Орозого тиешелүү суроо жооптор (Фетва комитетинин жооптору)

Орозого тиешелүү суроо жооптор — 1

СУРОО №1. Рамазан айынын башында үч күн, ортосунда үч күн, аягында үч күн орозо тутуп койсо отуз күн туткандай болот деген чынбы?

ЖООП. Жок. Бул нерсе уруксат эмес. Бир дагы имам бул тууралуу айтпаган. Рамазандын ар бир күнүн орозо тутуш парз.

СУРОО №2. Айды көрмөюнчө орозо тутпагыла деген хадиске негизделип “мен өз көзүм менен айды көргөндө гана орозону баштайм” деп айтуу болобу?

ЖООП. Бардык адамдар өзүлөрү айды көрүп чыгышы шарт эмес. Эгер адилеттүү, чынчыл БИР мусулман адам жаңы айды көрсө жана аны башкаларга кабарласа – жалпы эл орозону баштоо милдет болот.

СУРОО №3. Эгер күн узун болуп, орозо себептүү ал кыйналып өлүп кетүү коркунучу турса – кантип Рамазанда орозо кармайт?

ЖООП. Эгер орозону аягына чейин чыгарууга күчү жетпей, ооруп калуудан же өлүмдөн өзү үчүн корксо – ачкачылыгын кетиргендей же зыян токтогудай өлчөмдө тамак-аш, суу ичсе болот. Ошону менен эле бирге күндүн калган бөлүгүн тамак же ичимдик ичүүдөн сактанат. Бирок бул ооз ачып салган күнүн кийин Рамазан бүткөн соң карыз кылып кармап берет.

СУРОО №4. Самолётто кетип бара жаткан адам күндү көрүп турат, бирок саатын караса жакынкы мамлекетте ооз ачуу убактысы келди? Бул киши оозун ачса болобу?

ЖООП. Эгер ал саатын караса жакынкы мамлекетте ооз ачуу убактысы келсе, бирок самолёттун бийик учкан себебинен ал күндү көрүп турса – ага ооз ачуу болбойт.

СУРОО №5. Бир адам намаз окуйт, бирок Рамазанда орозо тутпайт? Бул кишинин өкүмү кандай – ал каапыр болобу?

ЖООП. Эгер Рамазан орозосун парз экенин билип, бирок анын милдеттүүлүгүнө нааразы болсо, аны жактырбаса же парз эмес деп айтса – ал каапыр болот, динден чыгат. Бул нерседе бардык илим ээлери бирооздон пикирде (ижмааъ). Бирок эгер орозону жалкоолуктан тутпаса, ошону менен эле бирге парз экендигин мойнуна алса – бул киши каапыр болбойт, бирок Исламдын беш чон устунунун бирөөсүн аткарбай жаткандыгы үчүн чоң күнөө алат, тиги дүйнөдө азабы катуу болот.

Орозого тиешелүү суроо жооптор — 2

СУРОО №6. Аял киши Рамазанда айызды токтотчу атайын таблеткаларды колдонуусу мүмкүнбү?

ЖООП. Ооба, эгер бул нерседе ден-соолугуна зыян болбосо.

СУРОО №7. Жашы улгайып калган аял айыз өкүмдөрүн билбегендиктен көп жылдар бою Орозодо айыз себептүү кармабаган күндөрүнүн казаларын кийин тутчу эмес. Азыр ал эмне кылуусу керек?

ЖООП. Ал тооба кылсын. Себеби илим ээлеринен бул нерсени билип алуу ага милдет болчу. Ошону менен эле бирге казаларын толтуруп берүүсү керек. Туура деп эсептеген, көңүлү толгон бир санды алып ошончо күндүн казасын кафарат кылсын, б.а. бир күнүнө бир кишини жарым саъ курма, күрүч же ошого окшогон тамактар менен тоюндурсун.

СУРОО №8. Аялдын бир айлык цикли өз убактысында эле келип күн батканга чейин кан чыгып кетти. Бул нерсе орозону бузабы?

