WordPress database error: [Table 'user89869_isla.oo_wfConfig' doesn't exist]
SELECT name, val, autoload FROM oo_wfConfig WHERE name = 'allowLegacy2FA'

WordPress database error: [Table 'user89869_isla.oo_wfConfig' doesn't exist]
SELECT name, val, autoload FROM oo_wfConfig WHERE name = 'debugOn'

Ислам Жолу http://islamjolu.kg Ислам Жолу - жаңы баштоочуга Mon, 22 Mar 2021 10:33:46 +0000 ru-RU hourly 1 https://wordpress.org/?v=5.8 http://islamjolu.kg/wp-content/uploads/2021/09/cropped-001-Исламжолу-ЛОГО-32x32.jpg Ислам Жолу http://islamjolu.kg 32 32 Жакшы бидаат жана жаман бидаат деп бөлүү туурабы? – Муфтий Шейх Ибн Баз http://islamjolu.kg/3487-%d0%b6%d0%b0%d0%ba%d1%88%d1%8b-%d0%b1%d0%b8%d0%b4%d0%b0%d0%b0%d1%82 Mon, 22 Mar 2021 10:33:42 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3487 ❓  СУРОО. Жакшы бидаат жана жаман бидаат тууралуу узун суроосу бар экен. Айтат: “Жакшы жана жаман бидааттар деген барбы? Кээ бир бидааттар динге зыяны жок деген чынбы? Мазхаб ээлери бидаат тууралуу эмне деп айтышат? Кай бир аалымдар кээ бир бидаатты уруксат берген деген туурабы? Себеби биз бир киши менен сүйлөшүп, анын кылып жаткан иши бидаат экендигин ага жеткизели деп «Ар бир бидаат адашуу» десек, «Мунун динге зыяны жок, кыла берсе болот», — деп жооп берип койду. Сөз намаздан кийин имам жамаат менен чогу дуа кылуу тууралуу болуп жатат. Эгер аны кылбай койсо, адамдар аны урушат экен. Мындан тышкары дагы көптөгөн бидааттарды айтпай эле койгондо. Ушул маселени бизге кененирээк түшүндүрүп берсеңиз. Аллах сизден ыраазы болсун жана өз ишиңизди ийгиликтүү аткарууга жардам берсин. Ас-салам алейкум ва рахматуллахи ва баракатух”.

❗  ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз (Аллахтын ага ырайымы болсун) айтты:

Бидааттын баары адашуу, анын жакшысы болбойт. Пайгамбар ﷺ айткандай: «Ар бир бидаат адашуу» (Абу Дауд: 4607; Ибн Мажа: 42. Сахих хадис). Бул улуу сөз. Бул чоң эреже. Бардык бидаат адашуу.

Бидаат – деп Аллах уруксат бербеген, адамдар динге жаңылык кылып киргизип салган нерселер айтылат. Бидааттын мисалдары:

  • эки сажда ортосунда колду көтөрүү;
  • намаздын аягында же саламдан кийин колду көтөрүү;
  • мавлид кечелерин өткөзүү;
  • мүрзөлөрдүн үстүнө күмбөздөрдү куруу;
  • мүрзөлөрдүн үстүнө мечиттерди куруу;
  • ж.б. Аллах уруксат бербеген нерселер.

⚠  Демек эреже: адамдар динге киргизип, аны “кулчулук”, “сооп иш”, “ибадат” деп атаган, бирок анын динде негизи жана далили болбогон ар бир жаңылык – бидаат деп аталат.

Адамдар “жакшы бидаат” деп атап, бирок чындыгында бидаат эмес болгон нерселер бар. Мисалы:

  • Мечиттерди цемент менен куруу.
  • Медреселер.
  • Жакыр адамдар баш калкалай турган жерлер (рибат).
  • ж.б.

Цемент жаңы нерсе, бирок ал диндеги бидаат деп эсептелбейт. Себеби Пайгамбар ﷺ мечиттерди курууга буюрган, мейли ылай, кирпич, таш, жыгач менен болобу же цемент менен болобу. Бул нерселер бидаат эмес.

Ал эми тил жагынан бул нерселерди бидаат деп адамдар аташы мүмкүн (بدعة – “бидъа” араб тилинде “жаңы нерсе” дегенди билгизет). Ага чейин андай нерсе болбогон жаңылык деген мааниде. Пайгамбар ﷺ илим таркатууну, мечиттерди курууну ж.б. адамдарга пайда берчү нерселерди буюрган. Мечиттерди цемент менен курушсун, медресе салышсын, муктаждарга, мухажирлерге үй куруп беришсин – мунун баары Шариатта уруксат. Алар бидаат деп аталбайт. Себеби мусулмандарга жакшылык кылууну Аллах Таала Өзү буюрган. Мусулмандарга пайда берүү, кедей-кембагалдарга жакшылык кылуу, нааданды үйрөтүү – мейли ал мечитте болсун же медреседе болсун – мунун баары бидаат эмес. Пайгамбар ﷺ эскертип, кайтарып кеткен бидаат бул эмес.

Булар лексикология жагынан “бидаат” деп аталышы мүмкүн. М: Умар (радияЛлаху анху) адамдарды бир имамдын артынан чогу таравих окууну түзүп, “кандай гана жакшы бидаат” деп атаган сыяктуу. Алгач Пайгамбардын ﷺ доорунда адамдар кичине жамааттар болуп, өз өзүнчө таравих окуп келишкен. Анан Пайгамбар ﷺ баарын бир жамаатка чогултуп, алар менен таравих окуйт. Бирок, үч күндөн кийин, «Бул түнкү намаз (таравих) силерге парз болуп калабы деп корком», — деп анысын таштайт. Аны жамаат менен бирге окуусун токтотуп койгонунун себеби – (адамдар көп чогула бергендиктен) Аллах бул намазды үммөткө парз кылып коёбу деп чочулаганы. Кийин (Пайгамбар ﷺ өлүп, парз болуп калуу коркунучу кеткен соң) Умар кайрадан адамдарды бир имамдын артынан чогултуп, “бул кандай гана жакшы бидаат” деп айтты. Араб тилинде жаңы нерсе бидаат делет. Албетте, динде ал бидаат эмес, тескерисинче, таравих намазы сүннөт, аны Пайгамбарыбыз ﷺ өзү окуган жана үммөтүн окууга кызыктырган.

Ошондой эле илим окутууга арналган медресе, институт, куран жаттатуу мектептери ж.б. жерлер. Ар ким аларды ар кандай аташы мүмкүн. Айтыла турган нерсе, адамдарды илимге кызыктыруу жана окутуу үчүн, таалим аспаптары менен жабдыкталган бөлмөлөргө чогултуу – бул бидаат эмес. Тескерисинче бул жакшылык жана такыбалык иштеринде кызматташууга кирет. Мусулмандарга бул пайда берет.

