Таухид деген эмне? — Шейх Солих аль-Фаузан

Шейх Солих аль-Фаузан “ТАУХИД ДЕГЕН ЭМНЕ?” тууралуу айтты:

? Таухид – бул философия (калям жана мантык) аалымдары айткан нерсе эмес.

Алар айтышат: “Таухид – бул жаратууда, ырыскы берүүдө, тирилтүүдө, өлтүрүүдө, башкарууда Аллахты жалгыз деп билүү”.

Бирок, бул нерсе – таухид рубубияга гана тиешелүү. Талап кылынган таухид бул эмес.

Себеби муну баардык макулуктар моюндарына алышат. Жада калса мушриктер (бутпарастар) да Аллахтын Жаратуучу, Ырыскы Берүүчү жана Башкаруучу экендигине ишенишет.

۞ Айт: «Силерге асман жана жерден КИМ ЫРЫСКЫ БЕРЕТ? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ЭЭСИ КИМ? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди КИМ БАШКАРАТ?». Алар дароо: «АЛЛАХ» ДЕП ЖООП БЕРИШЕТ . . . ۞ (Куран, Юнус 10:31)

Мушриктер “Аллах” деп жооп беришет, “ушул нерселердин бардыгын кылган – Аллах; бул иштерде Анын шериги жок” дешет.

Бирок, ошого карабай алар – мушритер. Аллахка сыйынууда мушрик болушкан.

Таухид Рубубияда – муваххид (Аллахты жалгыздоочу) болушкан, бирок Аллахка ибадат кылууда – мушрик (ширк кылуучу) болушкан: Аллах менен кошо башка нерселерге да сыйынышкан.


Мына, ушундай ширктен кайтарыш үчүн Аллах Таала элчилерди жиберген.


Элчилер келип элдерге “Аллахтын Жаратуучу, Ырыскы берүүчү экендигине ишенгиле” деп айтышкан эмес. Элдер бул нерсеге ансыз деле, пайгамбарлар талап кылбаса деле ишенишчү.

Элчилер адамдарга тек кана “Аллахка сыйынгыла жана Ага эч нерсени шерик кошпогула” (Куран, ан-Ниса 4:36) деп айтышчу. Мына, ушул нерсе менен Аллах элчилерди жиберген.

Чындыгында, талап кылынган таухид – мына ушул таухид.

Ал эми Таухид Рубубияга ишенүү менен эле чектелүү – эч пайда бербейт. Мушриктерге ал пайда берген жок. Мушриктер дагы Таухид Рубубийага ынанышкан. Бирок бул нерсе аларга пайда берген жок, качанга дейре алар Таухид Улухияга ишенмейинче: ибадатты жалгыз Аллахка арнап, Ага шерик кошпой калганча.

https://www.youtube.com/watch?v=fTx2WW3L_mM

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий