Таравих намазы канча рекет окулат?

Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин رحمه الله  айтты:

Пайгамбар ﷺ түңкү намазды иш-аракети менен белгилүү санга чектеген, бирок ошону менен эле бирге элдерди – ал чектеген сандын үстүнө кошумча кошуудан – тыйган эмес.

Пайгамбар ﷺ түнкү намаз кандай болуш керектиги жөнүндө суралганда, “Түңкү намаз экиден экиден” (б.а. эки рекеттен окулат) деп жооп берип, бир санды айтып чектеген эмес. Ошондой эле, ал ﷺ айтты: “Ар кимдин өз күчүнө жараша”.

Бул нерсени (түнкү намаздын рекеттерин) так бир сан менен чектебесе, демек – ал иште кененчилик бар деп билсе болот.

Пайгамбар ﷺ түңкү намазды 11 же 13 рекеттен ашырчу эмес. Бирок аны өтө узартып окучу.

Хузейфа Ибн аль-Йаман айтат: Пайгамбар ﷺ түңкү намазда [биринчи рекетинде эле] Бакара, Ниса жана Алу Имран сүрөлөрүн аягына чейин окуган. Пайгамбар ﷺ менен бирге намазга Абдуллах Ибн Масуд турган эле, ошондо Пайгамбар ﷺ намазды ушунча созду, Ибн Масуд айткандай: “[мен чыдабай кеткендигимен] жаман ишти каалап жибердим”. Элдер айтышты: “Ал эмне иш?”. Айтты: “Кетип калайын дедим”.

Пайгамбар ﷺ түнкү намаздын рекеттерин ошол сандан ашырган эмес, себеби ал кыямды өтө узартчу. Пайгамбар ﷺ намазда – тамандары жарылып кеткенге чейин тураары – элдин көпчүлүгүнө белгилүү.

Бирок намазды ушундай кылып узун окуу – элдер үчүн – өтө кыйын болоор эле. Ошондо алар рекеттердин узундугун азайтып, санын көбөйтүүгө өтүшкөн. Ушинтип намазды жеңилдетүү – тээ илгери, керек болсо Салаф Солихиндердин учурунда эле белгилүү болгон.

Ошондуктан биз айтабыз: Эгер инсан (таравих намазынын рекеттерин) Пайгамбар ﷺ окуган сан менен чектейм десе – албетте, бул жакшы. Андан да жакшыраагы – анын түнкү намазы Пайгамбардын ﷺ түнкү намазына – САНЫ жана СЫПАТЫ жагынан дал келүүсү.

Ал эми ага (рекеттин саны) кошулса мында эч кандай күнөө жок. Себеби Пайгамбар ﷺ (таравих намазынын рекетин) Рамазан айынын башында да, аягында да бир сан менен чектеген эмес.

Жообумду азыр жыйынтыктасам: демек, (таравих намазынын) он бир же он үч рекетине кошумча кошулса – андан эч жамандык жок. Ал Рамазандын башында болсун же аяк жагында.

📚 Булак : Нур ‘аля ад-дарб: 142-кассета

© ИсламЖолу :  Биз ар бир мечитте окуп жаткан бир туугандарыбызды чакырып кетебиз. Таравих намазын аягына чейин окуңуздар! Имам канча рекет окуса ошончо рекет окуңуздар.

https://t.me/islamjolu
www.facebook.com/islamjolu
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

4 комментария

  1. тилек:

    ден соолука байланыштуу орозо кармабай, бирок таравих намазын окуса болобу?

  2. Борош:

    Тарабих намазында ар бир салам бергенден кийин(2-рекетен) ниет жаныртыш керекби?

  3. Алмазыч:

    Таравих намазынын окулуу шарттарын толугураак айта кетсеңиз, мен жумушума байланыштуу бир күн жумушта бир күн мечитте окуйм. Бирок ѳз алдынча окуунун жол-жобосун билбейм