Пайгамбардын ﷺ башка хадисинде «Ким Исламда жакшы сүннөт (сунна хасана) баштаса – ага анын сообу жазылат жана андан кийинки аны аткаргандардын сообу жазылат, алардын сообунан эч нерсе кемибестен» (Муслим: 1017), — делет. Бул жерде “сунна хасана” (жакшы сүннөт) деген сөздүн мааниси – жакшы адат, б.а. Исламдагы бар эле сүннөттү ачыкка чыгарса, адамдар кылбай же билбей жаткан ибадатты үйрөтүп, аны ачыкка чыгаруу. Ким адамдарга ошол сүннөттү чыгарып, аны үйрөтүп кетсе, баштап кетсе – сүннөттү тирилткен үчүн ага чоң ажр-сыйлык бар.

“Жакшы сүннөт” дегендин мааниси – динге Аллах уруксат бербеген жаңылык бидаат киргизүү дегендик эмес! Динге жаңылык киргизүү туура эмес экендигин Аллах Куранда баяндап: «Же Аллах уруксат бербеген нерсени, алар үчүн динде шариат кылып түзүп берчү өзүнүн шериктери барбы?!» (Куран, аш-Шуураа 42:21), — деген. Пайгамбар ﷺ болсо: «Ким биздин ишибизге (динибизге) анда жок нерсени киргизген болсо – ал кайтарылат (кабыл болбойт)!», — деген. Жаңылык киргизүү күнөө иш.

Ал эми адамдар билбей жүргөн сүннөттү чыгарып, адамдарга аны үйрөтүү – бул сүннөт. «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …» дегендин мааниси ушул.

Бул хадистин тарыхы да ушул нерсеге далил. Пайгамбар ﷺ бир күнү адамдарды садака берүүгө үндөйт. Ошондо (биринчилерден болуп) бир адам, эптеп көтөрө алгандай, (чоң) бир кап алып келип, Пайгамбардын ﷺ алдына коёт. Аны көргөн башка адамдар шыктанып, алар да четинен садакаларын алып келе башташат. Ошондо Пайгамбар ﷺ «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …», — деп айтат, б.а. садаканы баштап берди, башкалар аны туурап садака бере башташты. Ооба.

🌐 Булак: https://binbaz.org.sa/fatwas/13395/هل-توجد-بدعة-حسنة

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

https://binbaz.org.sa/fatwas/13395/هل-توجد-بدعة-حسنة
]]>
Аллахтан башкага курмандык чалуу http://islamjolu.kg/3482-%d0%b0%d0%bb%d0%bb%d0%b0%d1%85%d1%82%d0%b0%d0%bd-%d0%b1%d0%b0%d1%88%d0%ba%d0%b0%d0%b3%d0%b0-%d0%ba%d1%83%d1%80%d0%bc%d0%b0%d0%bd%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d1%87%d0%b0%d0%bb%d1%83%d1%83 Sat, 20 Mar 2021 08:22:44 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3482 Аллах Таала айтты: «Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн! Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”» (Куран, аль-Ан’ам 6:162-163).

Аллах Таала айтты: «Ошондуктан Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал» (Куран, аль-Кавсар 108:2).

Али (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ мага төрт нерсе айтты дейт: 
«Аллахтан башкага арнап курбан чалганды Аллах каргыштасын! Өз ата-энесин каргаганды Аллах каргыштасын! Бидаатчыга (же кылмышкерге) башпаана (коргонуч) бергенди Аллах каргыштасын! Жер тилиминин чек араларын өзгөрткөн адамды Аллах каргыштасын!»
📚 (Муслим: 1978).

Торик ибн Шихаб (радыяЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: 
«Бир киши чымын үчүн Бейишке кирди, дагы бир киши чымын үчүн Тозокко кирди». Алар: “Кандайча, о Расулуллах?”, — дешти.
Айтты: «Эки киши жолдо бара жатып бир коомго туш болушат. Ал элдин бир идолу бар болчу. Эч ким ошол идолго бир нерсе курмандык кылмайынча [жөн-жай] өтө алчу эмес экен. Алар жолоочулардын бирөөнө: «Курмандык чал!», — дешет. Ал: «курмандык кыла тургандай эч нерсем жок», — деди. «Бир чымын болсо да курмандык кыл!», — деп айтышканда, тиги чымынды курмандык кылат, аны бош койберишет, анан ал Тозокко түшөт. Жолоочулардын экинчисинен да: «Курмандык чал!», — деп талап кылышат. Ал: «Аллах Тааладан башкага атап бир нерсе курмандык кылбайм!», — дейт. Ошондо анын башын чаап ташташат, анан ал Бейишке кирет»
📚 (Ахмад “Зухд”: 15-16).

Аллахтан башкага курмандык чалынчу жерде Аллах үчүн курмандык союлбайт.

Аллах Таала айтты: «Эч качан аякта намаз окуба!» (Куран, ат-Тауба 9:108).

Сабит ибн Даххак (радыяЛлаху анху) риваят кылат: “Бир киши Бувана деген жерде төө союштукту назр кылды. Ал тууралуу Пайгамбардан ﷺ сураганда ал айтты:  «Ал жерде жахилия убагында ибадат кылынган буттардын бирөө жок дегенде турду беле?». “Жок”, — деп жооп беришти. Дагы сурады «Ал жерде алардын (мушриктердин) кандайдыр бир майрамы өтчү беле?». “Жок”, — деп жооп беришти. Анда Расулллах ﷺ айтты:  «Назрыңды аткара бер! Себеби күнөө иште назрды орундоо жарабайт. Ошондой эле адам өзү ээлик кылбаган нерседе да назрды орундоо болбойт» 
📚 (Абу Дауд: 3313. Иснадынын сахихтиги Бухари менен Муслимдин талаптарына жооп берет).

]]>
Таап алган буюмду колдонсо болобу? — Шейх Ибн Баз http://islamjolu.kg/3478-%d1%82%d0%b0%d0%b0%d0%bf-%d0%b0%d0%bb%d0%b3%d0%b0%d0%bd-%d0%b1%d1%83%d1%8e%d0%bc%d0%b4%d1%83-%d0%ba%d0%be%d0%bb%d0%b4%d0%be%d0%bd%d1%81%d0%be-%d0%b1%d0%be%d0%bb%d0%be%d0%b1%d1%83-%d1%88%d0%b5%d0%b9 Fri, 25 Dec 2020 05:20:56 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3478 СУРОО. Эгер адам ээн жаткан жерден кой же төө таап алса, кийин аны сактап, багып жана ал мал төлдөп көбөйсө – аны сактаган, сугарган жана баккан адамга аны алыш адал болобу же арамбы? Эгер ал малдан бир нерсе жесе, каффарат (ордун толуктоо) парз болуп калабы?

