? Үй иштерин кылуу аялга милдетпи? ?

Үй иштерин кылуу аялга милдетпи?

❓СУРОО. “Уй жумушун- анын ичинен тамак-аш даярдоо, кир жуу ж.б.у.с. жумуштарды аткаруу — аял учун милдеттүү эмес” деген сөз туурабы?

«Аялы күйөөсүнө кызмат көрсөтүүгө милдеттүү эмес, бирок кааласа сооп үчүн гана аткарат» деген сөз туурабы?

Эгер аялы уй иштерин аткаруудан баш тартса – аялга күнөө жазылабы?

 

 

ЖООП. Шейх СУЛАЙМАН АР-РУХАЙЛИ айтты:

Суроодо эскерилген нерселерди кээ бир аалымдар айтышкан. Бирок, алардын сөзүнөн да туурараак жооп бар.

Бул жерде эки маселеге көңул буралы.

1⃣ Биринчиден.

Аллах Таала айтты: Аялдарыңар менен үрп-адатка жараша жашагыла (4:19). Дагы айтты: Үрп-адатка жараша — аялдардын милдеттери болгондой эле, укуктары да бар (2:228).

ℹ Үрп-адат деп бул аятта – мусулмандардын арасында илгертен бери калыптанып калган, Аллах Тааланын шариатына каршы келбеген жакшы салттар айтылат.

Ошондуктан, күйөөсү менен шариятка каршы келбеген каада салттарды сактап жашоо – аял үчүн милдет. Мусулмандардын арасында илгертен салт болгон жакшы адаттардын бири – аялы күйөөсүнө кызмат кылуусу, күйөөсүнүн үйүндөгү кызматты толук аткаруусу. Бул салт азыр да бар.

Аялы күйөөсүнө кызмат кылбаса – кантип алар ынтымакта тура алышат, кантип алар жакшылыкта чогу жашай алышат?

Аллах айтты: Аялдар менен үрп-адатка жараша жашагыла; жана айтты: Үрп-адатка жараша — аялдардын милдеттери болгондой эле, укуктары да бар. Каада салтта күйөөгө кандай мамиле кылуу керек болсо, ошол нерселерди – Шариаттын чегинен чыкпай – аткаруу, аялга милдет экендигине бул аяттарда далил бар.

Жогоруда айтылгандай, аялы күйөөсүнө кызмат кылыш керектиги, тээ Пайгамбардын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) заманынан бери келе жаткан жакшы салт.

2⃣ Экинчиден.

Пайгамбар (солла Аллаху алейхи вас саллам) күйөөгө моюн сунууну аялдарга каттуу милдет кылды.

Ал айтты: Эгер мен Аллахтан башка бирөөгө сажда кылууга буйрук (уруксат) бергенимде – аялы күйөөсүнө сажда кылсын деп айтмакмын ? (Ибн Мажа: 1853; Шейх Альбани хадисти сахих деди). Себеби күйөөсүнүн аялында болгон акысы абдан чоң.

Эгер күйөөсү аялын жумшаса, ал моюн сунбаса, күйөөсү ал үчүн каарданса – ал аялга периштелер дагы каарданат. Күйөөсү аялынан кызмат талап кылса, аялы аны угуп, ага баш ийүүсү керек.
Шарий өкүм өңүтүнөн каралганда – бул маселе ушундай. Аалымдардын көпчүлүгү (жумхур) ушул сөздү айтышат жана бул туура пикир.

⚠ Бул маселеде аял үчүн – адаттан тышкаркы, бир эле өзгөчө жагдай болушу мүмкүн. Ал өзгөчө жагдай ушул – эгер ал аял, аялдары күйөөлөрүнө кызмат кылБаган чөйрөдөн чыккан болсо.

Мисалы, аял бир үй-бүлөдөн чыкса, ошол жердин салты боюнча андай үй-бүлөнүн аялдары күйөөлөрүнө кызмат кылышпаса – тегинин урматтуулугу үчүн же башка бир себептерден – бул учурда аял күйөөсүнө кызмат кылуусу милдет эмес жана бул адаттан тышкаркы жагдай деп эсептелет.

Дагы бир айта кетчү нерсе.

Адамдарга бир нерсе айтам деген киши – акыбалды карап, анан сүйлөсүн. Себеби, билгениңдин баарын эле айта берүү жарабайт. Сүйлөюн десең – адамдардын жашоосуна пайда берчү, үй-бүлөгө бактылуулук алып келчү нерсесин гана айт.

Үй-бүлөлүк бакыт – бул, өтө маанилүү нерсе.

Кантип күйөөсү менен аялы бактылуу жашайт, эгер алар илимдүү деп угуп жүргөн адам, “аялы күйөөсүнө кызмат кылбай деле койсо боло берет” деп  айтып жатса? Кантип алар бактылуу боло алмак эле? Эгер күйөөсү келип “тамак барбы” деп сураса, аялы ага “мен сага кызмат кылбай деле койсом болот экен, бул тууралуу мага устаз айтты” деп жооп кайтарып отурса?!

Шариат талап кылган эрди-катын ортосундагы сүйүү каякта? Кантип күйөөсү аялы менен жакшылыкта жашай алмак эле?! Бул нерсе шарияттын максаттарына каршы келет.

Ошондуктан, жакшылап түшүнүш керек, себеби билген нерселердин баарын эле жайа берген туура эмес, балким шарияттын максаттарын ишке ашырган гана сөздөрдү таркат.

Кээ бир адамдар өзүлөрүнүн илими же түшүнүгүнүн аздыгынан,  бир китепти окуп, андан бир өөн учураган маалымат көрсө – дароо элдерге жайып жиберет. Анысын да “аалымдар ушинтип айтыптыр” деп коет. Туура, кээ бир  аалымдар антип айтышкан. Бирок антип айтыштык адамдарга жакшылык жаратып бербейт.

 

Ошол үчүн бул жерде бир маселе бар, мен дайыма бир туугандарыма эскертип келем, эгер адам сүйлөгүсү келсе — үч нерсени эске алуу менен сүйлөсүн:

Биринчиден: Анын сөзү шариятка ылайык келеген акыйкат сөз болушу зарыл. Себеби кээ бир аалымдардын айткан сөздөрү шарияттагы далилдерге туура келбей калат.

Экинчиден: Ниет түз болуусу зарыл, сөз айтсаң тек Аллахтын Жүзү үчүн гана айтышың керек. Аялдардын сүймөнчүгүнө же адамдардын симпатиясына ээ болуу үчүн болбошу керек. Алар билбеген ажайып нерсе айтып, аларды таң калдыруу аркылуу аларга жагынам дебеш керек. Сөз айтсаң бир гана Аллах үчүн айт.

Үчүнчүдөн: Ар бир сөз өз оорду менен айтылуусу, туура натыйжаларды берүүсү, жакшылыкты таркатуусу жана жакшылыкка алып баруусу. Эгер сүйлөгөн сөздүн жакшылыгына караганда  жамандыгы көбүрөөк болсо, андай сөздү ташташ керек.

Андыктан жубайларга айтаарым, ортоңордогу достука, үй-бүлөдөгү  бактылуулука жана ынтымакка умтулгула.

Аллах менен касам ичем, үй-бүлөдө тынчтык болмоюнча жүрөктө тынчтык орнобойт. Ал эми Аллахтын китебине жана Пайгамбардын (алейхис солаату вас салаам) сүннөтү менен жашамайынча жүрөктө жана үй-бүлөдө тынчтык орной албайт.

 

Бул маселелер боюнча эки диссертация жазаганмын, экөө тең басып чыгарылган. Биринчиси “Үй-бүлөнүн бактылуулук себептери”, экинчиси “Жубайлардын акылары” деп аталат. Бул диссертациялар, Куран менен Пайгамбардын (алейхис солату вас салам) сүннөтүнөн алынган далилдерге негизделген ана алар жакшы пайдасын берсе экен деп тилеймин.

 

 

MP3 форматында көчүрүп алуу  (2 mb)

 

 

YouTube каналынан көрүү

 

 

Булак (оригинал)

 

? Автор тууралуу:
Сулайман ар-Рухайли – ислам шариатынын профессору, Мединадагы Эл аралык Ислам Университетинин мудариси. Азыркы учурда Мединадагы Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мечитинде сабак берген устаздардын бири.

________
© www.islamjolu.kg

Share

You may also like...

Добавить комментарий