Рамазандан кийин …. ? Шейх Солих Аль-Фаузан (жума хутбасы)

Аллахка мактоолор болсун. Бизге динди толуктап берген, мээримин аягына чейин бүтүргөн жана Исламды бизге дин катары ыраазы болуп берген – Аллахка мактоолор болсун!

Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу зат жок экендигине күбөлүк берем. Ал өзүнүн Рубубиясында, Улухиясында жана Ысым-Сыпаттарында жалгыз!

Мухаммад – Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем. Ал – адамдардын ичинен адеп-аклагы эң толук, ибадаты эң көп жана шүгүр кылгандардын эң абзели эле.

(салават)

(амма баъд)

Кошумча:

Рамазанды ким кантип тосот? — Шейх Фаузан (видео) — жума кутбасы.

Рамазан айынан кийинки абал — Шейх Абдурразак аль-Бадр (видео).

1-хутба

Аллах бизди ибадат үчүн жаратты

О, адамдар! Аллах Таалага такыба болгула, берген жакшылыктарына шүгүр кылгыла. Силерге берген Ислам дини үчүн шүгүр кылгыла. Адамзатка берилген эң чоң жакшылык ушул.

Ислам дини – Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху  ‘алейхи ва саллям) баяндап кеткендей – беш түркүккө курулган: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед Анын элчиси экенине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазанда орозо тутуу жана алы жеткендерге Ажылык кылуу.

Биринчи түркүк – шахадат келимесине – келсек, мусулман аны өмүр бою карманышы лазым: күнүбү, түнүбү, бир дагы көз ирмем аны таштабашы керек. Ал ар дайым “Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу зат жок, Мухаммед Анын элчиси” деп күбөлүк берип жүрөт.

Бул келимени жүрөгү менен, тили менен жана дене мүчөлөрүнүн иш аракети менен тастыктайт.

Экинчи түркүк – намазга – келсек, мусулман аны күнүнө беш маал аткарат. Жума намазын – мусулман аптасына бир жолу аткарат.

Ал эми – зекет менен орозого – келсек, алар жылына бир жолу гана кайталанат.

Ал эми – ажылыкка – келсек, ал өмүрдө бир жолу болот. Кимдин күчү жетсе гана барат. Бир жолудан ашыгы – кошумча “нафиль” болуп эсептелет.

Мына, Исламдын түркүктөрү ушулар.

Мусулман дайым Аллахка сыйынууда, парз жана нафил ибадаттарды аткарууда болот. Аллах Таала пенделерди бир гана Өзүнө сыйынуулары үчүн жаратты. Аллах Таала Куранда айткандай: “Мен жин менен инсандарды Өзүмө ибадат кылуулары үчүн жараттым” (51:56).

Мусулман дайым Аллахка ибадат кылат. Аллах Таала айткандай: “Сага өлүм келгиче Раббиңе ибадат кыл” (15:99).

Ибадаттын – жүрөк менен, тил менен, дене менен, мал-мүлк менен аткарылган – көп түрү бар. Мусулман ибадатын өмүр бою улантат. Замандын бир убактысы өтүп кетсе — ибадатын токтотуп салбайт.

Рамазандан кийин деле мусулман Аллахка дайым сыйынууда болот

Мына, Рамазан айы да аяктады – аны биз сооп иштерди аткарып узаттык же бейкапарчылыкта узаттык. Бирок ибадат ошону менен эле бүтүп калган жок: мусулман Аллахка дайым сыйынууда болот.

Ким “ибадат рамазанда гана аткарылат” деп ойлосо – ал Рамазан аяктаар менен сыйынууну таштап, оюн-күлкүгө киришет, парздарды аткарууну таштап, күнөө кыла баштайт. Ким ушинтсе, чындыгында, ал Аллахка сыйынбаптыр. Ал Рамазан айына сыйыныптыр. Эгер чындап Аллахка сыйынуучу болсо – өмүр бою ибадатты таштабайт эле.

Салаф солихиндердин бирине суроо берилди: “Кээ бир адамдар Рамазанда аябай ибадат кылышат, бирок Рамазан аяктаган соң күнөө иштерге кайра кайтышат” деп. Ал жооп берди: “Рамазандан тышкары айда Аллахты тааныбаган коом – жаман коом!”.

Мусулман пенде үчүн Рамазан – сооп топтоо жана жакшы амал жасоонун сезону.