ЖООП. Муфтий Шейх Ибн Баз (Аллах аны ырайым кылсын) айтты:

   Эгер адам, кооптуу делген жерде кой же эчки таап алса – ал “луката” (жоголгон буюм, таап алынган нерсе) өкүмүндө болот. Кооптуу деп – адамдар жашаган жерден алыскы бир аймак, же койчулар алыс узап кеткен ж.б.

  Аны таап алган соң, бир жыл ээсин издеп, чогулуштарда, ээси болушу ыктымал жерлерде жарыя кылат. Табылбаган соң малына кошуп, өзүнүкү деп эсептелип калат, өзүнүн менчигин колдонгондой колдонот. Бирок белгилерин жаттап коёт, себеби, күндөрдүн бир күнүндө ээси келе турган болсо, малын тапшырып бериш керек. Эгер ага чейин желип кеткен болсо, анда баасын төлөп берет.

   Бардык эле табылган нерселерди ушундай кылуу милдет. Адамдар чогулган жерлерде бир жыл жарыя кылат. Айына эки, үч, төрт ж.б. мүмкүнчүлүгүнө жараша. Ээси табылса, Аллахка мактоолор болсун.  Табылбаса ал аны өзүнүн малы сыяктуу колдоно берет.

   Эгер табылган буюм, анын колунда калуусу менен, зыян келтирип жатса – аны сатып, бирок белгилерин эстеп (сактап) калат. Кийин ээси келгенде акчасын кайтарып берет. Эгер сот же акимиат болсо, табылганы ошол жерге каттап койсо болот, ээси келгенде берип койгула деп. Же бир жылга чейин өзүндө сактаса болот, кийин эч ким келбесе, өзүнүн малы деп эсептелет, баасы болсун же малдын өзү болсун.

   Ал эми төө табылга катары эсептелбейт. Пайгамбар ﷺ айтты: ≼Анын өзүдө суусу бар жана (бутунда) такасы бар. Сууга барып ичип, бактан жалбырак жеп, кожоюнун жолукмайын өзү жүрө берет≽ (Муслим: 1722).
   Жоголгон төөнү алуу тыюу салынган. Бир гана жырткыч айбандар бар жерде калса, аны аман эсен жүрө турган чөлкөмгө айдап барып койсо болот. Бул ага сооп деп жазылат. Бирок, аны табылга катаруу көрүү уруксат эмес. Себеби Расулллах ﷺ: ≼Анын өзүдө суусу бар жана (бутунда) такасы бар. Сууга барып ичип, бактан жалбырак жеп, кожоюнун жолукмайын өзү жүрө берет≽,- деп андан тыйды.

https://binbaz.org.sa/fatwas/2764/حكم-لقطة-الغنم-والابل
]]>
Коомдук толкундоолор (фитна) учурунда мусулман кандай болуш керек? http://islamjolu.kg/3471-%d0%ba%d0%be%d0%be%d0%bc%d0%b4%d1%83%d0%ba-%d1%82%d0%be%d0%bb%d0%ba%d1%83%d0%bd%d0%b4%d0%be%d0%be%d0%bb%d0%be%d1%80-%d1%84%d0%b8%d1%82%d0%bd%d0%b0-%d1%83%d1%87%d1%83%d1%80%d1%83%d0%bd%d0%b4%d0%b0 Sat, 10 Oct 2020 03:21:57 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3471 Имам аль-Бухари «Сахих» жыйнагы: «Фитналар» бөлүмү

Фитна — баш аламдандык, толкундоолор, сыноо, азап ж.б.

Фитна тууралуу хадистер.

💥 Абу Хурайра (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

سَتَكُونُ فِتَنٌ، الْقَاعِدُ فِيهَا خَيْرٌ مِنَ الْقَائِمِ، وَالْقَائِمُ فِيهَا خَيْرٌ مِنَ الْمَاشِي، وَالْمَاشِي فِيهَا خَيْرٌ مِنَ السَّاعِي ، مَنْ تَشَرَّفَ لَهَا تَسْتَشْرِفْهُ، فَمَنْ وَجَدَ فِيهَا مَلْجَأً أَوْ مَعَاذًا فَلْيَعُذْ بِهِ

  «Фитналар болот. Ал кезде турганга караганда отурган жакшыраак болот, чуркаганга караганда баскан жакшыраак болот. Ага (фитналарга) башын баккан, кирип кетет. Ошондуктан ким андан жашына турган жер же баш паана таба алса, ошону пайдалансын» (Бухари: 7081),
б.а. канчалык фитнадан алыс болсо, ошончолук саламаттыкта калат.

⚡ Аз-Зубайр ибн ‘Ади риваят кылат: “(Убагында) биз Анас бин Маликке (радиаЛлаху анху) барып, ага аль-Хажжаждан көргөн кордуктарыбызды айтып даттандык эле, ал:

اصْبِرُوا ؛ فَإِنَّهُ لَا يَأْتِي عَلَيْكُمْ زَمَانٌ إِلَّا الَّذِي بَعْدَهُ شَرٌّ مِنْهُ حَتَّى تَلْقَوْا رَبَّكُمْ، سَمِعْتُهُ مِنْ نَبِيِّكُمْ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ.

 «Чыдагыла, силерге кандай заман келбесин, кийин сөзсүз андан да жаманыраагы келет жана бул силер тээ Раббиңерге жолукканга чейин (ошондой боло берет). Мен бул сөздөрдү Пайгамбарыңардан ﷺ  укканмын» — деди” (Бухари: 7068).
   аль-Хажжаж ибн Юсуф (714-жылы өлгөн) — Омеййад халифасы Абд аль-Малик ибн Марвандын (685-705) Ирактагы жана Хижаздагы башкаруучусу. Тарыхта өтө залым жана катаал эмир катары таанылган.

🗡 Абу Хурайра (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

لَا يُشِيرُ أَحَدُكُمْ عَلَى أَخِيهِ بِالسِّلَاحِ ؛ فَإِنَّهُ لَا يَدْرِي لَعَلَّ الشَّيْطَانَ يَنْزِعُ فِي يَدِهِ ، فَيَقَعُ فِي حُفْرَةٍ مِنَ النَّارِ

«Силерден эч ким өз бурадарына курал кезебесин, ал билбейт, балким шайтан анын колун буруп коёт, ошентип Тозоктун бир чуңкуруна түшүп калат» (Бухари: 7072),
б.а., шайтан анын колун бурадарына каршы багыттап, натыйжада ал аны өлтүрүп алып, тозокко түшөт.

📛 Ибн Масуд (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

سِبَابُ الْمُسْلِمِ فُسُوقٌ، وَقِتَالُهُ كُفْرٌ

   «Мусулманды сөгүү – күнөө (фасуук), ал эми ага каршы согушуу – каапырчылык (куфр)» (Бухари: 7076).

