Намаз окуп, орозо кармап тозокко түшүп калуу мүмкүнбү?

Шейх Солих Ас-Сухайми (Аллах аны Өз коргоосуна алсын)

— 1366 — х.ж ( 1945 — жылы) Пайгамбарыбыздын ﷺ шаарында жарык дүйнөгө келген.

— Илим алган устаздары: шейх Ибн Баз, Шейх Аль-Албаний, Шейх Ахмад ан-Наджми ж.б

— Ислам Университетинин “Акыйда” факультетинин мурунку мүдүрү жана мугалими

— Азыр Пагамбарыбыздын ﷺ мечитинде мугалим

Өтө пайдалуу жана маанилүү суроо! «Аллахка жана Пайгамбарга ыйман келтирдик» — деп, бирок ошол эле учурда Аллах Таалага шерик кошкон көптөгөн адамдар бар. ۞ Алардын көпчүлүгү Аллахка шерик кошкон абалда ыйман келтиришет ۞ (Юсуф 106)

Оо карындашым! Кабырлардын жанында колдорун жайышып ал жерде жаткан өлүктөрдөн жардам сурашып, кайгы, кыйынчылыктардан куткарууну талап кылышып, ошол эле учурда намаз окушкан, орозо кармашкан, зекет беришкен, Куран окушкан адамдарды көрдүң беле? Ошондой адам мусулман боло алабы? Ыя!?

Аллах менен касам ичем — андай адам мусулман боло албайт! “Оо, баланча, мага жардам бер”, “Оо, баланча, мени куткар” — дегендерди көрдүң беле? Мейли ал тирүүлөрдөн болсун, өлүктөрдөн болсун. Ошол эле учурда ал намаз окуйт, орозо кармайт, башка сооп амалдарды аткарат жана “Ля Иляха Илля Аллах” келимени миңдеген ирет кайталайт. Силерге суроо, ошондой адам мусулман боло алабы? Аллах менен касам ичем — андай адам мусулман боло албайт!

Көп намаз окуп, орозо кармап, башка сооп амалдарды жасап, бирок өлүктөрдү Аллах Тааланын алдында ортомчу кылып, аларга курмандык чалышкан адамдарды көрдүңөр беле? Ушундай адам мусулманбы?!

Өзүн Исламга таандык кылып, бирок Аллах Тааланы, Анын элчисин жана Куранды шылдыңдагандарды көрдүңөр беле? Ушундай адам мусулман боло алабы? Аллах менен касам ичем — андай адам мусулман боло албайт!

3-4 саат намаз окуп, андан кийин бир мүрзөгө келип: “Оо, баланча, мага жардам бер! Оо, баланча, менин муктаждыктарымды чеч” — деген адамды элестеткиле. ۞ Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып, жибин чубап салган аялга окшобогула ۞ (Ан-нахл 92-аят)

Таухидке жеңил карап, ага тиешелүү түрдө көңүл бурбагандар — Таухидти түшүнүшбөптүр. Жана көпчүлүк мусулмандардын Таухид маселесиндеги абалын түшүнүшбөптүр!

Пайгамбарыбыз (алейхи-солаату уас-салаам) айткан: “Адамдар кайрадан Ал-Лат жана Аль-Уззага сыйынмайынча Кыямат Күнү болбойт”. Жана айтты (алейхис-солаату уас-салаам): “Менин үммөтүмдүн тирүү калгандары мушриктерге кошулуп, бутпарастарга сыйынып баштамайынча Кыямат болбойт.” Жана айтты: “Силерге чейинки коомдордун адатын сөзсүз түрдө карышма-карыш ээрчийсиңер. Жада калса кескелдирик уясына кирсе дагы силер аны ээрчип киресиңер”.

Аллах менен касам ичем туугандарым! Азыр эле Пайгамбарыбыздын мечитинде аялдардын: “Оо, Пайгамбар, мага жардам бер! Оо, Пайгамбар, мага таяныч бол”- деген кыйкырыктарын уктук. Бул ачык — айкын ширк! Мындай абалда өлгөн адамды Аллах кечирбейт! ۞ Алардын көпчүлүгү Аллахка шерик кошкон абалда ыйман келтиришет ۞ (Юсуф 106)

Мусулмандар бөлүнүп жарылуусунун бирден бир себеби — Таухидте алсыз болуп, аны ишке ашырбай, анын камын көрбөй жаткандыгында!

Ал эми кээбир түз жолдон адашкан агымдардын: “Талашсыз маселелерде кызматташа беребиз жана келишпеген маселелерде бири-бирибизди кечиребиз” — деген сөздөрү эч эле Исламдын принциптеринен эмес, балким ал массондордун сөздөрү. Эч эле Исламдын принциптеринен эмес!!! Эмне?!

Бири-бирибиздин ширк амалдарыбызга көз жумалыбы? Бир адамдын Аллахтан башкага дуа кылып жатканын көрүп унчукпай коелубу?! «Жок, келишпестиктерге барбайлы, сен туура эле кылып жатасың” — деп коюш керекпи?! Ушул туура болобу?! Аллах менен касам ичем, албетте бул туура эмес! Ушул пайдалуу суроону берген карындашыбызга Аллах ыраазы болсун. Жана ушул жоопту башка эже-карындаштарга жеткирүүсүнө үмүт этем.

 

© ИсламЖолу

Биздин контактылар:
www.islamjolu.kg
www.telegram.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
www.twitter.com/islamjolu
www.ok.ru/islamjolu
www.vk.com/islamjolu
www.my.mail.ru/community/islamjolu
www.instagram.com/islamjolu
+996-550-106363 (WhatsApp, Telegram)

Share

You may also like...

Добавить комментарий