Танкы намазга тарткан 6 учур

  1. Ибадатка  түрткү болгон  булактарга көнүл буруу

Намаз тууралуу,  анын пайда-сообу,  намазды калтыруунун  жазасы тууралуу Куран, хадисте  айтылган  өкүмдөрдү, аалымдардын, такыбалардын акыл-кеңештерин  окуу, угуу  пайда жеткирет.

  1. Күнөө иштердин  ибаадатка зыяны чоң…  

Эгер  окуган  намаздарыңыз  күнөөдөн кайтарбай жатса, анда  ибадаттарыңызга  назар салыңыз.  Катасын издеңиз. Кудайдан  кечирим тилеп, күнөөгө  алып барбашын,  күнөөгө себеп болгон жагдайлардан куткаруусун  сураныңыз.  Ибадатты  ибадаттай аткарууга жардам сураңыз.  Күнөөдөн  бир гана Аллах  таза, аруу. Бирок, билесизби,  күнөө кылгандан кийин  ага кайтпоого   тообо  кылуучулардын  абалы тууралуу  Жараткандын кабарын.   Күнөөдөн сактануу, Кудай  буйруктарын аткаруу,  Кудайдын ыраазычылыгын табуу үчүн  жалынып сурануубуз жетиштүү.  Караңызчы, биз Аллахка кандай муктажпыз! Ошол муктаж  абалыбызды  унутпасак,  муктаж абалда  ибадат кылсак,  жакшылыкка жеткенибиз ошол.

  1. Кеч уктоонун  кесепети…

Кеч уктоо.  Бул адаттын кесепетинен  уйкудан калып, эртеңки иш аракетинде алсыз болуп, иштин жыйынтыгы ийгиликсиз  болуп жатканын  тана албайбыз. Бүгүн интернет, чөнтөк телефон  сыяктуу    факторлор  биздин түн уйкубузду алып,  уйкудан кийинки тынчтыгыбызды, барып  саламаттыгыбызга доо кетирип жатат.  Келиңиз, куптан намаздан кийинки абалга  көңүл салалык.  Түнкү убакыттын интернет  алдында отурууңуз сизге канчалык пайда берип жатат?  Ар ким ушул суроого  ой жүгүртсүн…

Пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам)  куптан намаздан кийин  зарыл болгон гана  ишке  буюруп,  мүмкүнчүлүктүн болушунча эс алууну  жана түнкү  намазга турууну  ажеп көргөн.  Бүгүн «генийдин көбү эки-үч саат гана укташкан…»  деген  генийликке үндөгөндөр  акылмандардын сабында турган Алла Элчисинин осуятына назар салып койгону оң болот.  Дарыгерлердин айтымында,  уйкуга  бөлүнгөн убактытта  эрте уктоо  ден-соолукка  пайда жеткирээрин, керек болсо пайгамбарыбыз айткан куптан намазынан  кийин  тез уктоого киришүүдө  организмден  саламаттыкты бекемдеген бактылуулуктун  гормону иштелип чыгарын айтышат  Ошондой эле,  уйкудан калууну адат кылуу иммунитеттин  төмөндөшүн камсыздайт.  Ал эми иммунитеттин төмөндөөсү дене-саламаттыгынын  алсыздануусуна, ооруларды бат кабыл алууга, оору менен күрөшүүнүн күчүн жоготот экен.

Эгер түнкү  жана  таңкы намазды калтырбай, Кудайга  жакын болом десеңиз  интернет, телефон менен  эрте коштошуп,  200гр жылуу сүт  ичип  даарат менен  уйкуга  барыңыз…

  1. Артка тарткан   беш мүнөт…

Дагы беш мүнөт…  беш эле мүнөт… деген  сөздөр  таанышпы?
Шыңгырактын үнү  чыгары менен  тура албасаңыз, белгиленген убакыттан  эрте убакытта коюңуз.  Беш мүнөт дегенди канча жолу айтасыз?  Ошого жараша  саатты алдыга  жылдырып коюнуз.  Бул эми айла жоктун иши. Ал эми  намазды калтыруунун  коркунучу  сизди жылуу төшөктөн  жайнамазга сергек  алып барышы керек.

  1.  Түнкү тамактануу терең уйкуну камсыздайт…    

Мен  мунун жаман көрөм, бирок ал мени жакшы  көрөт!  Изилдөөлөрдөн маалым болгондой,  тамакка тоюп уктоо,  тамактанбай  уктаганга караганда  терең уйкуга алып кетет экен.  Ошондуктан таңкы намазды каза кылбаш үчүн  түнкү тамактан тыйылыңыз.

  1.  Түнкү  намаз таңкы намаздан кайтарбасын…
    Түнкү  намаз  сүннөт. Эгер сиз тахажуд намазына туруп,  намаздан соң «бир  аз жата турайын»,- десеңиз  шайтандын  азгырыгы менен  таңкы намазды калтырып албаңыз.  Түнкү  намазга, такыбачылыкка болгон умтулууңузду парз  амалдарын да  калтырбаңыз.

? www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий