Курман Айт такбири

Эки түрдүү такбирлер бар. Бирөө Зуль-Хижжа киргенден баштап айтыла баштайт. Экинчиси Арафат күнүнөн баштап айтыла баштайт. Аякташы: экөө тең Ташрик күндөрү бүткөн соң аяктайт.

Эки түрдүү такбир — сөздөрү окшош, болгону убактысында айырма. Бирөө Зуль-Хижжа менен башталат. Экинчиси Арафат менен.

Айт такбирдин сөздөрү:

الله أكبر
الله أكبر
لا إله إلا الله
الله أكبر
الله أكبر
ولله الحمد

«Аллааху Акбар, Аллааху Акбар! Лаа илааха илла-Ллааху! Аллааху акбар, Аллааху акбар, ва лиЛлаахи-л-хамд!»

(мааниси: «Аллах Улук, Аллах Улук! Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч ким жок! Аллах Улук, Аллах Улук, жана Аллахка мактоолор болсун!»).

М: экинчи түрдөгү такбир тууралуу хадис. Имам ал-Бухари өзүнүн «Сахих» жыйнагында: «Ибн ‘Умар ат-Ташрик күндөрү ар намаздан кийин да, төшөгүндө жатып да, чатырында болгон кезде да, адамдар менен болгон кезде да, бир жакка жөө барганда да такбир айтчу», — деп баяндаган (ал-Бухари 1/461).

🌙 Шейх Сулайман ар-Рухейли Зуль-Хижжанын жана Арафат күнүнүн ТАКБИРЛЕРИН кантип айтыш керек тууралуу

💬 Шейх Сулайман ар-Рухейли айтты:

Зуль-Хижжа айынын такбирлери (такбир мутляк) Абу Хурайрадан жана Ибн Умардан келет. Анын убактысы Зуль-Хижжанын он күндүгү башталуусу менен башталат жана он үчүнчү Зуль-Хижжанын күн батуусуна чейин уланат. Мусулман бул учурдун бардыгында такбирлерди айтат, анын ичиде намаздардан кийинки зикрлерди айтып бүткөн соң такбир айтуу кирет.

Ал эми Айт такбирлери (такбир мукоййяд) Алиден (радияллаху анху) келет. Убактысы: Арафат күнүнүн багымдатынан тартып он үчүнчү Зуль-Хижжанын аср намазына чейин уланат. Намаздан кийинки истигфардан кийин дароо айтылат.

Такбир мутляк жана Такбир мукоййяд Арафат күнүнүн багымдатынан тартып он үчүнчү Зуль-Хижжанын асрына чейин биригип калат. Мукоййяд: намаздан кийин дароо айтылат, ал эми мутляк бардык учурларда айтыла берет, анын ичинде намаздын зикрлеринен кийин.

Такбирди мусулман кандай сөздөр менен айтса да — максат ишке ашат. Абзели сахабалардан келген сөздөр менен айтуу: Аллооху Акбар, Аллооху Акбар, Ля иляяха иллАллооху, вАллооху Акбар, Аллооху Акбар, ва лилляяхиль-хамд! Биринчи такбирди үч ирээт кайталаш керек деп кабарларда айтылган.

🔖 Булак: Шейхтин расмий баракчасы
Твиттер https://twitter.com/solyman24 
Телеграм https://t.me/SuAlruhaily 

👤 Шейх Сулайман ар-Рухайли
– Шариат илимдеринин профессору
– Мединадагы Эл аралык Ислам Университетинин мудариси
– Азыркы учурда Мединадагы Пайгамбарыбыздын
(соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мечитинде
сабак берген устаздардын бири.

Арафат күнүнүн такбирлери кандай айтылат

 АРАФАТ КҮНҮНҮН БАГЫМДАТЫНАН БАШТАП, КУРМАН АЙТ ЖАНА АНДАН КИЙИН 3 КҮН УДАА АЙТ ТАКБИРЛЕРИ АЙТЫЛАТ.

Такбирдин сөздөрү:

«Аллааху Акбар, Аллааху Акбар! Лаа илааха илла-Ллааху! Валлааху акбар, Аллааху акбар, уа лиЛлаахи-л-хамд!»