ЖООП. Эгер ооз жабык учурунда аялдын айызы келсе, жана бул айыз өз убагында (нормасы менен) келсе, кан кичине чыгып кайра токтоп калса деле – ооза ачылат жана бул күндү кийин карыз кылып тутуп берүүсү керек болот.

СУРОО №9. Төрөгөн аял кырк күн бүтө электе эле нифас каны токтосо – орозо кармай берсе болобу?

ЖООП. Ооба, эгер каны токтоп тазалык келген болсо орозо кармайт.

СУРОО №10. Тазалангандан сон сары нерселердин чыгышы орозого таасир береби?

ЖООП. Жок, каны токтоп тазалык келген соң чыккан сары нерселер орозого таасир бербейт.

Орозого тиешелүү суроо жооптор — 3

СУРОО №11. Эгер аял жыныс мүчөсүнө тампон киргизсе же дары салса – бул нерсе орозону бузабы?

ЖООП. Жок, орозосун бузбайт, гусулду да важиб кылдырбайт.

СУРОО №12. Анализ аркылуу канды тазалоо орозону бузабы?

ЖООП. Ооба, бузат.

СУРОО №13. Оору себептүү фидя төлөп, бирок кийин Аллах ага шыпаа насип кылган киши – ошол орозолорун кайра тутуп берүүсү керекпи?

ЖООП. Жок, өз убагында фидя бергени жетиштүү болот.

СУРОО №14. Сапарда орозо тутуу абзелби же оозун ачуубу?

ЖООП. Мусапыр сапарда оозун ачып жана 4 рекет намаздарын кыскартып койсо болот. Бул орозо тутуудан жана намазды толук окуудан жакшыраак.

СУРОО №15. Сапарда оозу ачык кишиге Рамазандын күндүзү аялы менен жакындык кылууга уруксатпы?

ЖООП. Ооба. Рамазандын күндүзү мусапыр адамга бир нерсе жеш, ичиш же аялына жакындык кылыш уруксат. Сапарда орозо кармабаса кийин анын казасын тутуп бериш милдет болот.

Орозого тиешелүү суроо жооптор — 4

СУРОО №16. Сапарда орозо кармоо болобу?

ЖООП. Сапарда ооз ачуу уруксат этилген. Бирок ким сапарда деле оозумду жабам десе – орозосу туура болот. Бир гана орозо себептүү ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болсо – анда оозун ачышка туура келет.

СУРОО №17. Ким жыл бою командировакаларда (сапарда) жүрсө ал Рамазанда орозо тутпай койсо болобу? Жана качан анын казасын толуктайт?

ЖООП. Шариатта сапар деп эсептелген аралыкка чыккан киши орозосун кармабай кою уруксат. Карыздарын болсо кийинки Рамазан келгиче тутуп берүүсү керек.

СУРОО №18. Айт күнү экенин билип туруп орозо тута берген адамдын өкүмү кандай?

ЖООП. Айт күнү орозо тутуу болбойт. Андай кылган киши тооба кылсын.

СУРОО №19. Рамазандын 14 жана 27 түндөрү Куран окууга, сабак өтүүгө арноо болобу? Бул түндөрдү майрамдасачы?

ЖООП. Куран жана сабак өтүүгө дал ушул түндөрдү өзгөчөлөөгө эч кандай далил билбейт экенбиз. Ал эми бул эки түндү майрам катары тосуу – динде анын негизи жок, тескерисинче бул бидаат туура эмес иш.

СУРОО №20. Рамазан түндөрү башка адамдардын үйлөрүндө Куран окуп берип акча алса болобу?

ЖООП. Болбойт. Бул – бидаат.

Сауд аравия мамлекетиндеги Фетва Берүү боюнча туруктуу комитеттинен алынган суроо жооптор.

https://www.facebook.com/islamjolu/

Share

You may also like...

Добавить комментарий