⚔ Абу Бакрата (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

إِذَا تَوَاجَهَ الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا، فَكِلَاهُمَا مِنْ أَهْلِ النَّارِ  قِيلَ فَهَذَا الْقَاتِلُ، فَمَا بَالُ الْمَقْتُولِ ؟ قَالَ : » إِنَّهُ أَرَادَ قَتْلَ صَاحِبِهِ

   «Эки мусулман кылычтары менен кездешсе, (өлтүргөн да өлгөн да), экөө тең тозокко түшүшөт». Сурашты: “Өлтүргөн киши (кылмышы үчүн), ал эми өлгөнүчү, ал эмне кылды?”. Айтты:«Ал да тигини өлтүрөюн деген (ниети үчүн)» (Бухари: 7083).

حُذَيْفَةَ بْنَ الْيَمَانِ يَقُولُ : كَانَ النَّاسُ يَسْأَلُونَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنِ الْخَيْرِ، وَكُنْتُ أَسْأَلُهُ عَنِ الشَّرِّ مَخَافَةَ أَنْ يُدْرِكَنِي، فَقُلْتُ : يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنَّا كُنَّا فِي جَاهِلِيَّةٍ وَشَرٍّ، فَجَاءَنَا اللَّهُ بِهَذَا الْخَيْرِ، فَهَلْ بَعْدَ هَذَا الْخَيْرِ مِنْ شَرٍّ ؟ قَالَ : » نَعَمْ «. قُلْتُ : وَهَلْ بَعْدَ ذَلِكَ الشَّرِّ مِنْ خَيْرٍ ؟ قَالَ : » نَعَمْ، وَفِيهِ دَخَنٌ «. قُلْتُ : وَمَا دَخَنُهُ ؟ قَالَ : » قَوْمٌ يَهْدُونَ بِغَيْرِ هَدْيِي، تَعْرِفُ مِنْهُمْ وَتُنْكِرُ «. قُلْتُ : فَهَلْ بَعْدَ ذَلِكَ الْخَيْرِ مِنْ شَرٍّ ؟ قَالَ : » نَعَمْ، دُعَاةٌ عَلَى أَبْوَابِ جَهَنَّمَ، مَنْ أَجَابَهُمْ إِلَيْهَا قَذَفُوهُ فِيهَا «. قُلْتُ : يَا رَسُولَ اللَّهِ، صِفْهُمْ لَنَا. قَالَ : » هُمْ مِنْ جِلْدَتِنَا ، وَيَتَكَلَّمُونَ بِأَلْسِنَتِنَا «. قُلْتُ : فَمَا تَأْمُرُنِي إِنْ أَدْرَكَنِي ذَلِكَ ؟ قَالَ : » تَلْزَمُ جَمَاعَةَ الْمُسْلِمِينَ وَإِمَامَهُمْ «. قُلْتُ : فَإِنْ لَمْ يَكُنْ لَهُمْ جَمَاعَةٌ وَلَا إِمَامٌ ؟ قَالَ : » فَاعْتَزِلْ تِلْكَ الْفِرَقَ كُلَّهَا، وَلَوْ أَنْ تَعَضَّ بِأَصْلِ شَجَرَةٍ حَتَّى يُدْرِكَكَ الْمَوْتُ وَأَنْتَ عَلَى ذَلِكَ «.

🔥 Хузейфа ибн Йаман айтты: Адамдар Аллахтын Элчисинен ﷺ жакшылык тууралуу сурашат эле, мен болсо жамандык тууралуу сурачумун, ошол нерсе мага жетип келбесе экен деп. Айттым: “О, Расулаллах, биз жахилияда элек, жамандыкта элек, бирок Аллах бизге ушул жакшылыкты алып келди. Эми, ушул жакшылыктан кийин жамандык болобу?”. (Пайгамбар ﷺ): «Ооба», — деди. “Ал жамандыктан кийинчи? Жакшылык болбу?”, — деп сурадым. Ал: «Ооба, бирок толук эмес», — деди. Мен: “Анын кемчилиги эмне?”, — десем, айтты: «Менин жолумду (хадйу) карманбаган коом. (Алардын иштеринин) кээ бирин жактырасыңар, кээ бирин жактырбайсыңар». Айттым: “Бул жакшылыктан кийин жамандык болобу?”. Айтты: «Ооба. Жаханнам эшиктеринин алдындагы чакыруучулар. Ким аларга жооп берсе, алар аны тозокко ыргытышат». Мен: “Алардын сыпаттарын бизге айтып бериңиз”, — дедим. Ал: «Өзүбүздүн эле катардагы, биздин тилдеги адамдар», — деди. “Ал нерсеге туш болсом, эмне кыл дейсиз?”, — десем, айтты: «Мусулмандардын жамаатын жана эл башчысын карман», — деди. “Алардын жамааты да, эл башчысы да жок болсочу?”, — десем: «Анда, ал тайпалардын бардыгынан алыс бол, керек болсо дарактын тамырын тиштеп алууга туура келсе да (ошендой кыл), качанга дейре сага өлүм келсе, сен ошол акыбалда бол», — деди (Бухари: 7084).
   “Менин жолумду карманбаган коом”, — деп Шариатка ылайык башкарбаган эл башчыларды айтып жатат.

🏔 Абу Саид аль-Худри (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

يُوشِكُ أَنْ يَكُونَ خَيْرَ مَالِ الْمُسْلِمِ غَنَمٌ، يَتْبَعُ بِهَا شَعَفَ الْجِبَالِ وَمَوَاقِعَ الْقَطْرِ ، يَفِرُّ بِدِينِهِ مِنَ الْفِتَنِ

   «Жакында, мусулмандын эң жакшы малы койлор болуп калат. Аларды алып тоолордун кырларында, жаан жааган жерлерде жүрүп калат. Динин сакташ үчүн фитналардан качып» (Бухари: 7088).

🎇 Ибн Умар (радиаЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

إِذَا أَنْزَلَ اللَّهُ بِقَوْمٍ عَذَابًا، أَصَابَ العَذَابُ مَنْ كَانَ فِيهِمْ، ثُمَّ بُعِثُوا عَلَى أَعْمَالِهِمْ

  «Аллах кайсы коомго жаза жиберсе, ал андагылардын баарын кыйратат, (бирок) кийин кылган иштерине жараша тирилтилет» (Бухари: 7108),
б.а. эгер коомдо күнөө иштер көбөюп, акыл-эстүү жана такыбалары андан адамдарды тыйышпаган болсо, азап келип бардыгын бирдей күм-жам кылат, бирок Акыр Кыяматта ар бири кылып жүргөн ишине жараша тирилтилет – жакшы адамдардын акыбети жакшы, жамандардыкы жаман болот.