§ МАЙРАМДЫК ТАКБИРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ БИР НЕЧЕ МАСЕЛЕ:

Такбир — «Аллах улук!» деп Аллахты улуктоо зикри.

 Майрамдык такбирдин убактысы 5 күн айтылат: Арафат, Курман айт жана андан кийинки 3 күн. Бул тууралуу Али ибн Абу Талиб, Ибн Мас’уд жана Ибн ‘Аббас айтышты: «Арафа күнү таң (фажр) намазынан кийин башталат да, ат-ташриктин үчүнчү күнүндөгү Аср намазына чейинки убакытты (кошо) камтыйт» (Ибн Абу Шайба 1/12, ал-Байхаки 3/314, ал-Хаким 1/300)

Жана сахабалардан бирөө ушу маселе боюнча башкача айтканы белгисиз. Имам Ахмадка «Сиз эмненин негизинде такбирлер Арафа күнүнүн таң намазынан башталып ат-ташриктин акыркы күнүнө чейин айтылат дейсиз?» деген суроо коюулганда, ал: «Умардан, ‘Алиден, Ибн ‘Аббас менен Ибн Мас’уддан (Аллах аларга ыраазы болсун) жеткен бир ооздуу келишимдин (ижма`) негизинде!», — деп жооп берген. Кз.: “ал-Мугни” 3/289, «ал-Мажму’» 5/35.

 Такбирлер бир гана намаздан кийин айтылабы?

Имам аш-Шаукани мындай деген: “Майрамдык такбирлер бир гана парз намаздарынан кийин айтылуусу менен чектелбейт. Тескерисинче, аларды кез келген убакытта айта берүү абзел!” Кз.: “ад-Дурарул-мудыя” 1/195.

Шейх Сыддык Хасан Хан мындай дейт: “Такбирлердин так бекитилген бир түрү да, такбир айтуу үчүн бекитилген так бир убакыты да, немесе алардын так бекитилген саны да жок. Тескерисинче, такбир айтууунун санын намаздардан кийин да, башка убакыттарда да көбөйтө берүүгө уруксат этилген! Ал эми биздин мезгилде адамдардын адатына айланган ар парз намазынан кийин үч жолудан, ал эми напил намазынан кийин бир жолудан такбир айтууга келсек – бул нерсеге сахабалардан эч кандай далил жок!” Кз.: “ар-Раудату-ннадия” 1/367.

Имам ал-Бухари өзүнүн «Сахих» жыйнагында: «Ибн ‘Умар ат-Ташрик күндөрү ар намаздан кийин да, төшөгүндө жатып да, чатырында болгон кезде да, адамдар менен болгон кезде да, бир жакка жөө барганда да такбир айтчу», — деп баяндаган. Ал-Бухари 1/461.

🌹 Аялдар майрамдык такбирлерди айтышабы?

Имам ал-Бухари мындай деп баяндайт: «Маймуна Курман айт күнүндө такбир айтчу. Ошондой эле аялдар да ат-Ташрик түндөрүндө эркектер менен бирге мечитте намаз окуп болуп, Абан ибн ‘Усман жана ‘Умар ибн ‘Абдул-‘Азиздин артынан такбир айтышчу». Ал-Бухари 2/463. Бирок аялдар бул такбирлерди катуу үн чыгарып айтпоолору зарыл.

💬 Майрамдык такбирлердин түрлөрү

Пайгамбардын ﷺ жеке өзүнөн жеткен такбир айтуунун так үлгүсүнө тиешелүү бирде-бир сахих кабар жок. Бирок такбир сөздөрү сахабалардан ишенимдүү (сахих) түрдө келген.

Ибн Мас’уддун мындай дегени риваятта бар:

الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله، والله أكبر الله أكبر ولله الحمد

«Аллааху Акбар, Аллааху Акбар! Лаа илааха илла-Ллааху! Валлааху акбар, Аллааху акбар, уа лиЛлаахи-л-хамд!» (мааниси: «Аллах Улук, Аллах Улук! Аллахтан башка сыйынууга ылайыктуу эч ким жок! Аллах Улук, Аллах Улук, жана Аллахка мактоолор болсун!»). (Ибн Абу Шайба 2/2. Шейх ал-Албани иснадынын сахихтигин ырастаган)

ж.б. такбирлер бар.

📝 📝📝📝📝📝

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий