Намазды кантип коркуп окуй алам?

ХУШУ’ же ХУШУЪ (خشوع) — Аллахтын алдында өзүн пас алып, байкуш болуп, Аллахтан сестенүү, коркуу.

СУРОО.

Эгер Аллахты зикр кылганда же намаз окуганда момун мусулмандын жүрөгү бул нерседен эч корко албаса – эмне кылуу керек?

ЖООП.

Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:

Эгер Аллахты зикр кылууда же намазда жүрөк коркпосо, бул нерсе, жүрөк — оорулуу экендигинен белги берет.

Демек мындай ооруудан инсан кутуулусу керек:

1- Аллах Таалага көп-көп тообо кылуу, жакшы иштерди көбөйтүп Аллага бет алуу

2- Аллах Таалага дуа кылууну көбөйтүү.

3- Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн ниетти туура коюу.

4- Эгер шайтан пенденин ибадатына тоскоол кылгысы келсе – Аллах менен коргонуу (Аллахтан паана тилөө).

Эгер пенде Аллах анын жүрөгүн зикр үчүн жана асмандан түшкөн акыйкат (Шариат) үчүн жумшак кылып берүүсүн катуу үмүт кылса, Аллахтан ошону чын ыкласы менен суранса – Аллах Жакын (Корииб) жана Жооп берүүчү (Мужииб) – Ага кайрылгандын дуасына жооп берет жана сураган нерсесине жеткирет.

Жүрөктүн оңолуусу жана саламатта болуусунун эң чоң себептеринин кээ бирлери:

  • Куранды көп окуу, чынында бул – жүрөктөрдү жумшартып, ыйманга бекемдейт,
  • Өзгөчө, эгер Куранды ой жүгүртүү менен окуса,
  • Окуп жатып – Аллах Тааланын сөзүн окуп жатканын сезип турса,
  • Окуп жатып – андагы айтылган кабарларга ишенип, аларды тастыктап турса,
  • Окуп жатып – андагы айтылган буйруктарды аткарып, тыйган тыйуулардан тыйылса.

Буларды аткарган пенде көптөгөн жакшылыктарга жетет деп үмүт кылабыз.
? (Фатава Нур аля ад-Дарб: 2/24)

 

Ибн аль-Каййим (Ага Аллахтын рахматы болсун) айтты:

Жүрөктөргө шыпаа болууга Курандан өткөн дары жок

? (аль-Бадааиъ фи Ъулуум аль-Куран: 413)

 

©ИсламЖолу

Share

You may also like...