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

]]>
Чоң Аалымдар Кеңеши, ЭПИДЕМИЯ таркалган учурда, ЖУМА жана ЖАМААТ намаздарына катышуу тууралуу фетва чыгарды http://islamjolu.kg/3465-%d1%87%d0%be%d2%a3-%d0%b0%d0%b0%d0%bb%d1%8b%d0%bc%d0%b4%d0%b0%d1%80-%d0%ba%d0%b5%d2%a3%d0%b5%d1%88%d0%b8-%d1%8d%d0%bf%d0%b8%d0%b4%d0%b5%d0%bc%d0%b8%d1%8f-%d1%82%d0%b0%d1%80%d0%ba%d0%b0%d0%bb%d0%b3 Tue, 07 Jul 2020 06:20:00 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3465 🇸🇦 КАБАР. Сауд Аравиясы.

Чоң Аалымдар Кеңеши, ЭПИДЕМИЯ таркалган учурда, ЖУМА жана ЖАМААТ намаздарына катышуу тууралуу фетва чыгарды
( قرار رقم 246 سنة1441هـ)

Бул фетвада Чоң Аалымдар Кеңеши айтат:

① Ооруган кишиге, Жума жана жамаат намаздарына келүү, тыюу салынат.

Пайгамбар ﷺ айтты: «Оорукчан төөлөрү бар киши, соо төөлөрү бар кишинин жанына малын алып келип, сугарбасын» 📔 (Бухари: 5771; Муслим: 2221).
Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгер силер бир жерде чума бар деп уксаңар, ал жакка кирбегиле. Ал эми ал силер жашаган жерде жайылса, анда, качып ал жерди таштап кетпегиле!📚 (Бухари: 3473; Муслим: 2218).

② Ким атайын органдар тарабынан санитардык изоляцияга киргизилген болсо, ал аны аткарууга милдеттүү жана Жума менен жамаат намаздарына катышпайт.

Ал киши намаздарын үйүндө же изоляция болгон жеринде окуйт.
Шарид ибн Сувейд ас-Сакафи (радияЛлаху анху) риваят кылат: «Сакиф уруусунан бир жамаат [ант бериш үчүн] келген эле, жана алардын ичинде ала [лепра] оорусуна чалдыккан бирөө бар экен. Пайгамбар ﷺ ага “Кайтып кете бер! Биз сенин антыңды кабыл кылдык”, — деп айттырып, киши жөнөтөт» 📚 (Муслим: 2231).

③ Ким зыян көрүүдөн чочуласа же өзү башкаларга зыян келтирүүдөн корксо, анда ага Жума жана жамаат намаздарына катышпай коюу уруксат.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Өзүңө да, башкаларга зыян бербе» 📔 (Ибн Мажа: 2340).

Бардык учурларда, ким Жумага катышпаса, төрт рекет пешим окуйт.

Ошону менен эле бирге, Чоң Аалымдар Кеңеши, ар бир адамга атайын органдар тарабынан коюлган инструкцияларга баш ийүүнү сунуштайт. Ошондой эле, Аллахтан коркууну жана Ага дуба менен кайрылып, ушул балээнин кетишин суроону сунуштайт.

🖊 Чоң аалымдар кеңешинин төрагасы:
Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх

📡 Булак: SaudiaTV расмий мамлекеттик телеканалалы.

https://t.me/islamjolu/3724

]]>
🦠 КОРОНА УЧУРУНДА МЕЧИТКЕ КЕЛҮҮ ТАРТИБИ http://islamjolu.kg/3453-%f0%9f%a6%a0-%d0%ba%d0%be%d1%80%d0%be%d0%bd%d0%b0-%d1%83%d1%87%d1%83%d1%80%d1%83%d0%bd%d0%b4%d0%b0-%d0%bc%d0%b5%d1%87%d0%b8%d1%82%d0%ba%d0%b5-%d0%ba%d0%b5%d0%bb%d2%af%d2%af-%d1%82%d0%b0%d1%80%d1%82 Sun, 14 Jun 2020 10:45:31 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3453 🇰🇬 КАБАР. Кыргызстан. Республикалык штабдын чечиминин негизинде 8-июндан тартып, өлкөнүн бардык региондорунда мечиттер кайтадан иштей баштайт.

Саламаттык Сактоо министрлиги койгон МИЛДЕТТҮҮ талаптар:

  • Маска;
  • Мечиттерге ооруп жаткандардын, кары-картаңдардын, жаш балдардын келбөөсү;
  • Мечиттин ичинде намаз окугандардын аралыгы 1,5 м. болуусу;
  • Намаз бүткөн соң кол алышып учурашпоо;
  • Намаз бүткөн соң тез аранын ичинде мечиттен чыгып кетүүгө аракет кылуу.

Милдеттүү эмес, бирок СУНУШТАЛГАН нерселер:

  • Дааратты үйдөн алып келүү;
  • Өзү менен жайнамаз ала келүү;
  • Сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;

📲 https://t.me/islamjolu/3695

📌 Жогорудагы кабарга ИсламЖолу сайтынын кыстырмасы (комментарии)

•┈•✿ ЖАКШЫЛЫК ИШТЕРДЕ БИЙЛИККЕ БАШ ИЙҮҮ ✿•┈•

❓ КР Саламаттык Сактоо Министрлиги, мечитке келген жарандарга, койгон талаптары туурабы?
❗ Бул талаптарды адилеттүүлүк жана түшүнүү менен окуп чыккан адам, алар негизинен Шариат эрежелерине каршы келбейт экенин көрөт. Ал эми Шариатка каршы келбеген иштерде бийлик башчыларына баш ийүү парз. Аллах айтты: “Эй, ыйман келтиргендер! Аллахка баш ийгиле, Пайгамбарга баш ийгиле жана өзүңөрдөн болгон бийлик башчыларыңарга” (4:59).
‼ Сауд Аравия мамлекетине окшогон, Шариат дин тарабынан бизден алда канча өнүккөн, чоң аалымдары бар өлкөлөр – жогорудай талаптарды алар да киргизишти. Бул нерсеге аалымдар макулдук беришип, тууралыгын тастыкташты.

•┈•✿ ЖАМААТ НАМАЗЫ — ПАРЗ ✿•┈•

❓ Мечиттер ачылган соң, коронавирус болгон учурда, жамаат намазына барбай койсо болобу?
❗ Карыялар, хронический оорусу барлар, иммунитет дарыларын ичип жаткан оорукчандар, вирус көп таркаган аймакта жашаган адамдар – булар жамаат намазына катышпай коюулары уруксат.
Ал эми калган эркектер үчүн — санитардык сактануу ыкмаларын колдонуу менен — жамаат намаздарына катышуу, мурдакыдай эле, парз болуп эсептелет.

•┈•✿ МАСКА МЕНЕН НАМАЗ ОКУУ ✿•┈•

❓ Маскачан намаз окуса болобу?
❗ Пайгамбарыбыз ﷺ намазда оозду бир нерсе менен ороп алууга тыюу салган. Бул хадисти имам аль-Альбани “хасан” деген.
Факихтер, адам оозун чүңкөп алып намаз окуусу, макрух экендигин белгилешкен. Шейх Ибн Баз, Шейх аль-Усаймин жана Шейх Фавзан ушул пикирде бир.
Бирок, ошентүүгө себеп же муктаждык болсо, макрух эмес – Шариаттагы “муктаждык болсо макурух жок” эрежесине ылайык. Демек, азыркы учурда оозду маска менен жаап намаз окуу – уруксат, эч макүрөө болбойт.

•┈•✿ САПТАГЫ БОШ ОРУНДАР ✿•┈•

❓ Жамаат намазын окууда, саптагы адамдардын арасында боштук калуусу туурабы?
❗ Жамаат намазы – бул чоң иш. Намазды жамаат менен окуу, согуш учурунда да парз бойдон кала берет. Солят аль-хоуф, “коркуу намазы” — бул намазда, кечигип келген киши, намазды жамаат менен окуу үчүн, имам менен бирге окуганда, намаздын сырткы көрүнүшүн өзгөртүп окуйт.
Көрдүңүзбү бир тууган, НАМАЗДЫН СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮН өзгөртүп окуу Шариатта келген. Эмне үчүн? Жамаатты сактап калуу үчүн.
Демек, жамаатты сакташ үчүн, САПТАРДЫН КӨРҮНҮШҮН өзгөртүп намаз окуу уруксат экендиги, андан анык. Жамаат намазда сапта аралыкты алыс кылып окуу, кажет болгондо, уруксат. Бидаат эмес.
⚠ Ал эми кажет кеткен соң, мурдакыдай жылчык калтырбай, тыгыз туруу зарыл.

•┈•✿ СҮННӨТҮ ҮЙДӨ ОКУУ СҮННӨТ ✿•┈•

❓ Сүннөт намаздарын үйдөн окуу болобу?
❗ Сүннөт намаздарды үйдөн окуу — унутулуп калган сүннөт. Аны тирилтүү керек.
Пайгамбар ﷺ айтты: «Парз намаздарды эсептебегенде, адам үчүн эң жакшы намаз — бул үйдө окулган намаз«. Сахабалар парз намазга чейинки жана андан кийинки, күнүнө окулчу 12 рекет сүннөт намаздарды (суннат раватиб) үйдөн окушчу, жана ушундай кылуу сооптуураак. Бир гана үйгө барууга мүмкүнчүлүк жок болсо же намаз өтүп кетет деген коркунуч болсо — албетте, аны мечиттен окуп койсо болот.
Эмне үчүн, кийинчерээк, адамдар сүннөттөрдү мечитте окуп калышты десе, айтышат: “адамдар жалкоолонуп, мечиттен парз окуп чыккан соң, сүннөттөрдү үйдөн окубай калганда – ошол мезгилдеги аалымдар, жоктон көрү жогору деп, сүннөт намаздарды мечиттерден окугула”, — деп коюшкан деп.
Албетте, ушул маселедеги негизге кайтып, сүннөт-раватиб намаздарды адам үйдөн окуп турса – сүннөттү тирилткен болот.

•┈•✿ КУЧАКТАШЫП КӨРҮШҮҮ КЕРЕКПИ ✿•┈•

❓ Саламдашуу учурунда кучакташып көрүшүү керекпи?
❗ Жок, бул шарт эмес. Кучакташып саламдашуу – сапардан келген же көпкө көрүшпөгөн кишилер менен жолукканда уруксат. Ал эми ар бир эле көрүшкөндө кучакташа берүү сүннөт эмес.

•┈•✿ ООРУП ЖАТКАНДАР МЕЧИТКЕ КЕЛБЕСИН ✿•┈•

❓ Ооруп жаткан, дене табы көтөрүлгөн адамдардын мечитке келбей коюусу дуруспу?
❗ Пайгамбар ﷺ пияз жеген киши – өзүнүн жыты менен адамдарга ыза бербеши үчүн – мечитке келбесин деген Демек, оорусун жуктуруп жиберүүгө мүмкүн болгон же оорусу бар деп шектелген адам, мечитке келүүсү андан да көбүрөөк тыйылган иш. О.э. Пайгамбар ﷺ айтты: “Өзүңө зыян бербе жана башкаларга зыян бербе”.

© ИсламЖолу

📲 https://t.me/islamjolu/3697

КРнын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында, мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР

1. Мечитке келген жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүү керек.

3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

5. Дааратканада аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.

6. Жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар жана дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

СУНУШТАР

1. Дааратты уйдөн алуу жана суннөт намаздарын уйдөн окуп келүү.

2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.

3. Жамаат намаздарын ачык абада, мечиттин короосунда өткөрүү.

4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Эскертуу! Жогорудагы талаптарды аткаруудан баш таркан адамдарга айып пул салынышы мүмкүн, жана бул үчүн мечит кызматкерлери жооп бербейт.

]]>
САДАКА ЖАРИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ? 🌱 http://islamjolu.kg/3421-%d1%81%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%ba%d0%b0-%d0%b6%d0%b0%d1%80%d0%b8%d1%8f-%d0%b4%d0%b5%d0%b3%d0%b5%d0%bd-%d1%8d%d0%bc%d0%bd%d0%b5-%f0%9f%8c%b1 Wed, 03 Jun 2020 01:44:06 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3421 ❓  СУРОО. Эр-Рияддан А.А. аттуу киши сурап жатат: “Өлгөндөн кийин маркумга пайда берүүчү жана Кыямат күнүнө чейин сообу ага жетип туруучу эмне бар?. Алар Шариат китептериби, суу [чыгаруубу] же жолбу? Үзгүлтүксүз кайрымдуулук (садака жария) деген эмне?”

❗  ЖООП. Шейх Ибн аль-‘Усеймин айтты:

    Суроо берүүчүнүн “Кыямат Күнүнө чейин” деген сөзү тууралуу айтып кете турган болсок, эч ким ал нерсеге кепилдик бере албайт. Кандай гана нерсе болбосун, ал Кыяматка чейин калабы же жокпу, инсан билбейт.

    Ал эми “Уланып туруучу кайрымдуулук” (Садака жария) деп — бул өлгөнгө чейин адам кылып таштап кеткен нерселер. М: мечиттерде жана медреселерде дайым колдончу бир нерсе жасап кетүү, китептер, жакырларга үй куруу ж.б.у.с.

    Булар маркум үчүн калат жана анын көзү өткөндөн кийин ага пайда алып келет. Себеби, Пайгамбар (саллаЛлаху алейхи ва саллам) айтты: «Адам өлгөндө, анын бардык амалдары үзүлөт, бул үчөөнөн башкасы: үзгүлтүксүз садака, пайда алып келип жаткан илим же ал үчүн дуа кылып туруучу солих перзент«.

    Ушул үчөөнүн эң жакшысы – пайдалуу илим. Себеби садакага калтырылган нерсе чирийт-жоголот, солих бала да бир күнү өлөт, ал эми илим калат.

   Мына, жүздөгөн жылдар мурун каза болгон аалымдардан ибарат ал. Алардын китептери бүгүнкү күндө адамдардын колунда. Ал китептерди окушуп, куду өзүлөрү сабак берип жатышкандай пайдаланып жатышат.

   Ошондуктан мен биздин жаштарды Шариат илимин алууга үндөп кетет элем. Ал илим себептүү өзүлөрү тирүүсүндө жана өлгөн соң пайда көрүшөт, жана мусулмандар да, ал тургай Ислам да ал илимден пайда көрөт.

   Шариат илимине эч нерсе тең боло албайт. Шариат илимдерин окуу Аллах жолунда жихадга караганда да жакшыраак. Себеби, үммөт бул илимге жашоонун бардык тармактарында муктаж. Ал эми, Жихад — Исламды коргоо, согуш багытында гана колдонулат. Кээде жихад жалпы жонунан пайдалуу болушу мүмкүн, бирок илимдей эмес.

   Имам Ахмад ибн Ханбал (Аллах ага ырайым кылсын): “Илим, эгер ниет туура болсо, ага эч нерсе тең келбейт!”, — деп айткан. Ахлюс-Сунна имамы, мухаддис, факих “Илимге эч нерсе тең келбейт”, — деп айтып жатат, карачы!

   Мен жаштарды, Куран жана Пайгамбардын ﷺ  сүннөтүнө негизделген Шариат илимин окууга үндөйт элем. Шариат илимин, өмүрлөрүн — маселелер менен далилдерди изилдеп жүрүп — өткөргөн, мурунку уламалардын сөздөрүнө негизделип алууларын үндөйт элем. Ооба.

Булак:  (Фатава Нур ъаля ад-Дарб: 353)

🔉  http://binothaimeen.net/content/12727

]]>
Нике (үйлөнүү) — бай болуу себеби http://islamjolu.kg/3418-%d0%bd%d0%b8%d0%ba%d0%b5-%d2%af%d0%b9%d0%bb%d3%a9%d0%bd%d2%af%d2%af-%d0%b1%d0%b0%d0%b9-%d0%b1%d0%be%d0%bb%d1%83%d1%83-%d1%81%d0%b5%d0%b1%d0%b5%d0%b1%d0%b8 Tue, 02 Jun 2020 13:19:08 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3418 Аллах Таала айтты:

((وَأَنكِحُوا۟ ٱلۡأَیَـٰمَىٰ مِنكُمۡ وَٱلصَّـٰلِحِینَ مِنۡ عِبَادِكُمۡ وَإِمَاۤىِٕكُمۡۚ إِن یَكُونُوا۟ فُقَرَاۤءَ یُغۡنِهِمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۗ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِیم))

«Өзүңөрдүн араңардан бойдокторду жана кул-күңдөрүңөр арасынан солихтерин үйлөндүргүлө. Эгер алар кедей болушса, Аллах Өз мээрими менен аларды байытат. Аллах Кенен, Билүүчү» 📖 (Куран, ан-Нур 24:32).

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

Абу Бакр бул аяттын маанисинде айтты:
«Силер Аллахтын “үйлөнгүлө” деген буйругун аткарсаңар, Ал силерге “байлык берем” деген убадасын аткарат» 📙 (Ибн Аби Хатим).

Ибн Масуд бул аяттын маанисинде айтты:
«Байлыкты үйлөнүүдөн, адал никеден издегиле» 📙 (ат-Табари). Мындай сөздөр Умардан да риваят кылынат.

Ибн Аббас бул аяттын маанисинде айтты:
«Аллах азат жана кулдарды үйлөнүүгө чакырып жатат, жана никеде байлык берээрин убада берип жатат» 📙 (Ибн Касир).

🌷 Пайгамбар ﷺ изарынан бөлөк эч нерсеси жок адамды дагы үйлөндүргөн. Керек болсо, махр катары бергени, анын темир шакеги да жок эле. Аны “аялыңа Куран үйрөтөсүң” деген махр менен үйлөндүрдү. Кийин, Аллах ага жана анын аялына жетиштүү болгондой ырыскы берип койду.

•┈┈┈┈•✿❁✿•┈┈┈┈•

Пайгамбар ﷺ айтты:

مَنِ اسْتَطَاعَ الْبَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ ؛ فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ ؛ فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ

«Ким үйлөнүүгө күчү жетсе – үйлөнсүн. Себеби, бул – көздөрдүн ылдый карашына жана жыныс мүчөлөрүн сактоого жардам берет. Ал эми ким үйлөнө албаса – орозо кармасын. Анткени орозо, ал үчүн бычып коюлгандай эле кеп» 📘 (Бухари: 1905).

Пайгамбар ﷺ айтты:

ثَلَاثَةٌ حَقٌّ عَلَى اللَّهِ عَوْنُهُمُ : الْمُجَاهِدُ فِي سَبِيلِ اللَّهِ، وَالْمُكَاتَبُ الَّذِي يُرِيدُ الْأَدَاءَ، وَالنَّاكِحُ الَّذِي يُرِيدُ الْعَفَافَ

«Үч кишиге Аллах сөзсүз жардам берет: Аллах жолундагы аскерге, өзүн өзү сатып алып бошонууга аракет кылган кулга жана жыныс мүчөсүн сакташ үчүн нике кылган кишиге» 📚 (Тирмизи: 1655; Насаи: 6/61. Шейх Альбани хадисти хасан деди).

══════ ❁✿❁ ══════

Аллах Таала айтты:

وَإِنْ خِفْتُمْ أَلاَّ تُقْسِطُواْ فِي الْيَتَامَى فَانكِحُواْ مَا طَابَ لَكُم مِّنَ النِّسَاء مَثْنَى وَثُلاَثَ وَرُبَاعَ فَإِنْ خِفْتُمْ أَلاَّ تَعْدِلُواْ فَوَاحِدَةً أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ ذَلِكَ
أَدْنَى أَلاَّ تَعُولُواْ
«…Өзүңөргө жаккан аялдардан экөөнү, үчөөнү жана төртөөнү никеңерге алгыла. Эгер адилеттик кыла албай калуудан корксоңор, анда бирөөсү менен же болбосо, кол астыңардагы күң аялдарыңар менен чектелгиле. Ушул — силер зулумдукка жол бербешиңер (алля таъулу) үчүн эң жакын амал» (Куран, ан-Ниса 4:3).

