Жашоонун максаты эмнеде?

Бул жашоодогу негизги максат, кимде ким төмөнкү төрт маселени билип, түшүнсө анда ал жашоодогу максатын түшүнүптүр.

1- Аллах Таала, жин менен инсанды,жалгыз Анын өзүнө гана сыйынуулары үчүн жараткандыгын билүү. Аллах Таала айтат: » Мен жин менен инсанды ибаадат кылуулары үчүн гана жараттым«. ( Зарият сүрөөсү: 56)

2- Аллах Таала, адамдардын баарын, жалгыз Анын өзүнө ибаадат кылууга буйругандыгын, жана ал нерсе Аллахтын Адамдардагы акысы экендигин билүү. Аллах Таала айтат: » Раббың, Анын өзүнө гана ибаадат кылууңарга буйруду«. ( Исра сүрөөсү: 23)
Пайгамбарыбыз( صلى الله عليه وسلم) айтты: » Аллахтын пенделердеги акысы, Ага эч нерсени шерик кылбай, ибаадат кылуулары«. ( Сахих Бухарий- Муслим)

3-» Аллах Таала » Куран, Таурат, Инжиил сыяктуу китептердин баарын, пенделер жалгыз Анын өзүнө гана ибаадат кылуулары үчүн түшүргөндүгүн билүү. Аллах Таала айтат: « ( Куран) аяттары мыкты, буйруктары жана тыйган нерселери ачык айкын баяндалган, Даанышман Билүүчүдөн келген китеп. Жалгыз Аллахтын өзүнө гана ибаадат кылууңар үчүн«. ( Хууд сүрөөсү: 2/3)

4- Аллах Таала Пайгамбарларды, жалгыз Аллахтын өзүнө гана ибаадат кылууга чакыруу үчүн жибергендигин билүү. Аллах Таала айтат: » Биз сенден мурда кандай пайгамбар жиберген болсок, ага менден башка эч бир ибаадатка татыктуу зат жок, мага гана сыйынгыла, деп буйрук кылдык«. ( Анбия сүрөөсү :25) Башка аятта айтат: » Чынында биз, ар бир үммөткө, Аллахка сыйынып тоогуттан( Аллахтан башка сыйынулуучу нерселерден) алыс болууга (чакыруулары үчүн) пайгамбар жибердик«. ( Нахл сүрөөсү : 36)

Урматтуу мусулман бир тууган, Аллах Таалага ибаадат кылуу, биздин бул жашоодо болгон эң негизги максатыбыз, бул максатты унутуп, убактулуу дуйнөнүн азгырыктарына алданып калбайлы, баарыбыз Аллахтын кулдарыбыз, ар бирибиз Алаахтын алдына кайтабыз, жана анын жанында ар бир кылган амалыбыз үчүн жооп беребиз!

Аллах Таала баарыбызды жаралуудан болгон максатыбызга » ибаадатка» баштаган болсун!!

А.Ш.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...