Курман-Айт-2022 качан? Зуль-Хижжа айы качан башталат?

Зуль Хижжа айы быйыл 2022-ж. 30-июнь башталат (айдын көрүнүшүнө карата 1 күнгө айырмаланышы мүмкүн). Анын алгачкы он күнү жылдын эң ыйык күндөрүнөн деп эсептелет. Анда жасалган сооптор көп көп эсе эселенет.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Бул дүнүйөнүн эң абзел күндөрү — бул зуль хижжа айынын алгачкы он күнү» (Ал-Баззар, хасан)

Ибн ‘Аббастын сөздөрүнөн Аллахтын Элчисинин ﷺ мындай дегени кабарланат:

«Аллах үчүн зуль-хиджа айынын алгачкы он күнүндө жасалган солих амалдардан да сүйкүмдүүрөөк амалдар жок [жана (алар үчүн бериле турган сооптон) чоң сооп жок]». Андан: “Аллахтын жолундагы жихаддан дагыбы?», — деп суралган кезде, ал: «Эгер өмүрү менен мал-мүлкүн тобокелге салып, Аллах жолуна чыккан, жана булардын эч нерсесин кайтарып алып келбеген адамды санабасак, Аллахтын жолундагы жихаддан да», — деп жооп берди.

Ал-Бухари 2/162, Абу Дауд 2438, ат-Тирмизи 757. Ушу жерде ат-Тирмизинин риваяты келтирилген, ал эми кашаага алынган сөздөр имам ад-Дариминин 1/357 риваятында келген.

Түндөрдүн ичинен Рамазандын акыркы он түнү эң өзгөчө болгондой эле, күндөрдүн ичинен Зуль Хижжа’нын алгачкы он күнү эң өзгөчө!

Шейхул-Ислам Ибн Теймия мындай дейт:

“Зул-хижжанын он күнү Рамазандын он күнүнөн жакшыраак, ал эми Рамазан айынын он түнү зул-хижжа айынын он түнүнөн жакшыраак!”.  Кз.: “Мажму’ул-фатауа” 25/287.

⭕ Хафиз Ибн Касир мындай деген:

“Көптөгөн хадистер зул-хижжа айынын алгачкы он күнү жылдын башка күндөрүнүн бардыгынан жакшыраак экенине далалат кылат, жана алар Рамазандын акыркы он күнүнөн жакшыраак. Ал эми Рамазандын акыркы он түнү жылдын башка түндөрүнүн бардыгынан жакшыраак, анткени алар өзүнүн ичинде миң айдан да жакшыраак болгон Кадыр түнүн камтыйт”.  Кз.: «Тафсир Ибн Касир» 5/412.

Зуль-Хижжанын алгачкы 10 күнүндө кандай ибадат кылуу азбел:
— ажылык (ким бара алса)
— курмандык чалуу
— нафиль орозо тутуу (өзгөчө 9-числосунда Арафат күнү)
— садака берүү
— зикр такбирлерди көп айтуу
— ж.б. соопттуу иштер

Зуль-Хижжа айынын онунчу числосу — Курман Айт майрамы

Быйыл Курман Айт-2022
9-июль болмокчу (айдын чыгышына карата 1 күн айырмаланышы мүмкүн).

Демек, Курман Айт ж’а ага чейинки тогуз күн — жылдын эң сооптуу күндөрү! Аны кетирбей ибадат кылып калалы!

Сүннөт боюнча Курман Айттын алдын тогуз күн орозо кармоо -сооптуу иш. Өзгөчө Курман айттын алдындагы күн — Арафа күнү — орозо кармоо күнөөлөрдү кечирет.

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...

Добавить комментарий