Адамдардын ичинен ушундай пенделер бар – өмүр бою сооп иштерди аткарууда болушат. Алардын Рамазанда ибадаттары көбөйбөйт. Себеби, ага чейин эле убактысынын баары ибадат менен өтөт эле. Рамазан учурунда жана андан сыртакары учурда.

Рамазандан кийинки алгачкы такыба муундун (ас-салаф ас-солих) акыбалы

Кошумча окуу:

Салафтар деген кимдер жана Салафиттер деген кимдер?

Салафтар Рамазан айын кантип тосушкан? — Шейх Ибн Баз

Кээ бир салаф солихиндер айтышты: “Рамазандын кириши менен ибадаттары көбөйБөгөн, Рамазандын чыгышы менен ибадаттары азайБаган адамдарды жолуктум”. Себеби алар ар дайым солих амалдарды аткарууда болушкан.

Алар ошону менен эле бирге амалдары кабыл болБой калбасын деп коркуп турушкан. Биз күнөөлөрүбүз үчүн азап жеп калбайлы деп корккондой, алар жакшы амалдары үчүн кабыл болбой калбаса экен деп коркушкан. Себеби Аллах айткан: “Чындыгында, Аллах такыбалардын гана амалдарын кабыл кылат” (5:27).

Ошондуктан кээ бир салафтар Рамазандын алдын алты айО, Аллах! Бизди Рамазанга чейин жеткизе көр” деп, Рамазандан кийин алты ай “О, Аллах! Рамазаныбызды кабыл кыла көр” деп суранышчу.

Дагы башка бир салафтар Орозо Айт күнү ойноп жаткандарды көрүп айтышты: “Эгер алардын Рамазаны кабыл болгон болсо – минтип шүгүр кылынбайт; эгер кабыл кылынБаган болсо – булар Аллахтан корккон коомго окшобойт”.

Мусулман дайым Раббисинен коркуп, Анын сообунан үмүт этип, Ага дайым итаат кылат. Убактысын ибадатсыз бекер өткөзүүдөн сак болот.

Өмүр чектелген.., эсеп-кысап оор.., жаза катуу… Мусулман Аллахтан коркуп, сообунан үмүт этип турушу керек. Аллахтан коркуп, күнөө иштерди таптакыр таштайт. Аллахтын сообунан үмүт этип, Аллахка жакындатчу сооп иштерди аткарат.

Мусулман пенде пайгамбарлар сыяктуу. Аллах пайгамбарлар тууралуу айтат: “Алар жакшылык иштерге тез киришүүчү пенделер эле. Үмүт жана коркуу менен ибадат кылышчу. Жана Бизге карата кичипейил болушкан” (21:90).

Эгер пенде Рамазандан кийин кайта эле күнөөлөргө кирсе – Аллах анын Рамазандагы ибадатын кабыл кылбайт.

Мусулман – ар дайым Аллахтын кулу болуп эсептелет. Кээ бир убактарда гана кулчулук кылып койБойт.

Эгер пенде Рамазандан кийин кайта эле күнөөлөргө кирсе – Аллах анын Рамазандагы ибадатын кабыл кылбайт. Себеби “убактылуу тооба” – Аллахтын алдында кабыл эмес. Тообанын шарттарынын бирөөсү – күнөөдөн таптакыр кайтууга чын ниет кылуу.

О, пенделер! Аллахка такыба болгула! Исламдын жакшылыктарына шүгүр келтиргиле! Күндүзү орозо тутуп, түндөсү намаз окууга толук мүмкүнчүлүк берген Аллахка шүгүр кылгыла! Жакшы иштериңерди кабыл кылуусун сурагыла! Ката-кемчиликтериңерге истигфар кылгыла! Коркуу жана үмүт этүү менен дуа кылгыла! Аллах менен ар убакыт бирге болгула!

Ким Аллах менен болсо – Аллах аны менен болот. Аллах айтты: “Чындыгында Аллах такыба жана мухсин пенделер менен бирге!” (16:128).

Ибадатыңарга бекем болгула, Аллах силерди жалгасын! Парздарды өз учурунда аткаргыла! Арам жана күнөө иштерден алыс болгула! Чындыгында силер амалдарыңар үчүн сураласыңар, сыйлык же жазаңарды алыш үчүн Кыямат Күнү тирилесиңер. Аллах айтат: “(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. Аллах Өзүнөн силерди эскертет. Аллах — пенделерге  Боорукер” (3:30).

(бааракаллаху лии ва лакум филь-Кураниль-Азыым…)

2-хутба

(хамд, шахада, салават)

(Амма баъд)

Рамазандагы ибадатың кабыл болдубу же жокпу – каяктан билесиң?

О, адамдар! Аллахка такыба болгула!

Кээ бир салафтар Рамадан айы аяктаган соң айтышчу: “Кимдин ибадаты кабыл болду, кимдики жок – билсем кана! О, ибадаты кабыл болгон – сени сүйүнчүлөйбүз! О, ибадаттан кур калган – сага көңүл айтабыз!”.

Биздин ибадатыбыз кабыл болдубу же жокпу – ким кепилдик бере алат?!

Пайгамбарларды сыпаттап Аллах Таала айтат: “Алар жакшылык иштерге тез киришүүчү пенделер эле. Үмүт жана коркуу менен ибадат кылышчу. Жана Бизге карата кичипейил болушкан.” (21:90)

Дагы айтты: “Раббилерине кайтаарын (ойлошуп) – садакаларын – жүрөктөрү титиреген абалда беришкен адамдар. Дал ушулар бири-бири менен жарышып жакшылык кылуучулар.” (23:60-61)

Момундардын энеси Айша (радияллооху анха) сурады: “Йа, Расуллаллах! Эмне үчүн булардын жүрөктөрү титирейт – алар зина кылып, уурдап жана арак ичип – Аллахтан корккон адамдарбы?”. Айтты: “О, Сыдыктын кызы! Жок, андай эмес. Бирок алар намаз окуп, садака берип, орозо кармап – анан ибадаттарыбыз кабыл болбой калБаса экен – деп корккон адамдар”.

Биз – күнөө кылып туруп – Аллахтын азабынан коркпойбуз. Ал эми алар – сооп иштерди кылып туруп – кабыл болбой калбаса экен деп Аллахтан коркушкан.

О, Аллахтын кулдары!

Сооп иштин кабыл болуусунун белгиси – андан кийин сооп иштин келиши.

Кошумча окуу

Рамазандан кийинки Шавваль айында алты күн орозо тутуу — бир жылдык орозонун сообуна барабар

Эгер сен Рамазан айың кабыл болуптурбу же жокпу – билгиң келсе – андан кийинки акыбалыңды кара: эгер Рамазанга чейинки болгон акыбалыңдан да жакшыраак болсоң, жакшы жакка өзгөрсөң – Аллахтын алдында кабыл болгонуҢду билгизет. Ал эми иш тескерисинче болсо – билгин, сен кабыл болгон жоксуң. Бирок, Аллахтын мээриминен үмүт үзбө. Аллахка тооба кыл. Аллахка кайт. Аллах пенденин тообасын кабыл кылат, күнөөлөрдү кечирет жана силер кылып жаткан амалдарды билип турат.

Эгер бир күнөө жасасаң – артынан сооп иш кыл. Пайгамбар (соллаЛлооху  ‘алейхи ва саллям) айтты “жаман иштин артынан жакшы иш кылып кой — ошол күнөөнү жууп кетет”. Ошондуктан эми болсо да сооптуу иштерди көп кыл.

Сооптуу иштердин эң жакшысы – парздарды аткаруу. Эң чоң парз – өз учурунда, жамаат менен окулган беш убакыт намаз. Аллах Таала айтты: “Күндүздүн эки тарабында жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку!  Чынында жакшылыктар жамандыктарды кетирет. Бул – эскерүүчүлөр үчүн эскертүү” (11:114).

О, пенделер! Аллахка такыба болгула! Билгиле, эң жакшы китеп – Аллахтын Китеби, эң жакшы жол – Мухаммед Пайгамбардын жолу, эң жаман иштер – диндеги жаңылык бидааттар. Жамаатты бекем тутунгула, чындыгында Аллахтын Колу жамаат менен! Ким бөлүнсө бөлүнүп барып Тозокко түшөт.

(Салават)

(Дуа)

Видеону телефонго көчүрүп алуу (MP4, 46.6 Мб)
MP3 аудио форматында жүктөп алуу (9.3 Мб)
Видеону YouTube каналынан көрүү

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube

Share

You may also like...

Добавить комментарий