💭 Шейх Альбани айтты:
«Бул жерде алля таъулу деп кедейлик (ъийля)[1] айтылып жатат. Демек, көп аял алуу – бай болуунун жана кең жашоонун бир себеби. Башка бир аятта «Эгер алар кедей болушса, Аллах Өз мээрими менен аларды байытат», — деп келет эмеспи. Көрдүңбү, үйлөнүү – бул бай болуунун бир себеби, кедей болуунун себеби эмес. Аятта келген “алля таъулу” дегендин мааниси “Ушул силер кедей болуп калбашыңар үчүн эң жакын амал”.
Адамдардын арасында “Ар бир конок өз ырыскысы менен келет” деген жакшы макал бар эмеспи. Туурабы? Тоййиб. Ошондой эле аял дагы өз ырыскысы менен келет. Экинчи аял дагы өз ырыскысы менен келет.
Адамдар “бир аял алсам, эки аял алсам кедей болуп калам» деп корко беришет. Ал эми бул аятта аларга жооп бар. “Ушул силер кедей болуп калбашыңар үчүн эң жакын амал”»

🔉 Булак: Силсиля аль-Худа ван-Нур: 536/7.


[1] Аятта келген عال этишинин эки мааниси бар: зулумдук кылуу, кедей болуу.

📲 https://t.me/islamjolu/3687

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

]]>
Сауд Аравиясында мечиттер кайтадан ачылды http://islamjolu.kg/3412-%d1%81%d0%b0%d1%83%d0%b4-%d0%b0%d1%80%d0%b0%d0%b2%d0%b8%d1%8f%d1%81%d1%8b%d0%bd%d0%b4%d0%b0-%d0%bc%d0%b5%d1%87%d0%b8%d1%82%d1%82%d0%b5%d1%80-%d0%ba%d0%b0%d0%b9%d1%82%d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%bd-%d0%b0 Tue, 02 Jun 2020 12:53:01 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3412 🇸🇦 КАБАР. Сауд Аравиясы. (@islamjolu)

Пандемияга карата жабылган мечиттер кайтадан ачылууда, намаз окугандардын аралыгын 1м. сактоо шарты менен.

Уламалар белгилеп кеткендей, жамаат намазда сапта жылчык калтырбай туруу, парз болуп эсептелет. Бирок, адамдардын өмүрүнө кооптуу делген азыркыдай учурда, зарылчылык болгондуктан, бул парз жеңилдетилип каралат.

Мамлекеттин бардык аймактарында мечиттер жамаат жана жума намаздары үчүн иштей баштады. Бир гана Меккенин өзүндө, оорунун кооптуулугуна карата, мечиттер толук ачыла элек.

Мамлекет билдиргендей, карантин жана коменданттык саат кыскартылып отуруп, 21-июндан тартып өлкөдө бардык чектөөлөр жоюлуп, жашоо толук кандуу мурдагы режимине келет деп күтүлүүдө.

📲 https://t.me/islamjolu/3682

]]>
Таравих жана айт намаздары пандемия учурунда — Муфтий Абдулазиз Али Шейх http://islamjolu.kg/3404-%d1%82%d0%b0%d1%80%d0%b0%d0%b2%d0%b8%d1%85-%d0%b0%d0%b9%d1%82-%d2%af%d0%b9%d0%b4%d3%a9%d0%bd-%d0%be%d0%ba%d1%83%d1%83-%d0%b1%d0%be%d0%bb%d0%be%d0%b1%d1%83 Fri, 17 Apr 2020 09:37:00 +0000 http://islamjolu.kg/?p=3404 Эр-Рияд, 24-шаабан 1441-хижрий жылы, (17-апрель, 2020-ж). SPA

Сауд Аравиясынын Муфтийи, “Чоң аалымдар Уюмунун төрагасы” жана “Илимий изилдөө менен Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” башчысы Шейх Абдулазиз бин Абдулла бин Мухаммед Аль Шейх түшүндүргөндөй, Корона пандемиясынын таралышына каршы күрөшүү үчүн компетенттүү органдар тарабынан көрүлгөн чаралардын себебинен, мечиттерде Таравих жана айт намаздарын окуу мүмкүн эмес болгон учурда, бул эки намаз үйдө окулат.

Рамазан айында уланып жаткан пандемиянын кесепетинен, бул жылы Рамазазнга тиешелүү кээ бир ибадаттарды кандай аткаруу керектигине Муфтий жооп берди.

1⃣ — СУРОО. Таравих намазынын үйдө окуу болобу?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Ушул жылы Корона вирусунун жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн компетенттүү органдар тарабынан көрүлгөн чараларга ылайык, мечиттерде Таравих намазын окуу мүмкүн болбогондуктан, адамдар Таравихти өз үйлөрүндө окушат. Рамазан айынын куттуу түндөрүнүн сообуна ээ болуулары (өткөрүп жибербөөлөрү) үчүн жана Пайгамбар ﷺ Рамазанда түнкү намаздарды үйдө окугандыгы далил болгон үчүн. Анын үстүнө Таравих намазы мустахаб деп эсептелет, парз эмес.

2⃣ — СУРОО. Айт намазынын үйдө окуу болобу?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Эгер айтылып жаткан кырдаал уланып, айт намазды мечиттерде же ага ылайыкташтырылган жерлерде окуу мүмкүн эмес болсо – анда Айт намазы үйлөрдө окулат, бирок айттык хутба айтылбайт. Бул тууралуу “Фатва берүү боюнча Туруктуу Комитети” тарабынан фатва чыгарылган: «Айт намазын өткөрүп жиберген киши үчүн анын казасын окуп коюу – мустахаб иш. Бирок намаздан кийин хутба айтпай окуйт. Демек, имам жана жалпы мусулмандар менен окулган Айт намазды өткөрүп жиберген кишиге анын казасын окуу мустахаб болуп жатса, анда Айт намазы окулбаган мамлекеттеги адамдар үчүн, ошол намазды өзүлөрү окуп коюулары уруксат экени андан анык нерсе. Себеби ал нерседе бул улуу ибадатты мүмкүн болушунча тургузуу бар.  Аллах Таала айтты: ((Аллахка күчүңөр жетишинче такыбачылык кылгыла)), жана Пайгамбар ﷺ айтты: ((Эгер силерге бир нерсе кылууну буйрук кылсам, аны мүмкүн болушунча жасагыла))».

3⃣ — СУРОО. [Быйыл] Айт намазы, Меккедеги Харам жана Мединадагы Набавий мечитинен башка шаарларда окулбай калышы мүмкүн.

Фитр садакасынын акыркы мөөнөтү – Орозо айт намазы бүткүчө эмеспи. Эми айт окулбаса, башка шаарлар үчүн, Фитир зекетин берүүнүн акыркы убактысы качан?

4⃣ — СУРОО. Орозо Айт такбири орозонун акыркы күнү кечинде, күн баткандан тартып, [тээ Айт намазы бүткүчө] айтылат эмеспи. Эми, айт окулбай калса, Орозо айт такбирлерин айтуунун акыркы убактысы качан?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Айт намазы өткөрүлбөгөн жерлерде, Фитр садакасын – күн чыккандан тартып, тээ Айт намазын окууга уруксат болгон убакыттын акырына чейин берсе болот [б.а. пешимге чейинки духа убактысы бою]. Айт такбирлеринин акыркы мөөнөтү да ошондой эле.

Булак: https://www.spa.gov.sa/2075735

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

]]>