүн кечирим сурайм, Аллахым кечире көр, чындыгында Ал Кечирүүчү Мээримдүү.

Экинчи хутба: Алладан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок.  Анын шериги жок экендигине жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк беремин.  Анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына, Аны ээрчигендерге салам-салаваттар көп болсун.

Оо, адамдар! Алладан корккула!   “Лаа илааха илла Алла” келмеси  “Мухаммад Алланын элчиси” деп күбөлүк  бермейинче толук болбойт. Ушул эки күбөлүк келме Исламдын өзөгү, устуну.

“Күбөлүк берем, Мухаммад Алланын элчиси” дегендин мааниси: ал Алланын чыныгы элчиси.Чындыгында эле,  ал ааламдардын Роббисинин Элчиси экендигине чын жүрөгүмдөн ишенүү менен айтамын.  Келме келтирүү ушу менен эле жетиштүү болуп калбайт, анын буйругун аткаруу, тыйганынан тыйылуу керек.  Сен аны пайгамбар Алланын элчиси деп күбөлүк берип, бирок ал алып келгенге баш ийбесең, анда сен Алланын элчиси деп күбөлүк бергениңди аткарбаган болосуң.

“Аллага күбөлүк берип айтам, ал Алланын Элчиси” дегендин мааниси: “Буйругуна баш ийүү, алып келген кабарына ишенүү, тыйып,  кайтарганынан арылып, алыстоо. Ошондой эле,  Алла Таалага ал көргөзүп бергендей гана кылып ибадат кылуу. Мына ошондо гана “Мухаммад расул Алла” деген келменин экинчи бөлүгү  ачык,  түшүнүктүү болот. Ал жөн гана тил менен айтып коюучу сөз эмес, анын буйругуна баш ийип,буйруктарына өз каалоо напсиңди ээрчип каршы турбагын! Алла Таала айтат: “Эгер Аллаh менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек, же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллаh жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр! (Ахзаб:36)

Экинчиден, ал кабар берген нерселерге ишенүү. Пайгамбар (алейхи салам) өткөндү, да келечекти да кабарлаган. Бейиш тозок жана башкалар… Мына ушундай кабарларга эч шек санабастан ишенишиң  керек болот. Пайгамбар (алейхи салам) дан  так келген кабарларга кимде-ким шек санаса, анда анын Алланын элчисине күбөлүк берем дегени туура эмес болот. Себеби, ал Пайгамбар (алейхи салам)дын кабарын жалганга чыгарган болуп саналат.

Пайгамбардын буйругун аткаргандай эле тыйганынан тыйыласың. Алла Таала айтат : “Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллаhтан корккула, чынында Аллаhтын азабы катуу! ( Хашр: 7)

“Ал тыйгандан тыйылуу” деген сөздүн мааниси:  Пайгамбар (алейхи салам) кандай кылып бизге ибадат кылыштын жолун көргөзүп берсе,   так ошондой кылып аткаруу.Ошондо,  динге жанылык киргизүүдөн да алыс болосуң. Алладан алыстасаң да,  жакындасаң да Пайгамбар (алейхи салам) көргөзүп бергендей  аракет кыл. Бидат менен Аллага жакындайм дебегин. Ал Алланын алдында кабыл болбойт. Пайгамбар (алейхи салам): “Кимде ким биздин буйруктан  болбогон нерсени жаңылык кылып тапса, ал кабыл болбойт.”  Дагы башка бир риваятта : “Кимде ким бир иш кылып,  ал иште биздин буйрук болбосо кайтарылат.”,-деген.

Шахада келмесинде мына ушул байлануулар болушу керек. Ансыз жөн гана тил менен айтып коюу жетишсиз…

[1] Аллаh Тааладан башка, элдер сыйынып жаткан ар кандай кудайлардын баары «таагуттар» деп аталат. Пенде Аллаhка ыйман келтирүүдөн мурун, Аллаhтан башка бардык «кудайларга» (таагуттарга) каапыр болушу, алардын кудайлыгын четке кагышы жана андан кийин гана кудайлыкты жеке-жалгыз Аллаh Таалага ыйгарышы керек. Ошондо гана ал «эч качан ажырап кетпей турган, бекем тутканы» (ыйманды) кармаган болот.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий