ОРОЗОНУ ЭМНЕ БУЗАТ?

Орозону эмне бузат? :

• Атайылап бир нерсе жеш же ичиш
• Эрди катын жыныстык мамиле кылышы
• Атайын кусуу
• Аялдардын этек кири (хайз) келиши
• Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши
• Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа (мастурбация,)

Аллах Таала айтты:
“…Мына эми, аялдарыңар менен (түндө) кошула бергиле жана Аллах силерге жазган нерсени ниет кылгыла.
Жана тээ таң мезгили келип, ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин (б.а. түн бүтүп күндүн ак шооласы пайда болгонго чейин) жей бергиле, иче бергиле.
Андан соң (саарлыктан) кийин орозону түн киргиче толук уланткыла.”
(Куран, аль-Бакара 2:187)

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер бирөөңөр, орозо‬ экенин унутуп — ичип же жеп алса — орозосун уланта берсин (оозун ачып жибербесин). Аллах аны тойгузуптур» (аль-Бухари, Фатх: 1933)

Байкабай оозуна бирдеме алып, кийин эстеп кетсе — дароо анысын оозунан чыгарып таштасын. Эгер унутуп жутуп же ичип алса да эч нерсе эмес. Бул үчүн орозосу бузулуп калбайт, орозосу туура эле болот, кийин каза же кафарат төлөп бербейт.

Ким убактысы келди деп оозун ачып жиберсе же саарлык бүтө элек деп тамактанып жатса — кийин билип калса — дароо токтотсун – бул ката кечирилет, орозосу дурус, каза жок. Бирок билгенден кийин деле уланта берсе — бул күндүк орозосу бузулат.

Ким өзү каалабастан кузса — анын казасы жок (орозосу туура эле болот). Бирок атайылап кузса — бул күндүн орозосу бузулат, оозу ачылат, ошону менен эле бирге кечке чейин эч нерсе жебейт-ичпейт, бирок кийин ал күндүн казасын тутуп берет. (Имам Ахмаддан келген хадис)

Пайдаланылган адабият:
📚 Имам Аш-Шауканий «Дурар аль-Бахия»

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

6 комментариев

  1. Гулбар:

    Пикир:мен кеч тамактанбай ооз жаап алдым. уктап калганыма байланышту . орозом бузулбайбы?

  2. Кенжеайым:

    Мен дагы эч нерсе жебей эле ооз бекиттим. Кандай болот?

  3. Умар(Руслан):

    Болот деп айтылыптырго ойдо жакта

  4. Аскат:

    Эгерде 2 минут кеч жаап калса эмне болот?

  5. Мадина:

    Азан айткандан кийин ооз жапса боло береби?

Добавить комментарий для Гулбар Отменить ответ